БИОЭНЕРГИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (1 версия) Белги: Reverted |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИОЭНЕ́РГИЯ | ''' БИОЭНЕ́РГИЯ''' – биол. системаларда энергияны кайра түзүү процесстеринин жыйындысы. Тирүү организм ж-а ''биосфера'' тиричилиги тол<font color='green'>у</font>гу м-н күн энергиясынын үзгүлтүксүз келип т<font color='green'>у</font>рушуна тыгыз байланышта. Жарык энергиясын фотосинтездөөчү организмдер кабыл алып, алар орг. бирикмелер аденозинтрифосфор к-тасы (АТФ) түрүндө топтошот. Гетеротрофтуу орг<font color='green'>а</font>низмдердин азыгы болгон орг. бирикмелер СО<sub>2</sub> | ||
[[Category: 2-том]] | ж-а Н<sub>2</sub>Ого чейин кычкылданат ж-а бошонгон | ||
энергия АТФти синтездөөдө колдонулат. АТФ | |||
клетка ичинде энергия ташуучу кызмат атк<font color='green'>а</font>рат ж-а энергия алмашууда чоӊ мааниге ээ. АТФтин синтези ''фотосинтез, демалуу'' ж-а ''ачуу'' процессинде бөлүнүп чыккан энергия аркылуу ж-а АДФти фосфорлоо жолу м-н ишке ашат. Клеткадагы АТФтин гидролизи тиричилик ар<font color='green'>а</font>кеттерде (кыймыл, заттардын ташылышы, ''би<font color='green'>о</font>синтез'' ж. б.) энергия булагы катары кызмат аткарат. Тынч абалында АТФ клеткаларда эне<font color='green'>р</font>гияны топтоодо пайдаланылат. Клеткадагы энергиялык процесстерди окуп-үйрөнүү биох<font color='green'>и</font>мия, биофизика, мол. биологиянын негизги маселеси болуп саналат. ''Б. М. Женбаев.'' [[Category: 2-том, бүтө элек]] | |||
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИОЭНЕ́РГИЯ – биол. системаларда энергияны кайра түзүү процесстеринин жыйындысы. Тирүү организм ж-а биосфера тиричилиги толугу м-н күн энергиясынын үзгүлтүксүз келип турушуна тыгыз байланышта. Жарык энергиясын фотосинтездөөчү организмдер кабыл алып, алар орг. бирикмелер аденозинтрифосфор к-тасы (АТФ) түрүндө топтошот. Гетеротрофтуу организмдердин азыгы болгон орг. бирикмелер СО2 ж-а Н2Ого чейин кычкылданат ж-а бошонгон энергия АТФти синтездөөдө колдонулат. АТФ клетка ичинде энергия ташуучу кызмат аткарат ж-а энергия алмашууда чоӊ мааниге ээ. АТФтин синтези фотосинтез, демалуу ж-а ачуу процессинде бөлүнүп чыккан энергия аркылуу ж-а АДФти фосфорлоо жолу м-н ишке ашат. Клеткадагы АТФтин гидролизи тиричилик аракеттерде (кыймыл, заттардын ташылышы, биосинтез ж. б.) энергия булагы катары кызмат аткарат. Тынч абалында АТФ клеткаларда энергияны топтоодо пайдаланылат. Клеткадагы энергиялык процесстерди окуп-үйрөнүү биохимия, биофизика, мол. биологиянын негизги маселеси болуп саналат. Б. М. Женбаев.