БАРИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БА&#769;РИЙ ''' (лат. Barium, гр. barys – оор), Ва – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' II тобундагы химиялык элемент. Катар номери 56, атомдук массасы 137,34, күмүш түстүү жумшак, ак металл, балкып эрүү t 710°С; кайноо t 1640°С. Бирикмелеринде 2 валенттүү. Табиятта массасы 130, 132, 134–138 болгон туруктуу жети изотобу бар. Аны швед окумуштуусу К. Шееле биринчи жолу (1774) Б. (ВаО) түрүндө тапкан. Металл түрүндөгү барийди англиялык химик Х. Дэви Ва(ОН)<sup>2</sup>ни электролиздөө менен алган (1808). Щелочтуу жер металлдарга кирет, химиялык касиети ''кальций, стронцийге'' окшош. Активдүү металл, абада тез кычкылданып, жука кабыкчаны пайда кылат. Суу менен реакцияга кирип Ва(ОН)<sub>2</sub>ге айланат; галогендер менен галогениддерди, күкүрт менен сульфидди ВаS, суутек менен гидридди ВаН<sub>2</sub> пайда кылат. Өнөр жайда ВаОну алюминий күкүмү менен калыбына келтирүүдөн металл түрүндөгү барий алынат: 4ВаО + 2Аl= 3Ba + BaO. Al<sub>2</sub>O<sub>3</sub>. Барий жана анын Mg, Al менен куймалары вакуум техникада, металлургияда, Pb менен куймасы типографиялык шрифттерди даярдоодо, пероксиди жибек жана өсүмдүк булаларын агартуу, сульфиди BaS тери жыдытуу үчүн колдонулат. Барий оксиди (ВаО) кычкылтек менен бирикмеси, сууда эрип, гидроксидин [Ва(ОН)<sub>2</sub>] пайда кылат. Ал кристаллгидрат Ва(ОН)<sub>2</sub>. 8Н<sub>2</sub>О түрүндө кездешет. Суудагы эритмеси күчтүү жегичтик касиетке ээ, абадан СО<sub>2</sub>ни сиӊирип алып, эрибей турган барий карбонатын (ВаСО<sub>3</sub>) пайда кылат. Ал айнек өнөр жайында жана эмаль, боёк алууда колдонулат. BaSO<sub>4</sub> – күкүрт кислотасынын барий тузу, түссүз кристалл, сууда эрибейт, табиятта барий минералы түрүндө кездешет. Ал – барий жана анын бирикмелерин алууда негизги сырьё; рентген нурун жакшы өткөргөндүктөн, ичеги-карынды рентгендик изилдөөдө колдонулат.
'''БА&#769;РИЙ ''' (лат. Barium, гр. barys – оор), Ва – ''элементтердин мезгилдик системасынын'' II тобундагы химиялык элемент. Катар номери 56, атомдук массасы 137,34, күмүш түстүү жумшак, ак металл, балкып эрүү t 710°С; кайноо t 1640°С. Бирикмелеринде 2 валенттүү. Табиятта массасы 130, 132, 134–138 болгон туруктуу жети изотобу бар. Аны швед окумуштуусу К. Шееле биринчи жолу (1774) барий кычкылы (ВаО) түрүндө тапкан. Металл түрүндөгү барийди англиялык химик Х. Дэви Ва(ОН)<sup>2</sup>ни электролиздөө менен алган (1808). Щелочтуу жер металлдарга кирет, химиялык касиети ''кальций, стронцийге'' окшош. Активдүү металл, абада тез кычкылданып, жука кабыкчаны пайда кылат. Суу менен реакцияга кирип Ва(ОН)<sub>2</sub>ге айланат; галогендер менен галогениддерди, күкүрт менен сульфидди ВаS, суутек менен гидридди ВаН<sub>2</sub> пайда кылат. Өнөр жайда ВаОну алюминий күкүмү менен калыбына келтирүүдөн металл түрүндөгү барий алынат: 4ВаО + 2Аl= 3Ba + BaO. Al<sub>2</sub>O<sub>3</sub>. Барий жана анын Mg, Al менен куймалары вакуум техникада, металлургияда, Pb менен куймасы типографиялык шрифттерди даярдоодо, пероксиди жибек жана өсүмдүк булаларын агартуу, сульфиди BaS тери жыдытуу үчүн колдонулат. Барий оксиди (ВаО) кычкылтек менен бирикмеси, сууда эрип, гидроксидин [Ва(ОН)<sub>2</sub>] пайда кылат. Ал кристаллгидрат Ва(ОН)<sub>2</sub>. 8Н<sub>2</sub>О түрүндө кездешет. Суудагы эритмеси күчтүү жегичтик касиетке ээ, абадан СО<sub>2</sub>ни сиӊирип алып, эрибей турган барий карбонатын (ВаСО<sub>3</sub>) пайда кылат. Ал айнек өнөр жайында жана эмаль, боёк алууда колдонулат. BaSO<sub>4</sub> – күкүрт кислотасынын барий тузу, түссүз кристалл, сууда эрибейт, табиятта барий минералы түрүндө кездешет. Ал – барий жана анын бирикмелерин алууда негизги сырьё; рентген нурун жакшы өткөргөндүктөн, ичеги-карынды рентгендик изилдөөдө колдонулат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:17, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -деги абалы

БА́РИЙ (лат. Barium, гр. barys – оор), Ва – элементтердин мезгилдик системасынын II тобундагы химиялык элемент. Катар номери 56, атомдук массасы 137,34, күмүш түстүү жумшак, ак металл, балкып эрүү t 710°С; кайноо t 1640°С. Бирикмелеринде 2 валенттүү. Табиятта массасы 130, 132, 134–138 болгон туруктуу жети изотобу бар. Аны швед окумуштуусу К. Шееле биринчи жолу (1774) барий кычкылы (ВаО) түрүндө тапкан. Металл түрүндөгү барийди англиялык химик Х. Дэви Ва(ОН)2ни электролиздөө менен алган (1808). Щелочтуу жер металлдарга кирет, химиялык касиети кальций, стронцийге окшош. Активдүү металл, абада тез кычкылданып, жука кабыкчаны пайда кылат. Суу менен реакцияга кирип Ва(ОН)2ге айланат; галогендер менен галогениддерди, күкүрт менен сульфидди ВаS, суутек менен гидридди ВаН2 пайда кылат. Өнөр жайда ВаОну алюминий күкүмү менен калыбына келтирүүдөн металл түрүндөгү барий алынат: 4ВаО + 2Аl= 3Ba + BaO. Al2O3. Барий жана анын Mg, Al менен куймалары вакуум техникада, металлургияда, Pb менен куймасы типографиялык шрифттерди даярдоодо, пероксиди жибек жана өсүмдүк булаларын агартуу, сульфиди BaS тери жыдытуу үчүн колдонулат. Барий оксиди (ВаО) кычкылтек менен бирикмеси, сууда эрип, гидроксидин [Ва(ОН)2] пайда кылат. Ал кристаллгидрат Ва(ОН)2. 8Н2О түрүндө кездешет. Суудагы эритмеси күчтүү жегичтик касиетке ээ, абадан СО2ни сиӊирип алып, эрибей турган барий карбонатын (ВаСО3) пайда кылат. Ал айнек өнөр жайында жана эмаль, боёк алууда колдонулат. BaSO4 – күкүрт кислотасынын барий тузу, түссүз кристалл, сууда эрибейт, табиятта барий минералы түрүндө кездешет. Ал – барий жана анын бирикмелерин алууда негизги сырьё; рентген нурун жакшы өткөргөндүктөн, ичеги-карынды рентгендик изилдөөдө колдонулат.