ГАСТРИТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГАСТРИ́Т ''' (гр. gast еr – карын) – карындын былжыр челинин сезгенүүсү. Анын өөрчүшүнө экзогендик ж-а эндогендик факторлор себеп болот. Экзогендик факторлорго туура эмес, ашыкча, бир түрдүү тамактануу, көпкө ачка болуу, бузулган, өткүр, өтө ысык же муздак тамак ичүү, алкоголь, никотин ж. б. м-н уулануу кирет. Эндогендик – нерв системасынын функциялык бузулушу, жабыркаган түрдүү органдардын (ичеги, өт баштыгы ж. б.) нерв-рефлекстик таасирлери. Гастрит катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп айырмаланат. Катуу кармаганда сапаты начар, бузулган тамак ичкенден, түрдүү кислота (мисалы уксус кислотасы ж. б.) м-н уулануудан, айрым дарыларды (аспирин, гормондор ж. б.) ашыкча кабыл алуудан, микроб уусунан (''ботулизм'' ж. б.) Гастрит пайда болот. Белгилери: көӊүл айнып, ичкендерин тынымсыз кусат, оозунан кара суу келип, башы айланат, ичеги-карын сыздап ооруйт, алсызданат, тамыры тез же солгун кагат, кан басымы төмөндөйт. Карынды минералдык суу же марганцовка кошулган жылуу суу м-н жууп, 1 – 2 күн жылуу чайдан башка тамак ичпөө керек. Өз убагында тийиштүү жардам берилбесе, ал өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Өнөкөт Гастрит узак убакыт тамак ичүү режиминин бузулушунан (көпкө ачка болуу же тамакты ашык ичүү), тамакты жакшы чайнабай (шашканда же тиш ооруганда) жутуудан ж-а инфекциядан болот. Мында карындын секрет иштеп чыгаруу функциясы бузулгандыктан, карын кычкылы төмөндөп же жогорулагандыктан, ферменттер азайып же көбөйүп кетет. Өнөкөт Гастрит м-н ооругандар тамак ичкиси келбейт, ичкен тамагы сиӊбей, карындын тушу ооруп, кусат, арыктай баштайт. Өнөкөт Гастрит аз кандуулукка, рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан анын алдын алып, өз убагында дарылануу керек. Оорунун белгилери билинер замат врачка кайрылуу зарыл. Гастрит м-н жаныбарлар да ооруйт.
'''ГАСТРИ́Т ''' (гр. gast еr – карын) – карындын былжыр челинин сезгенүүсү. Анын өөрчүшүнө экзогендик ж-а эндогендик факторлор себеп болот. Экзогендик факторлорго туура эмес, ашыкча, бир түрдүү тамактануу, көпкө ачка болуу, бузулган, өткүр, өтө ысык же муздак тамак ичүү, алкоголь, никотин ж. б. м-н уулануу кирет. Эндогендик – нерв системасынын функциялык бузулушу, жабыркаган түрдүү органдардын (ичеги, өт баштыгы ж. б.) нерв-рефлекстик таасирлери. Гастрит катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп айырмаланат. Катуу кармаганда сапаты начар, бузулган тамак ичкенден, түрдүү кислота (мисалы уксус кислотасы ж. б.) м-н уулануудан, айрым дарыларды (аспирин, гормондор ж. б.) ашыкча кабыл алуудан, микроб уусунан (''ботулизм'' ж. б.) гастрит пайда болот. Белгилери: көӊүл айнып, ичкендерин тынымсыз кусат, оозунан кара суу келип, башы айланат, ичеги-карын сыздап ооруйт, алсызданат, тамыры тез же солгун кагат, кан басымы төмөндөйт. Карынды минералдык суу же марганцовка кошулган жылуу суу м-н жууп, 1 – 2 күн жылуу чайдан башка тамак ичпөө керек. Өз убагында тийиштүү жардам берилбесе, ал өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Өнөкөт гастрит узак убакыт тамак ичүү режиминин бузулушунан (көпкө ачка болуу же тамакты ашык ичүү), тамакты жакшы чайнабай (шашканда же тиш ооруганда) жутуудан ж-а инфекциядан болот. Мында карындын секрет иштеп чыгаруу функциясы бузулгандыктан, карын кычкылы төмөндөп же жогорулагандыктан, ферменттер азайып же көбөйүп кетет. Өнөкөт гастрит м-н ооругандар тамак ичкиси келбейт, ичкен тамагы сиӊбей, карындын тушу ооруп, кусат, арыктай баштайт. Өнөкөт гастрит аз кандуулукка, рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан анын алдын алып, өз убагында дарылануу керек. Оорунун белгилери билинер замат врачка кайрылуу зарыл. Гастрит м-н жаныбарлар да ооруйт.


<br />Ад.: ''Гордоно О. Л.'' Хронический гастрит и так называемые функциональные заболевания желудка. М., 1939; ''Рапопорт С. И., Лядов К. В., Малиновская Н. К.'' Практическая гастроэнтерология: Клиника, диагностика, лечение. М., 2005.
Ад.: ''Гордоно О. Л.'' Хронический гастрит и так называемые функциональные заболевания желудка. М., 1939; ''Рапопорт С. И., Лядов К. В., Малиновская Н. К.'' Практическая гастроэнтерология: Клиника, диагностика, лечение. М., 2005.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:17, 17 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы

ГАСТРИ́Т (гр. gast еr – карын) – карындын былжыр челинин сезгенүүсү. Анын өөрчүшүнө экзогендик ж-а эндогендик факторлор себеп болот. Экзогендик факторлорго туура эмес, ашыкча, бир түрдүү тамактануу, көпкө ачка болуу, бузулган, өткүр, өтө ысык же муздак тамак ичүү, алкоголь, никотин ж. б. м-н уулануу кирет. Эндогендик – нерв системасынын функциялык бузулушу, жабыркаган түрдүү органдардын (ичеги, өт баштыгы ж. б.) нерв-рефлекстик таасирлери. Гастрит катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп айырмаланат. Катуу кармаганда сапаты начар, бузулган тамак ичкенден, түрдүү кислота (мисалы уксус кислотасы ж. б.) м-н уулануудан, айрым дарыларды (аспирин, гормондор ж. б.) ашыкча кабыл алуудан, микроб уусунан (ботулизм ж. б.) гастрит пайда болот. Белгилери: көӊүл айнып, ичкендерин тынымсыз кусат, оозунан кара суу келип, башы айланат, ичеги-карын сыздап ооруйт, алсызданат, тамыры тез же солгун кагат, кан басымы төмөндөйт. Карынды минералдык суу же марганцовка кошулган жылуу суу м-н жууп, 1 – 2 күн жылуу чайдан башка тамак ичпөө керек. Өз убагында тийиштүү жардам берилбесе, ал өнөкөт түрүнө өтүп кетет. Өнөкөт гастрит узак убакыт тамак ичүү режиминин бузулушунан (көпкө ачка болуу же тамакты ашык ичүү), тамакты жакшы чайнабай (шашканда же тиш ооруганда) жутуудан ж-а инфекциядан болот. Мында карындын секрет иштеп чыгаруу функциясы бузулгандыктан, карын кычкылы төмөндөп же жогорулагандыктан, ферменттер азайып же көбөйүп кетет. Өнөкөт гастрит м-н ооругандар тамак ичкиси келбейт, ичкен тамагы сиӊбей, карындын тушу ооруп, кусат, арыктай баштайт. Өнөкөт гастрит аз кандуулукка, рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан анын алдын алып, өз убагында дарылануу керек. Оорунун белгилери билинер замат врачка кайрылуу зарыл. Гастрит м-н жаныбарлар да ооруйт.

Ад.: Гордоно О. Л. Хронический гастрит и так называемые функциональные заболевания желудка. М., 1939; Рапопорт С. И., Лядов К. В., Малиновская Н. К. Практическая гастроэнтерология: Клиника, диагностика, лечение. М., 2005.