БИОХИМИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (1 версия) Белги: Reverted |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОХИ́МИЯ | ''' БИОХИ́МИЯ''' , б и о л о г и я л ы к х и м и я – организмдин курамына кирген заттардын хим. түзүлүшүн, алардын тиричилигиндеги зат алм<font color='green'>а</font>шууну изилдөөчү илим. Изилдөө объектисине жараша адамдын жаныбар, өсүмдүк ж-а ми<font color='green'>к</font>роорганизмдер Б-сы болуп бөлүнөт. Бардык орг<font color='green'>а</font>низмдер Б-лык жагынан бирдей болгону м-н | ||
[[Category: 2-том]] | өсүмдүк ж-а жаныбарлардын зат алмашуусу<font color='green'>н</font>да айырмачылык бар. Б. өзүнчө илим катары 19–20-к-дарда пайда болгон. Анын калыптан<font color='green'>ы</font>шы орг. химия, физиология ж-а медицина илимд. жетишкендиктери м-н тыгыз байланы<font color='green'>ш</font>туу. 19-к-дын башында өсүмдүк м-н жаныбар клеткаларынын хим. курамын изилдөө жүрг<font color='green'>ү</font>зүлгөн. 1928-ж. Ф. Велер мочевинаны синтезд<font color='green'>е</font>ген. 19-к-дын 2-чи жарымында амин к-талар<font color='green'>ы</font>нын, углеводдордун, майлардын түзүлүшү аны<font color='green'>к</font>талган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү организмдердин зат алмашуусунун бирдиги аныкталган. 20-к-дын башында тамак-аштын жетишпегендигинен түрдүү оорулардын пайда болушу, витамин ж-а гормондор, алардын организмдеги ролу, ачуу процесси, биол. кычкы<font color='green'>л</font>дануу механизмдери белгилүү болду. Азыркы <font color='green'>Б</font>лык изилдөөлөрдүн багыты – нуклеин к-тал<font color='green'>а</font>рынын, белок биосинтезинин механизмдери, го<font color='green'>р</font>мондордун таасири, клетканын ультраструкт<font color='green'>у</font>расы, клеткада энергиянын пайда болушу ж. б. Б. биологиянын көп тармактарына – генетика, адам, жаныбар, өсүмдүк физиологиясына, ми<font color='green'>к</font>робиология, вирусология, биотехнология, ген инженериясы ж-а биофизикага таасир тийг<font color='green'>и</font>зет. О. эле анын медицинага, а. ч., тамак-аш | ||
өндүрүшүнө, фармакологияга салымы чоӊ. | |||
Ад.: ''Ленинжер'' А. Биохимия, М., 1985; Совреме<font color='green'>н</font>ные воззрения в биохимии / Пер. с англ., М., 1986. | |||
''М. А. Шерова.'' | |||
[[Category: 2-том, бүтө элек]] | |||
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИОХИ́МИЯ , б и о л о г и я л ы к х и м и я – организмдин курамына кирген заттардын хим. түзүлүшүн, алардын тиричилигиндеги зат алмашууну изилдөөчү илим. Изилдөө объектисине жараша адамдын жаныбар, өсүмдүк ж-а микроорганизмдер Б-сы болуп бөлүнөт. Бардык организмдер Б-лык жагынан бирдей болгону м-н өсүмдүк ж-а жаныбарлардын зат алмашуусунда айырмачылык бар. Б. өзүнчө илим катары 19–20-к-дарда пайда болгон. Анын калыптанышы орг. химия, физиология ж-а медицина илимд. жетишкендиктери м-н тыгыз байланыштуу. 19-к-дын башында өсүмдүк м-н жаныбар клеткаларынын хим. курамын изилдөө жүргүзүлгөн. 1928-ж. Ф. Велер мочевинаны синтездеген. 19-к-дын 2-чи жарымында амин к-таларынын, углеводдордун, майлардын түзүлүшү аныкталган. Изилдөөлөрдүн натыйжасында ар түрдүү организмдердин зат алмашуусунун бирдиги аныкталган. 20-к-дын башында тамак-аштын жетишпегендигинен түрдүү оорулардын пайда болушу, витамин ж-а гормондор, алардын организмдеги ролу, ачуу процесси, биол. кычкылдануу механизмдери белгилүү болду. Азыркы Блык изилдөөлөрдүн багыты – нуклеин к-таларынын, белок биосинтезинин механизмдери, гормондордун таасири, клетканын ультраструктурасы, клеткада энергиянын пайда болушу ж. б. Б. биологиянын көп тармактарына – генетика, адам, жаныбар, өсүмдүк физиологиясына, микробиология, вирусология, биотехнология, ген инженериясы ж-а биофизикага таасир тийгизет. О. эле анын медицинага, а. ч., тамак-аш өндүрүшүнө, фармакологияга салымы чоӊ. Ад.: Ленинжер А. Биохимия, М., 1985; Современные воззрения в биохимии / Пер. с англ., М., 1986. М. А. Шерова.