БИОНИКА: нускалардын айырмасы
Белги: Undo |
vol2_>KadyrM No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИО́НИКА ''' (гр. bion – жашоо элементи) – '' | ''' БИО́НИКА''' (гр. bion – жашоо элементи) – ''к<font color='green'>и</font>бернетиканын'' бир бөлүмү. Жаӊы приборлорду, механизмдерди, системаларды түзүү үчүн тирүү организмдердин түзүлүш өзгөчөлүктөрү м-н т<font color='green'>и</font>ричилик аракетин изилдейт. Б. биология, физ<font color='green'>и</font>ка, химия, электроника, навигация ж. б. или<font color='green'>м</font>дер м-н тыгыз байланышта. Б. б-ча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары төмөнкү проблемаларды камтыйт: эсептөө техникасын жакшыртуу ж-а ''автоматика'' м-н ''телемехан<font color='green'>и</font>канын'' жаӊы элементтерин, түзүлүштөрүн и<font color='green'>ш</font>теп чыгуу ж-а өркүндөтүү максатында адам ж-а жаныбардын нерв системасын изилдөө, нерв клеткаларын (нейрондорду) ж-а нейрон торч<font color='green'>о</font>лорун моделдөө; жаӊы билдиргичтерди ж-а байкоо системаларын иштеп чыгуу максатында жандуу организмдердин сезүү органдарын ж. б. кабыл алуучу системаларын изилдөө; техник<font color='green'>а</font>да колдонуу үчүн ар түрдүү жаныбарлардын б<font color='green'>а</font>гыт табуу, локация ж-а навигация принципт<font color='green'>е</font>рин анализдөө; тех. ж-а ил. жаӊы идеяларды табуу максатында жандуу организмдердин мо<font color='green'>р</font>фол., физиол., биохим. өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Нерв системасынын иштөө ж-а жандуу органи<font color='green'>з</font>мдердеги башкаруу процесстеринин өзгөчөлү<font color='green'>к</font>төрү нерв клеткаларынын структуралык өзгөчөлүктөрү м-н аныкталат. Ушунун негизинде Б-нын өнүгүшү нейрондордун тех. моделдерин түзүүдөн башталып, радиоэлектрондук элеме<font color='green'>н</font>ттерден «нерв тармактары» пайда болгон. Эсти ж-а нерв системасынын башка касиеттерин изилдөө татаал өндүрүштүк процесстерди ж-а башкарууну автоматташтыруучу, «ойлонуучу» киберн. машиналарды түзүүгө алып келди. Орг<font color='green'>а</font>низмдердин информ. системаларын: көпөлөктүн | ||
[[Category: 2-том]] | «антеннасын», балык ж-а сүт эмүүчүлөрдүн ультраүн байланышын, суу жаныбарларынын б<font color='green'>а</font>гыт табышын, аарынын «тилин», жарганатта<font color='green'>р</font>дын ультраүн локациясын ж. б. изилдөө Б-да | ||
чоӊ орунду ээлейт. Табияттагы тыгыз, ийилчээк динамикалык күчкө туруктуу, тик өсүүчү констр. формаларды (өсүмдүк сабагы, дарак сөӊгөгү) изилдөө м-н бийик ж-а өтө бийик им<font color='green'>а</font>раттардын долбоору иштелип, чыгарылууда (Москвадагы Останкино телемунарасы ж. б.). | |||
Ад.: ''Крайзмер'' Л. П., ''Сочиво'' В. П. Бионика. 2 изд., М., 1968; Нейрокомпьютеры – архитектура и реал<font color='green'>и</font>зация. М., 2000. | |||
[[Category: 2-том, бүтө элек]] | |||
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИО́НИКА (гр. bion – жашоо элементи) – кибернетиканын бир бөлүмү. Жаӊы приборлорду, механизмдерди, системаларды түзүү үчүн тирүү организмдердин түзүлүш өзгөчөлүктөрү м-н тиричилик аракетин изилдейт. Б. биология, физика, химия, электроника, навигация ж. б. илимдер м-н тыгыз байланышта. Б. б-ча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары төмөнкү проблемаларды камтыйт: эсептөө техникасын жакшыртуу ж-а автоматика м-н телемеханиканын жаӊы элементтерин, түзүлүштөрүн иштеп чыгуу ж-а өркүндөтүү максатында адам ж-а жаныбардын нерв системасын изилдөө, нерв клеткаларын (нейрондорду) ж-а нейрон торчолорун моделдөө; жаӊы билдиргичтерди ж-а байкоо системаларын иштеп чыгуу максатында жандуу организмдердин сезүү органдарын ж. б. кабыл алуучу системаларын изилдөө; техникада колдонуу үчүн ар түрдүү жаныбарлардын багыт табуу, локация ж-а навигация принциптерин анализдөө; тех. ж-а ил. жаӊы идеяларды табуу максатында жандуу организмдердин морфол., физиол., биохим. өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Нерв системасынын иштөө ж-а жандуу организмдердеги башкаруу процесстеринин өзгөчөлүктөрү нерв клеткаларынын структуралык өзгөчөлүктөрү м-н аныкталат. Ушунун негизинде Б-нын өнүгүшү нейрондордун тех. моделдерин түзүүдөн башталып, радиоэлектрондук элементтерден «нерв тармактары» пайда болгон. Эсти ж-а нерв системасынын башка касиеттерин изилдөө татаал өндүрүштүк процесстерди ж-а башкарууну автоматташтыруучу, «ойлонуучу» киберн. машиналарды түзүүгө алып келди. Организмдердин информ. системаларын: көпөлөктүн «антеннасын», балык ж-а сүт эмүүчүлөрдүн ультраүн байланышын, суу жаныбарларынын багыт табышын, аарынын «тилин», жарганаттардын ультраүн локациясын ж. б. изилдөө Б-да чоӊ орунду ээлейт. Табияттагы тыгыз, ийилчээк динамикалык күчкө туруктуу, тик өсүүчү констр. формаларды (өсүмдүк сабагы, дарак сөӊгөгү) изилдөө м-н бийик ж-а өтө бийик имараттардын долбоору иштелип, чыгарылууда (Москвадагы Останкино телемунарасы ж. б.). Ад.: Крайзмер Л. П., Сочиво В. П. Бионика. 2 изд., М., 1968; Нейрокомпьютеры – архитектура и реализация. М., 2000.