ГУПТАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ГУПТАЛАР – to ГУПТАЛАР)
 
(Айырма жок)

10:24, 4 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -га соңку нускасы

ГУПТАЛАР – 4–6-кылымдарда Түндүк Индияны башкарган династия. Магадханын майда княздарынан чыккан. Чандрагупта I Викрамадитья башкарган жылдары (320–340-жылдар, ал өзүн император деп жарыялаган). Гупталар мамлекети түзүлө баштап, Самудрагупта м-н Чандрагупта II (380–414-жылдары бийлеген) бүткүл Түндүк Индияны баш ийдирген. Гупталар жеринин түндүк-батыш бөлүгү 6-кылымда эфталиттердин бийлигинде болуп, андан 528-жыл ченде кутулат. Эфталиттерге каршы согуштан (калыбы, ички кризистен да) алсыраган. Гупталар мамлекети 6-кылымда кулаган. Гупталардын тушунда экономика, искусство, адабият кыйла гүлдөгөн.