БИОЦЕНОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
Белги: Reverted
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИОЦЕНО́З (био… ж-а гр. koinos – жалпы) – белгилүү бир геогр. мейкиндикте тарыхый эвол. жактан бири-бири м-н тыгыз байланыштагы өсүмдүк, жаныбар ж-а микроорганизмдердин популяцияларынын жыйындысы. Б. терминин нем. биологу К. Мёбиус киргизген (1877). «Б.» тирүү организмдердин эвол. өнүгүүсүндөгү табигый тандалуунун натыйжасы болуп эсептелет. Биогеоценозду түзүүчү организмдердин тиричилик үчүн күрөшү табигый-эвол. факторлордун натыйжасында пайда болгон. Б-го кирген өсүмдүк жыйындысы фитоценоз, ал эми жаныбарлардыкы зооценоз деп аталат. Биогендик зат алмашуу катнаштары б-ча организмдер автотрофтор, гетеротрофтор ж-а сапрофагдар болуп бөлүнөт.