БОЛГАРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БОЛГА́РИЯ ''' (България), Б о л г а р Р е с п у б л и к а с ы (Республика България) – Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Балкан жарым аралынын чыгышында жайгашкан. Түндүгүнөн Румыния, батышынан Сербия, Черногория жана Македония, түштүгүнөн Грекия жана Түркия менен чектешет. Чыгышынан Кара деӊиз чулгайт. Аянты 111,0 миӊ ''км''2. Калкы 7,1 млн (2021). Борбору – София ш. Расмий тили – болгар тили. Адм. административ жактан 28 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – лев. Болгария – БУУнун, Европа Советинин, Эл аралык валюта фондунун ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү.

[[File:БОЛГАРИЯ52.png | thumb | none]]
[[File:БОЛГАРИЯ52.png | thumb | none]]

'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Болгария – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1991-жылы 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Элдик жыйналыш. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген Министрлер Совети. Саясий партиялары: Болгария социалисттик партиясы, Демократиялык күчтөр союзу. Эркиндик жана укуктар үчүн кыймыл ж. б.
'''Табияты.''' Түндүгүндө Дунайды бойлой созулуп жаткан ''Төмөнкү Дунай түздүгүнүн'' түштүк бөлүгү чыгышында Добруж платосуна өтөт. Түштүгүрөөк  бүт өлкөнү батыштан чыгышты карай Стара-Планина (Балкан) тоолору (бийиктиги 2376 ''м'', Ботев чокусу) ээлеп, түштүк капталдары узатасынан созулган кууш ойдуӊдарга (Казанлык, Карлова ж. б.) тик түшөт. Түштүгүрөөктө анча бийик эмес ''Средна-Гора'' жапыз тоосу (1604 ''м'', Богдан чокусу) жайгашкан. Өлкөнүн борбордук ж-а түштүк-чыгыш аймактарын Жогорку Фракия түздүгү ээлейт. Түштүк ж-а түштүк-батышта Балкан жарым аралындагы эӊ бийик ''Рила'' (Болгариянын эӊ бийик жери, 2925 ''м'', Мусала чокусу), ошондой эле Пирин (бийиктиги 2914 ''м'', Вихрен чокусу) жана Родопи (2191 ''м,'' Голям-Перелик чокусу) тоолору жатат. Кара деӊиз жээги көбүнчө жапыз, кумдуу пляждары кенен, айрым жерлери тик. Өлкөнүн эӊ четки түштүк-чыгышында Сакар тоо массиви (бийиктиги 856 ''м''), түндүгүндө Странжа (Истранжа) тоосунун түндүк тармактары жайгашкан. Карст процессинен пайда болгон көптөгөн үӊкүрлөр бар, алар Стара Планина, Родопидеги Райчова-Дупка, Магура, Леденика ж. б. үӊкүрлөр туристтик жайга айландырылган. Климаты түндүгүндө мелүүн континенттик, түштүгүндө жер ортолук деӊиздик. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүүү. Январдын орточо температурасы

==Мамлекеттик түзүлүшү ==

Болгария – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1991-жылы 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Элдик жыйналыш. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген Министрлер Совети. Саясий партиялары: Болгария социалисттик партиясы, Демократиялык күчтөр союзу. Эркиндик жана укуктар үчүн кыймыл ж. б.

==Табияты ==

Түндүгүндө Дунайды бойлой созулуп жаткан ''Төмөнкү Дунай түздүгүнүн'' түштүк бөлүгү чыгышында Добруж платосуна өтөт. Түштүгүрөөк  бүт өлкөнү батыштан чыгышты карай Стара-Планина (Балкан) тоолору (бийиктиги 2376 ''м'', Ботев чокусу) ээлеп, түштүк капталдары узатасынан созулган кууш ойдуӊдарга (Казанлык, Карлова ж. б.) тик түшөт. Түштүгүрөөктө анча бийик эмес ''Средна-Гора'' жапыз тоосу (1604 ''м'', Богдан чокусу) жайгашкан. Өлкөнүн борбордук ж-а түштүк-чыгыш аймактарын Жогорку Фракия түздүгү ээлейт. Түштүк ж-а түштүк-батышта Балкан жарым аралындагы эӊ бийик ''Рила'' (Болгариянын эӊ бийик жери, 2925 ''м'', Мусала чокусу), ошондой эле Пирин (бийиктиги 2914 ''м'', Вихрен чокусу) жана Родопи (2191 ''м,'' Голям-Перелик чокусу) тоолору жатат. Кара деӊиз жээги көбүнчө жапыз, кумдуу пляждары кенен, айрым жерлери тик. Өлкөнүн эӊ четки түштүк-чыгышында Сакар тоо массиви (бийиктиги 856 ''м''), түндүгүндө Странжа (Истранжа) тоосунун түндүк тармактары жайгашкан. Карст процессинен пайда болгон көптөгөн үӊкүрлөр бар, алар Стара Планина, Родопидеги Райчова-Дупка, Магура, Леденика ж. б. үӊкүрлөр туристтик жайга айландырылган. Климаты түндүгүндө мелүүн континенттик, түштүгүндө жер ортолук деӊиздик. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүүү. Январдын орточо температурасы

[[File:БОЛГАРИЯ53.png | thumb | Төмөнкү Дунай түздүгү.]]

[[File:БОЛГАРИЯ54.png | thumb | Кара деӊиз жак жээги.]]

түздүктөрдө –2°Сден 2,5°Сге, тоолордо –10°Сге чейин, июлдуку түздүктөрдө 19–25°С, тоолордо 5–12°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 450–550 ''мм'', тоолордо 850–1300 ''мм''ге чейин. Болгариянын дарыялары Кара жана Эгей деӊиздеринин алаптарына кирет. Алардын суу бөлгүчү – Стара-Планина, Странжа. Кара деӊиздин алабына кирген негизги дарыялар: ''Дунай'' (кеме каттаган жалгыз дарыя; анын куймалары: Искыр, Янтра, Вит), Камчия ж. б. Эгей деӊизине Болгариядагы эӊ суусу мол дарыя – Марица (куймалары: Тунжа, Арда), ошондой эле Места, Струма дарыялары таандык. Көлү аз; ири лиман көлдөрү: Бургас, Варнен. 500дөн ашык минералдык суу булактары бар, алардын базасында бальнеологиялык борборлор уюшулган. Аймагынын 30%ке жакынын (негизинен тоолор) токой ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) басымдуу; андан жогору ийне жалбырактуу токой (карагай, көк карагай, мырза карагай), 1700–1800 ''м''ден жогору тоо шалбаасы, түштүгүндө жана түштүк-чыгышында бадал өсүмдүктөрү өсөт. Болгарияда табияты коргоого алынган 49 аймагынын жалпы аянты 491 миӊ ''га;'' анын ичинен улуттук парктары: Рила, Борб. Балкан ж. б. ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине киргендери: Сребырна биосфера резерваты жана Пирин улуттук паркы.

'''Калкынын''' негизин болгарлар (83,9%) түзөт (2001-жылкы эл каттоо боюнча), ошондой эле түрк (9,4%), цыган (4,7%), македониялыктар, орустар, армяндар
ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Христиан (85%), мусулман (12% сүнөттөр) ж. б. диндерин тутат. Орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 67,4 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 68,4, аялдарыныкы –75,9 жаш.
Шаар калкы 70%. Ири шаарлары: София, Пловдив, Варна, Русе, Бургас, Стара-Загора,Плевен.
'''Тарыхы.''' Болгариянын аймагын адамдар палеолит доорунан бери мекендеген. Б. з. ч. 8–6-кылымдардагы грек тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда, бул жерлерге индевропалык уруулар (фракиялыктар) отурукташа баштаган. Б. з. 1-кылымына карата фракиялык жерлер ''Рим империясына'' каратылып, мында римдик Мезия жана Фракия провинциялары түзүлөт. Рим империясы кыйрагандан кийин 395-жылы эки провинция ''Византиянын'' курамына кирген. 6-кылымдын аягында Болгариянын аймагына славян уруулары отурукташа баштаган. 7-кылымдын 70-жылдарында ''Аспарух'' хан баштаган булгарлар (түрк уруулары) Азов деӊизинин жээги менен Түндүк Кавказдан жер которуп келип, 681-жылы Балкан тоолору менен Дунайдын төмөнкү агымында славян-булгар урууларынын мамлекетин – I Болгар падышалыгын негиздейт. Князь Бористин убагында (852–889) христиан дини мамлекеттик дин катарында кабыл алынат. Мамлекетти славяндаштыруу процесси күчөп, акырында булгарлар менен славяндардын этностук айырмачылыгы жоюлуп, болгарлар деген эл түзүлөт. 894-жылы ага-ини Кирилл жана Мефодий славян жазмасын түзүшөт. 9-кылымда Сердиканы, Адрианополду кошуп алуунун натыйжасында мамлекеттин чек арасы кеӊейет. 1014-жылы византиялык император Василий II Беласицанын алдында болгар аскерлерин талкалаган соӊ, 1018-жылы Болгария толук Византияга каратылат. 1185–87-жылдары элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Византиянын бийлиги кулатылып, 2-Болгар падышалыгы түзүлөт (1186–1396). Падыша Иван Асен IIнин тушунда (1218–41) бир топ жогорулап, Кара, Эгей, Адрия деӊиздеринин аралыгын ээлеп, Балкан жарым аралындагы күчтүү мамлекетке айланган. 13-кылымдын 2-жарымынан ич ара чыр-чатактардан улам Болгария мамлекети начарлай баштайт. Болгар падышалыгы алгач Батый ханга, 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башынан Ногой ордосуна салык төлөп турган. 14-кылымдын аягында бытыранды Болгария жерлерин ''Осмон империясы'' басып алып, болгарлар массалык түрдө мусулмандаштырылып, дээрлик 500 жыл бою башкарып турган. 19-кылымдын 2-жарымынан Болгарияда улуттук-боштондук үчүн кыймылдар күч алып, алар Болгарияга автономия берүүсүн талап кылышат. 1877–78-жылдары орус-түрк согушунда болгарлар Россия тарабында салгылашып, орус армиясынын жеӊип чыгышы жана Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарты боюнча өлкөнүн түндүгү өз алдынча Болгария княздыгы болуп түзүлүп, түштүгү – Чыгыш Румелия Түркиянын автономиялуу провинциясы бойдон калган. 1885-жылы Пловдивдеги түрктөргө каршы көтөрүлүштүн натыйжасында өлкөнүн аймагы бириктирилип, 1908-жылы Болгария өзүнүн толук көз каранды эместигин жарыялап, өз алдынча падышалык болуп жарыяланган.

==Калкынын ==

негизин болгарлар (83,9%) түзөт (2001-жылкы эл каттоо боюнча), ошондой эле түрк (9,4%), цыган (4,7%), македониялыктар, орустар, армяндар
ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Христиан (85%), мусулман (12% сүнөттөр) ж. б. диндерин тутат. Орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 67,4 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 68,4, аялдарыныкы –75,9 жаш.
Шаар калкы 70%. Ири шаарлары: София, Пловдив, Варна, Русе, Бургас, Стара-Загора,Плевен.

[[File:БОЛГАРИЯ55.png | thumb | Пловдив шаарынын жалпы көрүнүшү.]]

'''==Тарыхы =='''
Болгариянын аймагын адамдар палеолит доорунан бери мекендеген. Б. з. ч. 8–6-кылымдардагы грек тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда, бул жерлерге индевропалык уруулар (фракиялыктар) отурукташа баштаган. Б. з. 1-кылымына карата фракиялык жерлер ''Рим империясына'' каратылып, мында римдик Мезия жана Фракия провинциялары түзүлөт. Рим империясы кыйрагандан кийин 395-жылы эки провинция ''Византиянын'' курамына кирген. 6-кылымдын аягында Болгариянын аймагына славян уруулары отурукташа баштаган. 7-кылымдын 70-жылдарында ''Аспарух'' хан баштаган булгарлар (түрк уруулары) Азов деӊизинин жээги менен Түндүк Кавказдан жер которуп келип, 681-жылы Балкан тоолору менен Дунайдын төмөнкү агымында славян-булгар урууларынын мамлекетин – I Болгар падышалыгын негиздейт. Князь Бористин убагында (852–889) христиан дини мамлекеттик дин катарында кабыл алынат. Мамлекетти славяндаштыруу процесси күчөп, акырында булгарлар менен славяндардын этностук айырмачылыгы жоюлуп, болгарлар деген эл түзүлөт. 894-жылы ага-ини Кирилл жана Мефодий славян жазмасын түзүшөт. 9-кылымда Сердиканы, Адрианополду кошуп алуунун натыйжасында мамлекеттин чек арасы кеӊейет. 1014-жылы византиялык император Василий II Беласицанын алдында болгар аскерлерин талкалаган соӊ, 1018-жылы Болгария толук Византияга каратылат. 1185–87-жылдары элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Византиянын бийлиги кулатылып, 2-Болгар падышалыгы түзүлөт (1186–1396). Падыша Иван Асен IIнин тушунда (1218–41) бир топ жогорулап, Кара, Эгей, Адрия деӊиздеринин аралыгын ээлеп, Балкан жарым аралындагы күчтүү мамлекетке айланган. 13-кылымдын 2-жарымынан ич ара чыр-чатактардан улам Болгария мамлекети начарлай баштайт. Болгар падышалыгы алгач Батый ханга, 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башынан Ногой ордосуна салык төлөп турган. 14-кылымдын аягында бытыранды Болгария жерлерин ''Осмон империясы'' басып алып, болгарлар массалык түрдө мусулмандаштырылып, дээрлик 500 жыл бою башкарып турган. 19-кылымдын 2-жарымынан Болгарияда улуттук-боштондук үчүн кыймылдар күч алып, алар Болгарияга автономия берүүсүн талап кылышат. 1877–78-жылдары орус-түрк согушунда болгарлар Россия тарабында салгылашып, орус армиясынын жеӊип чыгышы жана Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарты боюнча өлкөнүн түндүгү өз алдынча Болгария княздыгы болуп түзүлүп, түштүгү – Чыгыш Румелия Түркиянын автономиялуу провинциясы бойдон калган. 1885-жылы Пловдивдеги түрктөргө каршы көтөрүлүштүн натыйжасында өлкөнүн аймагы бириктирилип, 1908-жылы Болгария өзүнүн толук көз каранды эместигин жарыялап, өз алдынча падышалык болуп жарыяланган.

[[File:БОЛГАРИЯ56.png | thumb | none]]
[[File:БОЛГАРИЯ56.png | thumb | none]]
1-Балкан согушунда (1912–13) Болгария Түркияга каршы Балкан союзун түзүүгө демилгечи болуп, анын айрым аймактарын өзүнө каратканы менен 2-Балкан согушунда (1913) мурдагы жерлеринен айрылган. Болгария 1-дүйнөлүк согушта Германия менен Австрия-Венгрия тарапта салгылашты. 2-дүйнөлүк согушта Болгария алгач бейтараптык саясат жүргүзүүгө аракеттенгендиги менен 1941-жылы Германия, Италия жана Япония ортосунда түзүлгөн Үчтүктөр Союзу пактысына кол коюп, фашисттик блокко кошулган. 1944-жылы 9-сентябрда Болгарияга Кызыл Армиянын аскерлери кирип, өлкөдө болуп өткөн мамлекеттик төӊкөрүштүн натыйжасында бийлик алмашат. 1946-жылы 15-сентябрда монархиялык башкаруу жоюлуп, Болгария Элдик Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланат. 1946–89-жылдарда Болгария социалисттик өнүгүү жолун тандаган мамлекеттердин катарында ''Экономикалык өз ара жардамдашуу советине'' (1949), ''Варшава келишимине''
(1955) жана БУУга (1955) мүчө болуп кабыл алынган. 1990-жылдын башында өлкөдө башталган саясий-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында коомдо жана мамлекетте лидерлик позицияны ээлеп келген БКП бийликтен кетип, президенттик башкаруу институту киргизилет (1-президент П. Младенов). 1991-жылдын июль айында жаңы конституция кабыл алынып, өлкө Болгария республикасы деп аталган. Болгария унитардык, демократиялык жана укуктук мамлекет деп жарыяланган. Өлкө пландуу экономикадан рынок экономикасына өткөн. 1990-жылдары Демократиялык күчтөрдүн биримдиги (1989) жана Болгария Социалисттик партиясы (1990) түзүлгөн. Мындан сырткары Укук жана эркиндик үчүн кыймыл, Болгария социал-демократиялык партиясы, ж.б. партиялар пайда болгон. 2005-жылдан өлкөнүн экономикасында олуттуу ийгиликтерге (ИДПнын көбөйүшү, мамлекеттик карыздын азайышы ж. б.) карабастан, өлкөдө коррупциялык жаңжалдар, энергетика тармагындагы көйгөйлөр (электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү) ж. б. массалык толкундоолор болуп турган. Мындай экономикалык акциялар бүткүл саясий системага каршы нааразычылыкка айланып, бир нече жолу өкмөттүн алмашылышы менен коштолгон. Өлкөнүн президенттери: 1990-жылдын апрель-июль айларында П. Младенов, 1990–97-жылдары Ж. Желев, 1997–2002-жылдары П. Стоянов, 2002–12-жылдары Г. Парванов, 2012–16-жылдары Р. Плевнелиев, 2016-жылдан Р. Радев. 2004-жылы Болгария НАТОго, 2007-жылы Евросоюзга кирген.

'''Экономикасы.''' Болгария – экономикасы орто өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 1990-жылы СССР менен болгон байланыш солгундагандан баштап өлкөдө тереӊ экономикалык кризис болгон. 1996-жылдын аягынан 1997-жылдын башынан экономикалык өнүгүү турукташа баштаган. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 61,6 млрд доллар (2004; АКШ, аны киши башына бөлүштүргөндө Европа кеӊешине кирген өлкөлөрдүн орточо дегээлинин 1/3инен аз). Ички дүӊ продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,4%, өнөр жайыныкы 30,1%, айыл чарбасыныкы 11,5%ти түзгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы: азык-түлүк, ичимдик жана тамеки өндүрүшү. Болгариянын отун-энергетикасында нефть продукциялары 24,3%, жаратылыш газы 14,8%, таш көмүр жана лигнит 38,1%, атом энергиясы 20,1%, гидроэнергия 2,7%ти түзөт. Энергия ресурстарынын (нефть, газ, таш көмүр, ядро отуну) 70%ин сырттан, негизинен Россиядан алат. Күрөӊ көмүр жана лигнитти казып алуу 38 млн (1987) тдан 26,5 млн тга (2004) чейин кыскарган. Ошондой эле нефть (жылына 26,5 миӊ т, 2004), жаратылыш газы (333 млн ''м''3, Кара деӊиздин шельфинен) казылып алынат. 2004-жылы 42,6 млрд ''кВт·с'' электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 52%ке жакыны ЖЭСке, 40% АЭСке туура келет. Ири ЖЭСтери: «Марица-Чыгыш-2» (кубаттуулугу 1450 ''МВ''т), Варна (1260 МВт) жылуулук электр борборлору; АЭСтери: Козлодуй (3700 МВт), «Белене» (курулууда; долбоор боюнча кубаттуулугу 2000 МВт); Рила-Родопи тоо массивиндеги ГЭС

==Экономикасы ==

Болгария – экономикасы орто өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 1990-жылы СССР менен болгон байланыш солгундагандан баштап өлкөдө тереӊ экономикалык кризис болгон. 1996-жылдын аягынан 1997-жылдын башынан экономикалык өнүгүү турукташа баштаган. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 61,6 млрд доллар (2004; АКШ, аны киши башына бөлүштүргөндө Европа кеӊешине кирген өлкөлөрдүн орточо дегээлинин 1/3инен аз). Ички дүӊ продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,4%, өнөр жайыныкы 30,1%, айыл чарбасыныкы 11,5%ти түзгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы: азык-түлүк, ичимдик жана тамеки өндүрүшү. Болгариянын отун-энергетикасында нефть продукциялары 24,3%, жаратылыш газы 14,8%, таш көмүр жана лигнит 38,1%, атом энергиясы 20,1%, гидроэнергия 2,7%ти түзөт. Энергия ресурстарынын (нефть, газ, таш көмүр, ядро отуну) 70%ин сырттан, негизинен Россиядан алат. Күрөӊ көмүр жана лигнитти казып алуу 38 млн (1987) тдан 26,5 млн тга (2004) чейин кыскарган. Ошондой эле нефть (жылына 26,5 миӊ т, 2004), жаратылыш газы (333 млн ''м''3, Кара деӊиздин шельфинен) казылып алынат. 2004-жылы 42,6 млрд ''кВт·с'' электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 52%ке жакыны ЖЭСке, 40% АЭСке туура келет. Ири ЖЭСтери: «Марица-Чыгыш-2» (кубаттуулугу 1450 ''МВ''т), Варна (1260 МВт) жылуулук электр борборлору; АЭСтери: Козлодуй (3700 МВт), «Белене» (курулууда; долбоор боюнча кубаттуулугу 2000 МВт); Рила-Родопи тоо массивиндеги ГЭС

[[File:БОЛГАРИЯ57.png | thumb | Доспат суу сактагычы.]]

каскадына, ошондой эле Белмекен-Чаир ГЭС–ГАЭС комплексине өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 8% туура келет. Машина куруу өнөр жайынан кеме куруу заводдору (Варна, Бургас, Русе), станок жана инструмент өнөр жай өндүрүштөрү, байланыш, радио-телевизор, ЭЭМ (София), электр-техника (Стара-Загора, Пловдив, Радомир), вагон куруу (Бургас), химия өнөр жайы үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалары (Хасково) иштейт (2005). Балкан жарым аралындагы эӊ ири «Лукойл-нефтхим» химиялык комбинаты (жылына 10 млн тга жакын чийки нефть иштетилет), синтетикалык каучук (Пазаржик), минералдык жер семирткичтер жана пестициддер (Димитровград, Стара-Загора, Плевен ж. б.) өнөр жайлары бар. Парфюмерия-косметика, фармацевтика өнөр жайларынын продукциялары экспорттолот. Жыгачты Россиядан (Коми Республикасынан) алат. Текстиль өнөр жайында жылына 70–90 млн ''м'' кездеме токулат; борборлору: София, Пловдив, Габрово, Сливен, Варна, Панагюриште. Жылына 60–70 миӊ т жашылча-жемиш консервасын, 57,9 миӊ т өсүмдүк майын, 153 миӊ т кант, 83,6 млн ''л'' шарап, 23,7 миӊ т тамеки өндүрүлөт (Благоевград, София, Стара-Загора, Пловдивде шарап, тамеки, жашылча-жемиш), консервалары ж. б. азык-түлүк товарлары даярдалат; көбү экспорттолот.
Болгарияда 1990-жылы агрардык реформа жүргүзүлүп, жеринин көп бөлүгү мурунку жер ээлерине кайтарылып, айыл чарбага жарактуу жери майдаланып, бөлүнүп кеткен. Натыйжада жер пайдаланууда олуттуу проблема түзүлгөн. Айыл чарбасы 2002-жылы 1990-жылга салыштырмалуу 12%ке төмөндөгөн. Жер ээлеринин өндүрүштүк кооперациялары, фермер чарбалары түзүлдү. Айыл чарбага жарактуу жери 5,3 млн ''га'', же өлкөнүн аянтынын 48%тейи; анын ичинен 3,2 млн ''га''сы иштетилет. Айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгү Дунай түздүгүндө жана Жогорку Фракия ойдуӊунда (50–70%) жайгашкан. Сугат жери 800 миӊ ''га''. Бак-дарак өстүрүү жана жүзүмчүлүк Стара-Планина жана Родопи тоолорунун этектеринде, ошондой эле Кюстендиль ойдуӊунда өнүккөн. Дан эгиндери (3,3 млн т буудай, 1,4 млн т жүгөрү, 1,0 млн т арпа), тоют өсүмдүктөрү (люцерна, жүгөрүнүн жашыл массасы), күн карама (700 миӊ т), тамеки, кант кызылча, пахта (түш. райондорунда) айдалат. Карлови, Казанлык ойдуӊдарында, Стара-Планинанын түштүк капталдарында эфир-май берүүчү өсүмдүктөрү (роза, жалбыз, лаванда) өстүрүлөт. Роза майын өндүрүп экспорттоо боюнча Болгария дүйнөдө алдыӊкы орунда (2004, 1000 ''кг''га жакын же дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3). Огородчулук өнүккөн. Картошка, помидор, калемпир, бадыраӊ, капуста, пияз, дарбыз өстїрїлөт. Жемиш бактарын (алма, өрүк, алмурут, шабдалы ж. б.) өстүрүү жана жүзүмчүлүк (400 миӊ т; жүзүмдөн шарап жасалат, бир бөлүгү экспорттолот) өнүккөн. Мал чарбасында майда жандык басымдуу. Кой, эчки, чочко, бодо мал, үй кушу асыралып багылат. Өлкө табигый климаттык, маданий-тарыхый ж. б. рекреациялык ресурстарга бай. Кара деӊиз жээгиндеги климаттык курорт зоналары – Албена – Алтын-Кум – Варна жана Күнөстүү Жээк – Несебыр – Поморие – Бургас. Тоо климаттык жана бальнеол. курортторго, түрдүү спорт оюндарын өткөрүүчү жайларга жана эс алуу борборлоруна (Витоша, Рила, Пирин, Родопи тоо массивдеринин капталдарында, Струма жана Места дарыяларынын өрөөндөрүндө) бай. Көптөгөн тарыхый, архитектуралык эстеликтер бар. Жылына болжолдуу 4 млндон ашык турист келет.

[[File:БОЛГАРИЯ58.png | thumb | Болгария акчасы.]]

Болгариянын аймагынан эл аралык транспорт коридорлору – темир жол тармагы, автомагистралдар (Белград – София – Пловдив – Стамбул жана София – Солоники – Афины) өтөт. Бул жолдор тармагы Батыш жана Борбордук Европаны Жакынкы жана Ортонку Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштырат. Автомобиль жолунун узундугу 37,3 миӊ ''км'' (анын ичинен асфальтталганы 35,0 миӊ ''км''), темир жолунуку 4294 ''км'' (анын ичинен 4049 ''км''и европалык стандартка ээ, анын 2710 ''км''и электрлештирилген), ички суу жолунуку 470 ''км''. Дунайдагы негизги дарыя порттору: Русе, Лом. Деӊиз соода флотунун тоннажы 758,0 миӊ ''рег.бр.''-т же 1115,2 миӊ т дедвейт (2005). Башкы деӊиз порту – Бургас. Куур магистралынын узундугу 2920 ''км'' (а. и. газ кууру 2425 ''км'', нефтиники 339 ''км'', нефть продукциясын өткөрүүчү куурдуку 156 ''км''). Өлкөдө 5 эл аралык аэропорт (София, Пловдив, Варна, Бургас, Горна-Оряховица) бар. Башкы авиакомпаниясы – «Bulgaria Air». Сырттан машина жана анын жабдууларын, металл жана анын эритмесин, химикаттарды, пластика, отун ж. б. алып, сыртка жеӊил өнөр жайынын продукцияларын (кийим-кечек, кездеме, бут кийим), металл, машина жана анын жабдууларын, нефть, нефть продукцияларын, химикаттарды, азык-түлүк товарларын жана суусундуктарды чыгарат. Сырткы соодасынын 50%тен ашыгы Европа Союзу өлкөлөрүнө туура келет; негизги соода шериктештери: Италия, Германия, Түркия, Бельгия, Грекия, АКШ, Франция (импорт); Германия, Италия, Россия, Грекия, Түркия, Франция, Австрия (экспорт).

'''Маданияты.''' Билим берүү жана агартуу тармагындагы мамлекеттик саясат билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жана билим берүү жана илим комиссиясы  өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер менен мектептеги окутууну жергиликтүү бийлик жана регионалдык билим берүү инспекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеӊеши башкарат. Негизги регламенттик документ болуп, 1991-жылы кабыл алынган билим берүү, 1995-жылкы жогорку билим, 1999-жылкы кесиптик билим жөнүндөгү мыйзамдар эсептелет. Болгарияда эл аралык билим берүүнүн стандарттык классификациясы ISСED–97 кабыл алынган. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекеме (3–7 жаш), негизги мектеп [башталгыч билим (1–4-класс), гимназиялык билимден (5–8-класс)] турат. Жаштар 16 жашка чейин акысыз жана милдеттүү түрдө билим алышат. Ошондой эле орто билим (9–12-класс) алуу да киргизилген. Орто адистештирилген окуу жайлары 6–8-класстын жана орто мектептин билим базасында жүргүзүлөт. Болгарияда 42 университет жана 9 коллеж бар. Ири университеттери: Климент Оридский атындагы (1888-жылы негизделген София), Паисия Хиландарский атындагы (1961, Пловдив), Ыйык Кирилл жана Мефодий атындагы (1971, Велико-Тырново), Аскер Академиясы, улуттук жана дүйнөлүк чарбалар университети, жогорку медициналык институт. БИА иштейт. Өлкөдө 400дөн ашык китепкана (анын ичинен 49 ири), 220дан ашык музей (анын ичинен «Шипка-Бузлужа» улуттук музейи, Несебыр, Копривштица, Арбанаси ж. б. шаар-музейлер) бар.
М а с с а л ы к м а а л ы м а т к а р а ж а т т а р ы да жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: «24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», «Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Радиоуктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Хоризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Болгария телеграф агентчилиги (Българска телеграфна агенция – БТА, 1898-ж. негизделген) иштейт. Болгариянын медиарыногу чет элдик капиталга (Германия, Швейцария) көз каранды.
Болгариянын а д а б и я т ы славян адабияттарынын ичинен эӊ байыркы адабият. Өлкө христианчылыкты кабыл алгандан кийин 9-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Алгачкы диний тексттерди агартуучулар Кирилл ж-а Мефодий түзгөн. Байыркы адабияты Болгариянын 1-падышасы Б. Симеондун (893–927) тушунда өсүп өнгөн. Бул мезгилде Климент Охридскийдин жыйнактары (сыйынуу, ыйыктардын панегириктери), Константин Преславскийдин (ыр менен жазылган сыйынуу), Иоанна Экзарханын, Черноризца Храбранын (трактаттары) жарык көргөн. 1018–1186-жылдары (Византия бийлик кылган мезгилде) адабият өсүшүн токтоткон. 14-кылымдан кайра жандана баштаган, ал учурда Болгария адабиятына чоң салым кошкон Евфимий ж-а анын окуучулары Григорий Цамблак жана Константин Костенеческийлер эмгектенген. Адабияттын жаӊы этабы улуттук кайра жаралуу доору менен байланыштуу. Поэзия ургалдуу өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) чыккан. Болгариянын адабиятынын өнүгүшүнө орус адабияты чоӊ таасир тийгизген. 1917–23-жылдардагы революция адабиятка чоӊ таасир эткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан коммунисттик режим кулаганга чейин (1989-жылдын аягы) Болгария адабияты, социалисттик талаптын басымы астында келген, бирок көптөгөн жазуучулар жасалма шаблонго каршы турушкан. Учурда адабиятынын негизги темасы улуттук каада-салт жана акыл-ой байлыгы болууда. 21-кылымдын башталышында адабияттагы кризисти жоюу тенденциясы байкалууда. Прозасында коррупцияга, кылмыштуулукка ж. б-га анализ берүү колдонулууда. «Аялдар» адабияты активдүү өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар ж. б.) неолит дооруна (б. з. ч. 6-миӊ жылдык чен) таандык. Коло жана темир доорундагы курулуштар дольмендер тарабынан курулган. Фракия маданиятынын курулуштарынан өтө сейрек кездешүүчү эстеликтери (Казанлык аймагында) сакталган. Фракия мурасын Вылчитрына, Рогозена алтын, Панагюриштен казыналары (б. з. ч. 4-кылымдын аягы – 3-кылымдын башы) толуктайт. Казанлыктан анча алыс эмес жерден Одрис падышалыгынын борбору Севтополистин (б. з. ч. 4–3-кылымдар) калдыгы сакталган. Анда суу куурлары, цитадель сарайы менен табылган. Археологиялык табылгалар (карапа, монета, коло ж-а баалуу металлдардан жасалган буюмдар) Фракия менен Грекия тыгыз байланышта экенин күбөлөндүрөт. Коргонуу үчүн курулган курулуштардын калдыктары Софияда, Пловдивде, Варнада, Ивойловградка жакын ж. б. жерлерде сакталган. Булар курулуш техникасынын жогорку деӊгээлде өнүккөнүн далилдейт. Эрте византия доорунда христиан храмдары пайда болуп, живопись менен кооздолгон. Биринчи болгар падышалыгы (680–1018) пайда болгондон баштап Болгариянын искусствосу калыптана баштайт. Ал доордун алгачкы архитектура эстеликтери таш чептеринин калдыктары жана Плиска менен Преславдагы сарайлар (9–10-кылымдар). Экинчи болгар падышалыгы мезгилинде (1187–1396), Тырново көркөм искусствонун негизги борборуна айланган. Тырноводогу бул көркөм мектеп 9–10-кылымдардагы архитектурага караганда курулуштардын чакандыгы жана декорациясы менен айырмаланат. 13–14-кылымдарда болгар живописи менен миниатюрасы гүлдөп өнүгөт. Осмон түрктөрү басып алгандан кийин мурдагы маданий мурастардын көпчүлүгү жок кылынган. 18–19-кылымдарда болгар улуттук искуссствосу өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастырынын 3 корпусу (1816–19; Алекси Рилец), чиркөө, кербен сарайлар тургузулган. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы өкүлдөрү жергиликтүү көркөм мектептерден таасирленишип, икона тартышса, 19-кылымда диний сүрөт канондорунан бошоно башташкан. Белгилүү сүрөтчүсү Захарий Зограф замандаштарынын портретин тартып, реалдуу турмушту чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга көз каранды эмес өз алдынча искусство калыптанат. Тырноводо (учурда Велико-Тырново) таштан падыша сарайы, көптөгөн храмдар, чиркөөлөр, «Баба Вида» (12–14-кылымдар; Видинда) капкасы салынган. Осмон түрктөрүнүн эзүүсүнөн бошонгондон (1878) кийин, искусствосуна, архитектурасына акырындап европалык көркөм сүрөт процесси кире баштаган. Өлкөнүн жаӊы борбору Софияда хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин храм эстелиги пайда болуп, аянттары жана парктары монументтер менен кооздолгон. Архитектурасында экллектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм тенденциялары пайда болуп, функционализм өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкцияланып, жаӊы өнөр жайлуу шаарлар (Димитровград, Мадан ж. б.) өсүп чыкты. 20-кылымдын 2-жарымынан искусство улуттук каада-салт жана жаӊы тенденциялар менен коштолуп өнүгүүдө. 21-кылымдын көрүнүктүү живописчилери: Д. Казаков, И. Кирков, С. Русев, графикчилери: Р. Скорчев П. Чуклев, С. Стоилов, скульпторлор: Л. Далчев, В. Минеков, В. Старчев, Г. Чапкынов.
М у з ы к а с ы н д а улуттук музыка чоӊ роль ойнойт. 9-кылымдан чиркөө ырлары өнүгүп келген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукузелянын аты менен чиркөө ыры өтө байланыштуу. 21-кылымдын башталышына чейин чиркөө-ыр мектеби сакталган. Учурдагы музыкасы 19-кылымдын 3-жарымынан өнүккөн. Алгач чет элдик музыканттардан (негизинен чехтер) таасирленишкен. 1880-жылы Софияда 1-өз алдынча оркестр (Гвардия) түзүлгөн. 1890–92-ж.ылдары опера труппаларын түзүүгө аракеттенишкени менен хор коллективдери пайда болгон. Улуттук композиторлор мектебин Э. Маналов (1-болгар «Кайырчы» операсынын автору), А. Букорештлиев, А. Морфов, П. Пипков, Н. Атанасов (1-болгар симфониясынын автору, 1912) негиздешкен. Д. Христов фольклор музыкасын негиздесе, Г. Атанасов операны («Гергана», «Цвета») уюштурса, 1908-жылы труппа түзүлгөн. Болгар вокалдык мектеби дүйнөгө таанымал. Болгарияда опера театрлары (София улуттук, Стара-Загорадагы мамлекеттик, Пловдивде мамлекеттик), камералык опера (Благоевградда), опера театрлары (Бургас, Русе), музыкалык-драма театрлары (Велико-Тырново), Болгариянын радио жана телекөрсөтүүсүнүн симфониялык оркестри, С. Обретенов атындагы хор капелласы жана коллективдери иштейт. 1946-жылы болгар композиторлор, 1965-жылы болгар музыкалык ишмерлер союздары, 1921-жылы Болгария мамлекеттик музыкалык академиясы, 1948-жылы БИАнын астында музыка институту ачылган. Б. Христов атындагы Жаш опера ырчылар, Г. Димитров атындагы  май хор, «Алтын Орфей» эстрада ырчылар конкурстары, Варна жайы (1926), Руседеги март музыка күндөрү (1961), София музыка аптасы (жыл сайын, 1970) фестивалдары өткөрүлөт. Улуттук т е а т р өнөрү 19-кылымдын ортосунан өнүгө баштаган. 1840-жылы улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диалогдор коюлуп келген. 1856-жылы театрлаштырылган оюндар Ломе жана Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-жылы алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-жылы «Основа» Болгар улуттук театры, 1892-жылы драма труппалары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби жана драматургия түзүлгөн. 1897–1905-жылдары көчүп жүрүүчү театрлар (Роза Попова ж. б.) пайда болгон. Москва көркөм театрынын актёру Н. О. Массалитинов (Улуттук театрда 1925–61-жылдары иштеп 1944-жылга чейин көркөм жетекчи, студия мектебин түзгөн), жазуучулар И. Йовков, С. Л. Костов, Р. Стояновдор менен бирдикте иштеп, болгария драматургиясынын өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-жылы Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-жылы коллективдүү куурчак театр, 1948-жылы мамлекеттик жогорку театр окуу жайы (учурда театр жана кино искусство улуттук академиясы), 1950–60-жылдары бир нече театрлар («Болгар армиясы», «Апостол Карамитев», сатира театры ж. б.) ачылган. Белгилүү актёрлору: М. Дупаринова, А. Карамитева, И. Кондов, Т. Массалитинова, С. Славова ж. б. «Сфумато» театр мектеби, «За каналом» шаардык кичи, «La Strada», «Ателье 313» театрлары (баары Софияда) иштейт. Режиссёрлору – И. Добчев, М. Младенова, С. Камбарев, А. Морфов, С. Москов. Софияда, Пловдивде, Варна ж. б. шаарларда театр фестивалдары өткөрүлөт.
Алгачкы к и н о с у эл алдында 1897-жылы эле көрсөтүлгөн. 1900–10-жылдары даректүү картиналары жаралган. 1915-жылы театр актёру В. Гендов «Сыпайы болгарин» комедиясын тарткан. 1919-жылы «Лунафильм» АК, 1939-жылы 1-мамлекеттик кино ишканасы «Болгария иши» түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1950-жылы толук метраждуу фильмдер «Бүркүт Калин», «Тревога», «Сентябрь баатырлары», «Эзүү алдында» ж. б. тартылган. 1972-жылы «Дөшү же балка» (СССР жана Германия менен бирдикте), 1979-жылы «Барьер» фильмдери Москвада өткөн кинофестивалда байгелүү орундарга жетишсе, «Сүйүү» фильми (1972) баш байгеге ээ болгон. 1990-жылы чет өлкөнүн жардамы менен И. Ничев («Иван жана Александра», «Бай Ганьо Европада жүрөт» ж. б.), Л. Тодоров («Жүгүргөн иттер», «Бир шалпаӊ кулактын сүйүү жайы», «Эмилинин достору»), Дюлгеров («Кара чабалекей») кино жаратышкан. А. Кулев 2002-жылы «Госпожа Динозавр», К. Бонев «Кечээки тамакты ысытуу керек» (Македония менен бирдикте), 2003-жылы «Кудай бизди көрүш үчүн көктөн түштү» фильмдери (Франция менен бирдикте) тартылган. 1961-жылдан Варнада кинонун улуттук фестивалы, 1979-жылдан анимация киносунун эл аралык фестивалы ж. б. өткөрүлөт. Софияда Улуттук кино борбор жана синематика иштейт.
Байыртадан эле Болгарияда спорт мелдештери, ат үстүндө ойноо, оор нерсе көтөргөн, акробатиканы, аркан менен басканды, пантомима, куурчак оюндарын көрсөткөн труппалар болгон. Бул у л у т т у к  ц и р к өнөрүнүн пайда болушуна алып келген. 1886-жылы Софияга япон труппасы келип, 1-жыгач циркти курган. 1910-жылы Панайотов цирк мектебин түзүп, анда Я. Георгиев, Е. жана А. Пырвановдор, П. жана Г. Пенчевдер, Т. Пиронков, А. Димитров билим алышып, кийинчерээк өз труппаларын түзүшкөн. 1920-жылы Л. Добрич дүйнөлүк атакка «Өлүм трапециясы» номери менен жеткен. 1957-жылы цирктин туруктуу имараты курулуп, 1990-жылдан мамлекеттик цирк иштей баштаган. Белгилүү цирк артисттери: клоун В. Козаров, жонглёр А. Божилов, гимнасттар Пановдор, акробаттар Пырвановдор, эквилибрист А. Балканский, иллюзианист Х. Евстатнев. 1990-жылдан менчик цирк-шапито иштейт.
==Маданияты==

Билим берүү жана агартуу тармагындагы мамлекеттик саясат билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жана билим берүү жана илим комиссиясы  өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер менен мектептеги окутууну жергиликтүү бийлик жана регионалдык билим берүү инспекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеӊеши башкарат. Негизги регламенттик документ болуп, 1991-жылы кабыл алынган билим берүү, 1995-жылкы жогорку билим, 1999-жылкы кесиптик билим жөнүндөгү мыйзамдар эсептелет. Болгарияда эл аралык билим берүүнүн стандарттык классификациясы ISСED–97 кабыл алынган. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекеме (3–7 жаш), негизги мектеп [башталгыч билим (1–4-класс), гимназиялык билимден (5–8-класс)] турат. Жаштар 16 жашка чейин акысыз жана милдеттүү түрдө билим алышат. Ошондой эле орто билим (9–12-класс) алуу да киргизилген. Орто адистештирилген окуу жайлары 6–8-класстын жана орто мектептин билим базасында жүргүзүлөт. Болгарияда 42 университет жана 9 коллеж бар. Ири университеттери: Климент Оридский атындагы (1888-жылы негизделген София), Паисия Хиландарский атындагы (1961, Пловдив), Ыйык Кирилл жана Мефодий атындагы (1971, Велико-Тырново), Аскер Академиясы, улуттук жана дүйнөлүк чарбалар университети, жогорку медициналык институт. БИА иштейт. Өлкөдө 400дөн ашык китепкана (анын ичинен 49 ири), 220дан ашык музей (анын ичинен «Шипка-Бузлужа» улуттук музейи, Несебыр, Копривштица, Арбанаси ж. б. шаар-музейлер) бар.
М а с с а л ы к м а а л ы м а т к а р а ж а т т а р ы да жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: «24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», «Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Радиоуктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Хоризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Болгария телеграф агентчилиги (Българска телеграфна агенция – БТА, 1898-ж. негизделген) иштейт. Болгариянын медиарыногу чет элдик капиталга (Германия, Швейцария) көз каранды.
Болгариянын а д а б и я т ы славян адабияттарынын ичинен эӊ байыркы адабият. Өлкө христианчылыкты кабыл алгандан кийин 9-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Алгачкы диний тексттерди агартуучулар Кирилл ж-а Мефодий түзгөн. Байыркы адабияты Болгариянын 1-падышасы Б. Симеондун (893–927) тушунда өсүп өнгөн. Бул мезгилде Климент Охридскийдин жыйнактары (сыйынуу, ыйыктардын панегириктери), Константин Преславскийдин (ыр менен жазылган сыйынуу), Иоанна Экзарханын, Черноризца Храбранын (трактаттары) жарык көргөн. 1018–1186-жылдары (Византия бийлик кылган мезгилде) адабият өсүшүн токтоткон. 14-кылымдан кайра жандана баштаган, ал учурда Болгария адабиятына чоң салым кошкон Евфимий ж-а анын окуучулары Григорий Цамблак жана Константин Костенеческийлер эмгектенген. Адабияттын жаӊы этабы улуттук кайра жаралуу доору менен байланыштуу. Поэзия ургалдуу өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) чыккан. Болгариянын адабиятынын өнүгүшүнө орус адабияты чоӊ таасир тийгизген. 1917–23-жылдардагы революция адабиятка чоӊ таасир эткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан коммунисттик режим кулаганга чейин (1989-жылдын аягы) Болгария адабияты, социалисттик талаптын басымы астында келген, бирок көптөгөн жазуучулар жасалма шаблонго каршы турушкан. Учурда адабиятынын негизги темасы улуттук каада-салт жана акыл-ой байлыгы болууда. 21-кылымдын башталышында адабияттагы кризисти жоюу тенденциясы байкалууда. Прозасында коррупцияга, кылмыштуулукка ж. б-га анализ берүү колдонулууда. «Аялдар» адабияты активдүү өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар ж. б.) неолит дооруна (б. з. ч. 6-миӊ жылдык чен) таандык. Коло жана темир доорундагы курулуштар дольмендер тарабынан курулган. Фракия маданиятынын курулуштарынан өтө сейрек кездешүүчү эстеликтери (Казанлык аймагында) сакталган. Фракия мурасын Вылчитрына, Рогозена алтын, Панагюриштен казыналары (б. з. ч. 4-кылымдын аягы – 3-кылымдын башы) толуктайт. Казанлыктан анча алыс эмес жерден Одрис падышалыгынын борбору Севтополистин (б. з. ч. 4–3-кылымдар) калдыгы сакталган. Анда суу куурлары, цитадель сарайы менен табылган. Археологиялык табылгалар (карапа, монета, коло ж-а баалуу металлдардан жасалган буюмдар) Фракия менен Грекия тыгыз байланышта экенин күбөлөндүрөт. Коргонуу үчүн курулган курулуштардын калдыктары Софияда, Пловдивде, Варнада, Ивойловградка жакын ж. б. жерлерде сакталган. Булар курулуш техникасынын жогорку деӊгээлде өнүккөнүн далилдейт. Эрте византия доорунда христиан храмдары пайда болуп, живопись менен кооздолгон. Биринчи болгар падышалыгы (680–1018) пайда болгондон баштап Болгариянын искусствосу калыптана баштайт. Ал доордун алгачкы архитектура эстеликтери таш чептеринин калдыктары жана Плиска менен Преславдагы сарайлар (9–10-кылымдар). Экинчи болгар падышалыгы мезгилинде (1187–1396), Тырново көркөм искусствонун негизги борборуна айланган. Тырноводогу бул көркөм мектеп 9–10-кылымдардагы архитектурага караганда курулуштардын чакандыгы жана декорациясы менен айырмаланат. 13–14-кылымдарда болгар живописи менен миниатюрасы гүлдөп өнүгөт. Осмон түрктөрү басып алгандан кийин мурдагы маданий мурастардын көпчүлүгү жок кылынган. 18–19-кылымдарда болгар улуттук искуссствосу өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастырынын 3 корпусу (1816–19; Алекси Рилец), чиркөө, кербен сарайлар тургузулган. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы өкүлдөрү жергиликтүү көркөм мектептерден таасирленишип, икона тартышса, 19-кылымда диний сүрөт канондорунан бошоно башташкан. Белгилүү сүрөтчүсү Захарий Зограф замандаштарынын портретин тартып, реалдуу турмушту чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга көз каранды эмес өз алдынча искусство калыптанат. Тырноводо (учурда Велико-Тырново) таштан падыша сарайы, көптөгөн храмдар, чиркөөлөр, «Баба Вида» (12–14-кылымдар; Видинда) капкасы салынган. Осмон түрктөрүнүн эзүүсүнөн бошонгондон (1878) кийин, искусствосуна, архитектурасына акырындап европалык көркөм сүрөт процесси кире баштаган. Өлкөнүн жаӊы борбору Софияда хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин храм эстелиги пайда болуп, аянттары жана парктары монументтер менен кооздолгон. Архитектурасында экллектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм тенденциялары пайда болуп, функционализм өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкцияланып, жаӊы өнөр жайлуу шаарлар (Димитровград, Мадан ж. б.) өсүп чыкты. 20-кылымдын 2-жарымынан искусство улуттук каада-салт жана жаӊы тенденциялар менен коштолуп өнүгүүдө. 21-кылымдын көрүнүктүү живописчилери: Д. Казаков, И. Кирков, С. Русев, графикчилери: Р. Скорчев П. Чуклев, С. Стоилов, скульпторлор: Л. Далчев, В. Минеков, В. Старчев, Г. Чапкынов.
М у з ы к а с ы н д а улуттук музыка чоӊ роль ойнойт. 9-кылымдан чиркөө ырлары өнүгүп келген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукузелянын аты менен чиркөө ыры өтө байланыштуу. 21-кылымдын башталышына чейин чиркөө-ыр мектеби сакталган. Учурдагы музыкасы 19-кылымдын 3-жарымынан өнүккөн. Алгач чет элдик музыканттардан (негизинен чехтер) таасирленишкен. 1880-жылы Софияда 1-өз алдынча оркестр (Гвардия) түзүлгөн. 1890–92-ж.ылдары опера труппаларын түзүүгө аракеттенишкени менен хор коллективдери пайда болгон. Улуттук композиторлор мектебин Э. Маналов (1-болгар «Кайырчы» операсынын автору), А. Букорештлиев, А. Морфов, П. Пипков, Н. Атанасов (1-болгар симфониясынын автору, 1912) негиздешкен. Д. Христов фольклор музыкасын негиздесе, Г. Атанасов операны («Гергана», «Цвета») уюштурса, 1908-жылы труппа түзүлгөн. Болгар вокалдык мектеби дүйнөгө таанымал. Болгарияда опера театрлары (София улуттук, Стара-Загорадагы мамлекеттик, Пловдивде мамлекеттик), камералык опера (Благоевградда), опера театрлары (Бургас, Русе), музыкалык-драма театрлары (Велико-Тырново), Болгариянын радио жана телекөрсөтүүсүнүн симфониялык оркестри, С. Обретенов атындагы хор капелласы жана коллективдери иштейт. 1946-жылы болгар композиторлор, 1965-жылы болгар музыкалык ишмерлер союздары, 1921-жылы Болгария мамлекеттик музыкалык академиясы, 1948-жылы БИАнын астында музыка институту ачылган. Б. Христов атындагы Жаш опера ырчылар, Г. Димитров атындагы  май хор, «Алтын Орфей» эстрада ырчылар конкурстары, Варна жайы (1926), Руседеги март музыка күндөрү (1961), София музыка аптасы (жыл сайын, 1970) фестивалдары өткөрүлөт. Улуттук т е а т р өнөрү 19-кылымдын ортосунан өнүгө баштаган. 1840-жылы улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диалогдор коюлуп келген. 1856-жылы театрлаштырылган оюндар Ломе жана Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-жылы алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-жылы «Основа» Болгар улуттук театры, 1892-жылы драма труппалары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби жана драматургия түзүлгөн. 1897–1905-жылдары көчүп жүрүүчү театрлар (Роза Попова ж. б.) пайда болгон. Москва көркөм театрынын актёру Н. О. Массалитинов (Улуттук театрда 1925–61-жылдары иштеп 1944-жылга чейин көркөм жетекчи, студия мектебин түзгөн), жазуучулар И. Йовков, С. Л. Костов, Р. Стояновдор менен бирдикте иштеп, болгария драматургиясынын өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-жылы Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-жылы коллективдүү куурчак театр, 1948-жылы мамлекеттик жогорку театр окуу жайы (учурда театр жана кино искусство улуттук академиясы), 1950–60-жылдары бир нече театрлар («Болгар армиясы», «Апостол Карамитев», сатира театры ж. б.) ачылган. Белгилүү актёрлору: М. Дупаринова, А. Карамитева, И. Кондов, Т. Массалитинова, С. Славова ж. б. «Сфумато» театр мектеби, «За каналом» шаардык кичи, «La Strada», «Ателье 313» театрлары (баары Софияда) иштейт. Режиссёрлору – И. Добчев, М. Младенова, С. Камбарев, А. Морфов, С. Москов. Софияда, Пловдивде, Варна ж. б. шаарларда театр фестивалдары өткөрүлөт.
Алгачкы к и н о с у эл алдында 1897-жылы эле көрсөтүлгөн. 1900–10-жылдары даректүү картиналары жаралган. 1915-жылы театр актёру В. Гендов «Сыпайы болгарин» комедиясын тарткан. 1919-жылы «Лунафильм» АК, 1939-жылы 1-мамлекеттик кино ишканасы «Болгария иши» түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1950-жылы толук метраждуу фильмдер «Бүркүт Калин», «Тревога», «Сентябрь баатырлары», «Эзүү алдында» ж. б. тартылган. 1972-жылы «Дөшү же балка» (СССР жана Германия менен бирдикте), 1979-жылы «Барьер» фильмдери Москвада өткөн кинофестивалда байгелүү орундарга жетишсе, «Сүйүү» фильми (1972) баш байгеге ээ болгон. 1990-жылы чет өлкөнүн жардамы менен И. Ничев («Иван жана Александра», «Бай Ганьо Европада жүрөт» ж. б.), Л. Тодоров («Жүгүргөн иттер», «Бир шалпаӊ кулактын сүйүү жайы», «Эмилинин достору»), Дюлгеров («Кара чабалекей») кино жаратышкан. А. Кулев 2002-жылы «Госпожа Динозавр», К. Бонев «Кечээки тамакты ысытуу керек» (Македония менен бирдикте), 2003-жылы «Кудай бизди көрүш үчүн көктөн түштү» фильмдери (Франция менен бирдикте) тартылган. 1961-жылдан Варнада кинонун улуттук фестивалы, 1979-жылдан анимация киносунун эл аралык фестивалы ж. б. өткөрүлөт. Софияда Улуттук кино борбор жана синематика иштейт.
Байыртадан эле Болгарияда спорт мелдештери, ат үстүндө ойноо, оор нерсе көтөргөн, акробатиканы, аркан менен басканды, пантомима, куурчак оюндарын көрсөткөн труппалар болгон. Бул у л у т т у к  ц и р к өнөрүнүн пайда болушуна алып келген. 1886-жылы Софияга япон труппасы келип, 1-жыгач циркти курган. 1910-жылы Панайотов цирк мектебин түзүп, анда Я. Георгиев, Е. жана А. Пырвановдор, П. жана Г. Пенчевдер, Т. Пиронков, А. Димитров билим алышып, кийинчерээк өз труппаларын түзүшкөн. 1920-жылы Л. Добрич дүйнөлүк атакка «Өлүм трапециясы» номери менен жеткен. 1957-жылы цирктин туруктуу имараты курулуп, 1990-жылдан мамлекеттик цирк иштей баштаган. Белгилүү цирк артисттери: клоун В. Козаров, жонглёр А. Божилов, гимнасттар Пановдор, акробаттар Пырвановдор, эквилибрист А. Балканский, иллюзианист Х. Евстатнев. 1990-жылдан менчик цирк-шапито иштейт.

Ад.: География на България. София 1997. Ч. 1: Физическая география; ''Литаврин Г. Г''. Византия, Болгария и Древняя Русь (IX – нач. XII в.). М., 2000; Христианство в странах Восточной, Юго-Восточной и Центральной Европы на пороге второго тысячелетия. М., 2002; История литератур западных и южных славян. М., 1997 – 2001. Т 1–3; ''Игов С''. История на българската литература, 1878–1989. София, 2001.

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:22, 25 Декабрь (Бештин айы) 2024 -деги абалы

БОЛГА́РИЯ (България), Б о л г а р Р е с п у б л и к а с ы (Республика България) – Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Балкан жарым аралынын чыгышында жайгашкан. Түндүгүнөн Румыния, батышынан Сербия, Черногория жана Македония, түштүгүнөн Грекия жана Түркия менен чектешет. Чыгышынан Кара деӊиз чулгайт. Аянты 111,0 миӊ км2. Калкы 7,1 млн (2021). Борбору – София ш. Расмий тили – болгар тили. Адм. административ жактан 28 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – лев. Болгария – БУУнун, Европа Советинин, Эл аралык валюта фондунун ж. б. эл аралык уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Болгария – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1991-жылы 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Элдик жыйналыш. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген Министрлер Совети. Саясий партиялары: Болгария социалисттик партиясы, Демократиялык күчтөр союзу. Эркиндик жана укуктар үчүн кыймыл ж. б.
Табияты. Түндүгүндө Дунайды бойлой созулуп жаткан Төмөнкү Дунай түздүгүнүн түштүк бөлүгү чыгышында Добруж платосуна өтөт. Түштүгүрөөк бүт өлкөнү батыштан чыгышты карай Стара-Планина (Балкан) тоолору (бийиктиги 2376 м, Ботев чокусу) ээлеп, түштүк капталдары узатасынан созулган кууш ойдуӊдарга (Казанлык, Карлова ж. б.) тик түшөт. Түштүгүрөөктө анча бийик эмес Средна-Гора жапыз тоосу (1604 м, Богдан чокусу) жайгашкан. Өлкөнүн борбордук ж-а түштүк-чыгыш аймактарын Жогорку Фракия түздүгү ээлейт. Түштүк ж-а түштүк-батышта Балкан жарым аралындагы эӊ бийик Рила (Болгариянын эӊ бийик жери, 2925 м, Мусала чокусу), ошондой эле Пирин (бийиктиги 2914 м, Вихрен чокусу) жана Родопи (2191 м, Голям-Перелик чокусу) тоолору жатат. Кара деӊиз жээги көбүнчө жапыз, кумдуу пляждары кенен, айрым жерлери тик. Өлкөнүн эӊ четки түштүк-чыгышында Сакар тоо массиви (бийиктиги 856 м), түндүгүндө Странжа (Истранжа) тоосунун түндүк тармактары жайгашкан. Карст процессинен пайда болгон көптөгөн үӊкүрлөр бар, алар Стара Планина, Родопидеги Райчова-Дупка, Магура, Леденика ж. б. үӊкүрлөр туристтик жайга айландырылган. Климаты түндүгүндө мелүүн континенттик, түштүгүндө жер ортолук деӊиздик. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүүү. Январдын орточо температурасы

Төмөнкү Дунай түздүгү.
Кара деӊиз жак жээги.

түздүктөрдө –2°Сден 2,5°Сге, тоолордо –10°Сге чейин, июлдуку түздүктөрдө 19–25°С, тоолордо 5–12°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 450–550 мм, тоолордо 850–1300 ммге чейин. Болгариянын дарыялары Кара жана Эгей деӊиздеринин алаптарына кирет. Алардын суу бөлгүчү – Стара-Планина, Странжа. Кара деӊиздин алабына кирген негизги дарыялар: Дунай (кеме каттаган жалгыз дарыя; анын куймалары: Искыр, Янтра, Вит), Камчия ж. б. Эгей деӊизине Болгариядагы эӊ суусу мол дарыя – Марица (куймалары: Тунжа, Арда), ошондой эле Места, Струма дарыялары таандык. Көлү аз; ири лиман көлдөрү: Бургас, Варнен. 500дөн ашык минералдык суу булактары бар, алардын базасында бальнеологиялык борборлор уюшулган. Аймагынын 30%ке жакынын (негизинен тоолор) токой ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) басымдуу; андан жогору ийне жалбырактуу токой (карагай, көк карагай, мырза карагай), 1700–1800 мден жогору тоо шалбаасы, түштүгүндө жана түштүк-чыгышында бадал өсүмдүктөрү өсөт. Болгарияда табияты коргоого алынган 49 аймагынын жалпы аянты 491 миӊ га; анын ичинен улуттук парктары: Рила, Борб. Балкан ж. б. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргендери: Сребырна биосфера резерваты жана Пирин улуттук паркы.
Калкынын негизин болгарлар (83,9%) түзөт (2001-жылкы эл каттоо боюнча), ошондой эле түрк (9,4%), цыган (4,7%), македониялыктар, орустар, армяндар
ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Христиан (85%), мусулман (12% сүнөттөр) ж. б. диндерин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 67,4 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 68,4, аялдарыныкы –75,9 жаш.
Шаар калкы 70%. Ири шаарлары: София, Пловдив, Варна, Русе, Бургас, Стара-Загора,Плевен.
Тарыхы. Болгариянын аймагын адамдар палеолит доорунан бери мекендеген. Б. з. ч. 8–6-кылымдардагы грек тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда, бул жерлерге индевропалык уруулар (фракиялыктар) отурукташа баштаган. Б. з. 1-кылымына карата фракиялык жерлер Рим империясына каратылып, мында римдик Мезия жана Фракия провинциялары түзүлөт. Рим империясы кыйрагандан кийин 395-жылы эки провинция Византиянын курамына кирген. 6-кылымдын аягында Болгариянын аймагына славян уруулары отурукташа баштаган. 7-кылымдын 70-жылдарында Аспарух хан баштаган булгарлар (түрк уруулары) Азов деӊизинин жээги менен Түндүк Кавказдан жер которуп келип, 681-жылы Балкан тоолору менен Дунайдын төмөнкү агымында славян-булгар урууларынын мамлекетин – I Болгар падышалыгын негиздейт. Князь Бористин убагында (852–889) христиан дини мамлекеттик дин катарында кабыл алынат. Мамлекетти славяндаштыруу процесси күчөп, акырында булгарлар менен славяндардын этностук айырмачылыгы жоюлуп, болгарлар деген эл түзүлөт. 894-жылы ага-ини Кирилл жана Мефодий славян жазмасын түзүшөт. 9-кылымда Сердиканы, Адрианополду кошуп алуунун натыйжасында мамлекеттин чек арасы кеӊейет. 1014-жылы византиялык император Василий II Беласицанын алдында болгар аскерлерин талкалаган соӊ, 1018-жылы Болгария толук Византияга каратылат. 1185–87-жылдары элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Византиянын бийлиги кулатылып, 2-Болгар падышалыгы түзүлөт (1186–1396). Падыша Иван Асен IIнин тушунда (1218–41) бир топ жогорулап, Кара, Эгей, Адрия деӊиздеринин аралыгын ээлеп, Балкан жарым аралындагы күчтүү мамлекетке айланган. 13-кылымдын 2-жарымынан ич ара чыр-чатактардан улам Болгария мамлекети начарлай баштайт. Болгар падышалыгы алгач Батый ханга, 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башынан Ногой ордосуна салык төлөп турган. 14-кылымдын аягында бытыранды Болгария жерлерин Осмон империясы басып алып, болгарлар массалык түрдө мусулмандаштырылып, дээрлик 500 жыл бою башкарып турган. 19-кылымдын 2-жарымынан Болгарияда улуттук-боштондук үчүн кыймылдар күч алып, алар Болгарияга автономия берүүсүн талап кылышат. 1877–78-жылдары орус-түрк согушунда болгарлар Россия тарабында салгылашып, орус армиясынын жеӊип чыгышы жана Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарты боюнча өлкөнүн түндүгү өз алдынча Болгария княздыгы болуп түзүлүп, түштүгү – Чыгыш Румелия Түркиянын автономиялуу провинциясы бойдон калган. 1885-жылы Пловдивдеги түрктөргө каршы көтөрүлүштүн натыйжасында өлкөнүн аймагы бириктирилип, 1908-жылы Болгария өзүнүн толук көз каранды эместигин жарыялап, өз алдынча падышалык болуп жарыяланган.

1-Балкан согушунда (1912–13) Болгария Түркияга каршы Балкан союзун түзүүгө демилгечи болуп, анын айрым аймактарын өзүнө каратканы менен 2-Балкан согушунда (1913) мурдагы жерлеринен айрылган. Болгария 1-дүйнөлүк согушта Германия менен Австрия-Венгрия тарапта салгылашты. 2-дүйнөлүк согушта Болгария алгач бейтараптык саясат жүргүзүүгө аракеттенгендиги менен 1941-жылы Германия, Италия жана Япония ортосунда түзүлгөн Үчтүктөр Союзу пактысына кол коюп, фашисттик блокко кошулган. 1944-жылы 9-сентябрда Болгарияга Кызыл Армиянын аскерлери кирип, өлкөдө болуп өткөн мамлекеттик төӊкөрүштүн натыйжасында бийлик алмашат. 1946-жылы 15-сентябрда монархиялык башкаруу жоюлуп, Болгария Элдик Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланат. 1946–89-жылдарда Болгария социалисттик өнүгүү жолун тандаган мамлекеттердин катарында Экономикалык өз ара жардамдашуу советине (1949), Варшава келишимине
(1955) жана БУУга (1955) мүчө болуп кабыл алынган. 1990-жылдын башында өлкөдө башталган саясий-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында коомдо жана мамлекетте лидерлик позицияны ээлеп келген БКП бийликтен кетип, президенттик башкаруу институту киргизилет (1-президент П. Младенов). 1991-жылдын июль айында жаңы конституция кабыл алынып, өлкө Болгария республикасы деп аталган. Болгария унитардык, демократиялык жана укуктук мамлекет деп жарыяланган. Өлкө пландуу экономикадан рынок экономикасына өткөн. 1990-жылдары Демократиялык күчтөрдүн биримдиги (1989) жана Болгария Социалисттик партиясы (1990) түзүлгөн. Мындан сырткары Укук жана эркиндик үчүн кыймыл, Болгария социал-демократиялык партиясы, ж.б. партиялар пайда болгон. 2005-жылдан өлкөнүн экономикасында олуттуу ийгиликтерге (ИДПнын көбөйүшү, мамлекеттик карыздын азайышы ж. б.) карабастан, өлкөдө коррупциялык жаңжалдар, энергетика тармагындагы көйгөйлөр (электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү) ж. б. массалык толкундоолор болуп турган. Мындай экономикалык акциялар бүткүл саясий системага каршы нааразычылыкка айланып, бир нече жолу өкмөттүн алмашылышы менен коштолгон. Өлкөнүн президенттери: 1990-жылдын апрель-июль айларында П. Младенов, 1990–97-жылдары Ж. Желев, 1997–2002-жылдары П. Стоянов, 2002–12-жылдары Г. Парванов, 2012–16-жылдары Р. Плевнелиев, 2016-жылдан Р. Радев. 2004-жылы Болгария НАТОго, 2007-жылы Евросоюзга кирген.
Экономикасы. Болгария – экономикасы орто өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 1990-жылы СССР менен болгон байланыш солгундагандан баштап өлкөдө тереӊ экономикалык кризис болгон. 1996-жылдын аягынан 1997-жылдын башынан экономикалык өнүгүү турукташа баштаган. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 61,6 млрд доллар (2004; АКШ, аны киши башына бөлүштүргөндө Европа кеӊешине кирген өлкөлөрдүн орточо дегээлинин 1/3инен аз). Ички дүӊ продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 58,4%, өнөр жайыныкы 30,1%, айыл чарбасыныкы 11,5%ти түзгөн. Өнөр жайынын башкы тармагы: азык-түлүк, ичимдик жана тамеки өндүрүшү. Болгариянын отун-энергетикасында нефть продукциялары 24,3%, жаратылыш газы 14,8%, таш көмүр жана лигнит 38,1%, атом энергиясы 20,1%, гидроэнергия 2,7%ти түзөт. Энергия ресурстарынын (нефть, газ, таш көмүр, ядро отуну) 70%ин сырттан, негизинен Россиядан алат. Күрөӊ көмүр жана лигнитти казып алуу 38 млн (1987) тдан 26,5 млн тга (2004) чейин кыскарган. Ошондой эле нефть (жылына 26,5 миӊ т, 2004), жаратылыш газы (333 млн м3, Кара деӊиздин шельфинен) казылып алынат. 2004-жылы 42,6 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 52%ке жакыны ЖЭСке, 40% АЭСке туура келет. Ири ЖЭСтери: «Марица-Чыгыш-2» (кубаттуулугу 1450 МВт), Варна (1260 МВт) жылуулук электр борборлору; АЭСтери: Козлодуй (3700 МВт), «Белене» (курулууда; долбоор боюнча кубаттуулугу 2000 МВт); Рила-Родопи тоо массивиндеги ГЭС

Доспат суу сактагычы.

каскадына, ошондой эле Белмекен-Чаир ГЭС–ГАЭС комплексине өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 8% туура келет. Машина куруу өнөр жайынан кеме куруу заводдору (Варна, Бургас, Русе), станок жана инструмент өнөр жай өндүрүштөрү, байланыш, радио-телевизор, ЭЭМ (София), электр-техника (Стара-Загора, Пловдив, Радомир), вагон куруу (Бургас), химия өнөр жайы үчүн жабдуу чыгаруучу ишканалары (Хасково) иштейт (2005). Балкан жарым аралындагы эӊ ири «Лукойл-нефтхим» химиялык комбинаты (жылына 10 млн тга жакын чийки нефть иштетилет), синтетикалык каучук (Пазаржик), минералдык жер семирткичтер жана пестициддер (Димитровград, Стара-Загора, Плевен ж. б.) өнөр жайлары бар. Парфюмерия-косметика, фармацевтика өнөр жайларынын продукциялары экспорттолот. Жыгачты Россиядан (Коми Республикасынан) алат. Текстиль өнөр жайында жылына 70–90 млн м кездеме токулат; борборлору: София, Пловдив, Габрово, Сливен, Варна, Панагюриште. Жылына 60–70 миӊ т жашылча-жемиш консервасын, 57,9 миӊ т өсүмдүк майын, 153 миӊ т кант, 83,6 млн л шарап, 23,7 миӊ т тамеки өндүрүлөт (Благоевград, София, Стара-Загора, Пловдивде шарап, тамеки, жашылча-жемиш), консервалары ж. б. азык-түлүк товарлары даярдалат; көбү экспорттолот.
Болгарияда 1990-жылы агрардык реформа жүргүзүлүп, жеринин көп бөлүгү мурунку жер ээлерине кайтарылып, айыл чарбага жарактуу жери майдаланып, бөлүнүп кеткен. Натыйжада жер пайдаланууда олуттуу проблема түзүлгөн. Айыл чарбасы 2002-жылы 1990-жылга салыштырмалуу 12%ке төмөндөгөн. Жер ээлеринин өндүрүштүк кооперациялары, фермер чарбалары түзүлдү. Айыл чарбага жарактуу жери 5,3 млн га, же өлкөнүн аянтынын 48%тейи; анын ичинен 3,2 млн гасы иштетилет. Айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгү Дунай түздүгүндө жана Жогорку Фракия ойдуӊунда (50–70%) жайгашкан. Сугат жери 800 миӊ га. Бак-дарак өстүрүү жана жүзүмчүлүк Стара-Планина жана Родопи тоолорунун этектеринде, ошондой эле Кюстендиль ойдуӊунда өнүккөн. Дан эгиндери (3,3 млн т буудай, 1,4 млн т жүгөрү, 1,0 млн т арпа), тоют өсүмдүктөрү (люцерна, жүгөрүнүн жашыл массасы), күн карама (700 миӊ т), тамеки, кант кызылча, пахта (түш. райондорунда) айдалат. Карлови, Казанлык ойдуӊдарында, Стара-Планинанын түштүк капталдарында эфир-май берүүчү өсүмдүктөрү (роза, жалбыз, лаванда) өстүрүлөт. Роза майын өндүрүп экспорттоо боюнча Болгария дүйнөдө алдыӊкы орунда (2004, 1000 кгга жакын же дүйнөлүк өндүрүштүн 1/3). Огородчулук өнүккөн. Картошка, помидор, калемпир, бадыраӊ, капуста, пияз, дарбыз өстїрїлөт. Жемиш бактарын (алма, өрүк, алмурут, шабдалы ж. б.) өстүрүү жана жүзүмчүлүк (400 миӊ т; жүзүмдөн шарап жасалат, бир бөлүгү экспорттолот) өнүккөн. Мал чарбасында майда жандык басымдуу. Кой, эчки, чочко, бодо мал, үй кушу асыралып багылат. Өлкө табигый климаттык, маданий-тарыхый ж. б. рекреациялык ресурстарга бай. Кара деӊиз жээгиндеги климаттык курорт зоналары – Албена – Алтын-Кум – Варна жана Күнөстүү Жээк – Несебыр – Поморие – Бургас. Тоо климаттык жана бальнеол. курортторго, түрдүү спорт оюндарын өткөрүүчү жайларга жана эс алуу борборлоруна (Витоша, Рила, Пирин, Родопи тоо массивдеринин капталдарында, Струма жана Места дарыяларынын өрөөндөрүндө) бай. Көптөгөн тарыхый, архитектуралык эстеликтер бар. Жылына болжолдуу 4 млндон ашык турист келет.

Болгария акчасы.

Болгариянын аймагынан эл аралык транспорт коридорлору – темир жол тармагы, автомагистралдар (Белград – София – Пловдив – Стамбул жана София – Солоники – Афины) өтөт. Бул жолдор тармагы Батыш жана Борбордук Европаны Жакынкы жана Ортонку Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштырат. Автомобиль жолунун узундугу 37,3 миӊ км (анын ичинен асфальтталганы 35,0 миӊ км), темир жолунуку 4294 км (анын ичинен 4049 кми европалык стандартка ээ, анын 2710 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 470 км. Дунайдагы негизги дарыя порттору: Русе, Лом. Деӊиз соода флотунун тоннажы 758,0 миӊ рег.бр.-т же 1115,2 миӊ т дедвейт (2005). Башкы деӊиз порту – Бургас. Куур магистралынын узундугу 2920 км (а. и. газ кууру 2425 км, нефтиники 339 км, нефть продукциясын өткөрүүчү куурдуку 156 км). Өлкөдө 5 эл аралык аэропорт (София, Пловдив, Варна, Бургас, Горна-Оряховица) бар. Башкы авиакомпаниясы – «Bulgaria Air». Сырттан машина жана анын жабдууларын, металл жана анын эритмесин, химикаттарды, пластика, отун ж. б. алып, сыртка жеӊил өнөр жайынын продукцияларын (кийим-кечек, кездеме, бут кийим), металл, машина жана анын жабдууларын, нефть, нефть продукцияларын, химикаттарды, азык-түлүк товарларын жана суусундуктарды чыгарат. Сырткы соодасынын 50%тен ашыгы Европа Союзу өлкөлөрүнө туура келет; негизги соода шериктештери: Италия, Германия, Түркия, Бельгия, Грекия, АКШ, Франция (импорт); Германия, Италия, Россия, Грекия, Түркия, Франция, Австрия (экспорт).
Маданияты. Билим берүү жана агартуу тармагындагы мамлекеттик саясат билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жана билим берүү жана илим комиссиясы өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер менен мектептеги окутууну жергиликтүү бийлик жана регионалдык билим берүү инспекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеӊеши башкарат. Негизги регламенттик документ болуп, 1991-жылы кабыл алынган билим берүү, 1995-жылкы жогорку билим, 1999-жылкы кесиптик билим жөнүндөгү мыйзамдар эсептелет. Болгарияда эл аралык билим берүүнүн стандарттык классификациясы ISСED–97 кабыл алынган. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекеме (3–7 жаш), негизги мектеп [башталгыч билим (1–4-класс), гимназиялык билимден (5–8-класс)] турат. Жаштар 16 жашка чейин акысыз жана милдеттүү түрдө билим алышат. Ошондой эле орто билим (9–12-класс) алуу да киргизилген. Орто адистештирилген окуу жайлары 6–8-класстын жана орто мектептин билим базасында жүргүзүлөт. Болгарияда 42 университет жана 9 коллеж бар. Ири университеттери: Климент Оридский атындагы (1888-жылы негизделген София), Паисия Хиландарский атындагы (1961, Пловдив), Ыйык Кирилл жана Мефодий атындагы (1971, Велико-Тырново), Аскер Академиясы, улуттук жана дүйнөлүк чарбалар университети, жогорку медициналык институт. БИА иштейт. Өлкөдө 400дөн ашык китепкана (анын ичинен 49 ири), 220дан ашык музей (анын ичинен «Шипка-Бузлужа» улуттук музейи, Несебыр, Копривштица, Арбанаси ж. б. шаар-музейлер) бар.
М а с с а л ы к м а а л ы м а т к а р а ж а т т а р ы да жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: «24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», «Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Радиоуктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Хоризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Болгария телеграф агентчилиги (Българска телеграфна агенция – БТА, 1898-ж. негизделген) иштейт. Болгариянын медиарыногу чет элдик капиталга (Германия, Швейцария) көз каранды.
Болгариянын а д а б и я т ы славян адабияттарынын ичинен эӊ байыркы адабият. Өлкө христианчылыкты кабыл алгандан кийин 9-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Алгачкы диний тексттерди агартуучулар Кирилл ж-а Мефодий түзгөн. Байыркы адабияты Болгариянын 1-падышасы Б. Симеондун (893–927) тушунда өсүп өнгөн. Бул мезгилде Климент Охридскийдин жыйнактары (сыйынуу, ыйыктардын панегириктери), Константин Преславскийдин (ыр менен жазылган сыйынуу), Иоанна Экзарханын, Черноризца Храбранын (трактаттары) жарык көргөн. 1018–1186-жылдары (Византия бийлик кылган мезгилде) адабият өсүшүн токтоткон. 14-кылымдан кайра жандана баштаган, ал учурда Болгария адабиятына чоң салым кошкон Евфимий ж-а анын окуучулары Григорий Цамблак жана Константин Костенеческийлер эмгектенген. Адабияттын жаӊы этабы улуттук кайра жаралуу доору менен байланыштуу. Поэзия ургалдуу өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) чыккан. Болгариянын адабиятынын өнүгүшүнө орус адабияты чоӊ таасир тийгизген. 1917–23-жылдардагы революция адабиятка чоӊ таасир эткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан коммунисттик режим кулаганга чейин (1989-жылдын аягы) Болгария адабияты, социалисттик талаптын басымы астында келген, бирок көптөгөн жазуучулар жасалма шаблонго каршы турушкан. Учурда адабиятынын негизги темасы улуттук каада-салт жана акыл-ой байлыгы болууда. 21-кылымдын башталышында адабияттагы кризисти жоюу тенденциясы байкалууда. Прозасында коррупцияга, кылмыштуулукка ж. б-га анализ берүү колдонулууда. «Аялдар» адабияты активдүү өнүгүүдө.
Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар ж. б.) неолит дооруна (б. з. ч. 6-миӊ жылдык чен) таандык. Коло жана темир доорундагы курулуштар дольмендер тарабынан курулган. Фракия маданиятынын курулуштарынан өтө сейрек кездешүүчү эстеликтери (Казанлык аймагында) сакталган. Фракия мурасын Вылчитрына, Рогозена алтын, Панагюриштен казыналары (б. з. ч. 4-кылымдын аягы – 3-кылымдын башы) толуктайт. Казанлыктан анча алыс эмес жерден Одрис падышалыгынын борбору Севтополистин (б. з. ч. 4–3-кылымдар) калдыгы сакталган. Анда суу куурлары, цитадель сарайы менен табылган. Археологиялык табылгалар (карапа, монета, коло ж-а баалуу металлдардан жасалган буюмдар) Фракия менен Грекия тыгыз байланышта экенин күбөлөндүрөт. Коргонуу үчүн курулган курулуштардын калдыктары Софияда, Пловдивде, Варнада, Ивойловградка жакын ж. б. жерлерде сакталган. Булар курулуш техникасынын жогорку деӊгээлде өнүккөнүн далилдейт. Эрте византия доорунда христиан храмдары пайда болуп, живопись менен кооздолгон. Биринчи болгар падышалыгы (680–1018) пайда болгондон баштап Болгариянын искусствосу калыптана баштайт. Ал доордун алгачкы архитектура эстеликтери таш чептеринин калдыктары жана Плиска менен Преславдагы сарайлар (9–10-кылымдар). Экинчи болгар падышалыгы мезгилинде (1187–1396), Тырново көркөм искусствонун негизги борборуна айланган. Тырноводогу бул көркөм мектеп 9–10-кылымдардагы архитектурага караганда курулуштардын чакандыгы жана декорациясы менен айырмаланат. 13–14-кылымдарда болгар живописи менен миниатюрасы гүлдөп өнүгөт. Осмон түрктөрү басып алгандан кийин мурдагы маданий мурастардын көпчүлүгү жок кылынган. 18–19-кылымдарда болгар улуттук искуссствосу өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастырынын 3 корпусу (1816–19; Алекси Рилец), чиркөө, кербен сарайлар тургузулган. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы өкүлдөрү жергиликтүү көркөм мектептерден таасирленишип, икона тартышса, 19-кылымда диний сүрөт канондорунан бошоно башташкан. Белгилүү сүрөтчүсү Захарий Зограф замандаштарынын портретин тартып, реалдуу турмушту чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга көз каранды эмес өз алдынча искусство калыптанат. Тырноводо (учурда Велико-Тырново) таштан падыша сарайы, көптөгөн храмдар, чиркөөлөр, «Баба Вида» (12–14-кылымдар; Видинда) капкасы салынган. Осмон түрктөрүнүн эзүүсүнөн бошонгондон (1878) кийин, искусствосуна, архитектурасына акырындап европалык көркөм сүрөт процесси кире баштаган. Өлкөнүн жаӊы борбору Софияда хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин храм эстелиги пайда болуп, аянттары жана парктары монументтер менен кооздолгон. Архитектурасында экллектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм тенденциялары пайда болуп, функционализм өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкцияланып, жаӊы өнөр жайлуу шаарлар (Димитровград, Мадан ж. б.) өсүп чыкты. 20-кылымдын 2-жарымынан искусство улуттук каада-салт жана жаӊы тенденциялар менен коштолуп өнүгүүдө. 21-кылымдын көрүнүктүү живописчилери: Д. Казаков, И. Кирков, С. Русев, графикчилери: Р. Скорчев П. Чуклев, С. Стоилов, скульпторлор: Л. Далчев, В. Минеков, В. Старчев, Г. Чапкынов.
М у з ы к а с ы н д а улуттук музыка чоӊ роль ойнойт. 9-кылымдан чиркөө ырлары өнүгүп келген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукузелянын аты менен чиркөө ыры өтө байланыштуу. 21-кылымдын башталышына чейин чиркөө-ыр мектеби сакталган. Учурдагы музыкасы 19-кылымдын 3-жарымынан өнүккөн. Алгач чет элдик музыканттардан (негизинен чехтер) таасирленишкен. 1880-жылы Софияда 1-өз алдынча оркестр (Гвардия) түзүлгөн. 1890–92-ж.ылдары опера труппаларын түзүүгө аракеттенишкени менен хор коллективдери пайда болгон. Улуттук композиторлор мектебин Э. Маналов (1-болгар «Кайырчы» операсынын автору), А. Букорештлиев, А. Морфов, П. Пипков, Н. Атанасов (1-болгар симфониясынын автору, 1912) негиздешкен. Д. Христов фольклор музыкасын негиздесе, Г. Атанасов операны («Гергана», «Цвета») уюштурса, 1908-жылы труппа түзүлгөн. Болгар вокалдык мектеби дүйнөгө таанымал. Болгарияда опера театрлары (София улуттук, Стара-Загорадагы мамлекеттик, Пловдивде мамлекеттик), камералык опера (Благоевградда), опера театрлары (Бургас, Русе), музыкалык-драма театрлары (Велико-Тырново), Болгариянын радио жана телекөрсөтүүсүнүн симфониялык оркестри, С. Обретенов атындагы хор капелласы жана коллективдери иштейт. 1946-жылы болгар композиторлор, 1965-жылы болгар музыкалык ишмерлер союздары, 1921-жылы Болгария мамлекеттик музыкалык академиясы, 1948-жылы БИАнын астында музыка институту ачылган. Б. Христов атындагы Жаш опера ырчылар, Г. Димитров атындагы май хор, «Алтын Орфей» эстрада ырчылар конкурстары, Варна жайы (1926), Руседеги март музыка күндөрү (1961), София музыка аптасы (жыл сайын, 1970) фестивалдары өткөрүлөт. Улуттук т е а т р өнөрү 19-кылымдын ортосунан өнүгө баштаган. 1840-жылы улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диалогдор коюлуп келген. 1856-жылы театрлаштырылган оюндар Ломе жана Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-жылы алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-жылы «Основа» Болгар улуттук театры, 1892-жылы драма труппалары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби жана драматургия түзүлгөн. 1897–1905-жылдары көчүп жүрүүчү театрлар (Роза Попова ж. б.) пайда болгон. Москва көркөм театрынын актёру Н. О. Массалитинов (Улуттук театрда 1925–61-жылдары иштеп 1944-жылга чейин көркөм жетекчи, студия мектебин түзгөн), жазуучулар И. Йовков, С. Л. Костов, Р. Стояновдор менен бирдикте иштеп, болгария драматургиясынын өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-жылы Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-жылы коллективдүү куурчак театр, 1948-жылы мамлекеттик жогорку театр окуу жайы (учурда театр жана кино искусство улуттук академиясы), 1950–60-жылдары бир нече театрлар («Болгар армиясы», «Апостол Карамитев», сатира театры ж. б.) ачылган. Белгилүү актёрлору: М. Дупаринова, А. Карамитева, И. Кондов, Т. Массалитинова, С. Славова ж. б. «Сфумато» театр мектеби, «За каналом» шаардык кичи, «La Strada», «Ателье 313» театрлары (баары Софияда) иштейт. Режиссёрлору – И. Добчев, М. Младенова, С. Камбарев, А. Морфов, С. Москов. Софияда, Пловдивде, Варна ж. б. шаарларда театр фестивалдары өткөрүлөт.
Алгачкы к и н о с у эл алдында 1897-жылы эле көрсөтүлгөн. 1900–10-жылдары даректүү картиналары жаралган. 1915-жылы театр актёру В. Гендов «Сыпайы болгарин» комедиясын тарткан. 1919-жылы «Лунафильм» АК, 1939-жылы 1-мамлекеттик кино ишканасы «Болгария иши» түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1950-жылы толук метраждуу фильмдер «Бүркүт Калин», «Тревога», «Сентябрь баатырлары», «Эзүү алдында» ж. б. тартылган. 1972-жылы «Дөшү же балка» (СССР жана Германия менен бирдикте), 1979-жылы «Барьер» фильмдери Москвада өткөн кинофестивалда байгелүү орундарга жетишсе, «Сүйүү» фильми (1972) баш байгеге ээ болгон. 1990-жылы чет өлкөнүн жардамы менен И. Ничев («Иван жана Александра», «Бай Ганьо Европада жүрөт» ж. б.), Л. Тодоров («Жүгүргөн иттер», «Бир шалпаӊ кулактын сүйүү жайы», «Эмилинин достору»), Дюлгеров («Кара чабалекей») кино жаратышкан. А. Кулев 2002-жылы «Госпожа Динозавр», К. Бонев «Кечээки тамакты ысытуу керек» (Македония менен бирдикте), 2003-жылы «Кудай бизди көрүш үчүн көктөн түштү» фильмдери (Франция менен бирдикте) тартылган. 1961-жылдан Варнада кинонун улуттук фестивалы, 1979-жылдан анимация киносунун эл аралык фестивалы ж. б. өткөрүлөт. Софияда Улуттук кино борбор жана синематика иштейт.
Байыртадан эле Болгарияда спорт мелдештери, ат үстүндө ойноо, оор нерсе көтөргөн, акробатиканы, аркан менен басканды, пантомима, куурчак оюндарын көрсөткөн труппалар болгон. Бул у л у т т у к ц и р к өнөрүнүн пайда болушуна алып келген. 1886-жылы Софияга япон труппасы келип, 1-жыгач циркти курган. 1910-жылы Панайотов цирк мектебин түзүп, анда Я. Георгиев, Е. жана А. Пырвановдор, П. жана Г. Пенчевдер, Т. Пиронков, А. Димитров билим алышып, кийинчерээк өз труппаларын түзүшкөн. 1920-жылы Л. Добрич дүйнөлүк атакка «Өлүм трапециясы» номери менен жеткен. 1957-жылы цирктин туруктуу имараты курулуп, 1990-жылдан мамлекеттик цирк иштей баштаган. Белгилүү цирк артисттери: клоун В. Козаров, жонглёр А. Божилов, гимнасттар Пановдор, акробаттар Пырвановдор, эквилибрист А. Балканский, иллюзианист Х. Евстатнев. 1990-жылдан менчик цирк-шапито иштейт.

Ад.: География на България. София 1997. Ч. 1: Физическая география; Литаврин Г. Г. Византия, Болгария и Древняя Русь (IX – нач. XII в.). М., 2000; Христианство в странах Восточной, Юго-Восточной и Центральной Европы на пороге второго тысячелетия. М., 2002; История литератур западных и южных славян. М., 1997 – 2001. Т 1–3; Игов С. История на българската литература, 1878–1989. София, 2001.