БИРЖА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИ́РЖА (лат. bursa – капчык) – 1) дайыма иштеп турган дүӊ соода рыногунун‚ а. и. эларалык сооданын туруктуу ж-а так сапаттык параметри бар массалык товарларын (товардык Б.) же сурам жана сунуштун негизинде баалуу кагаздарды‚ алтынды‚ валютаны (фондулук Б.) же жалданма жумушчуларды (эмгек Б.) сатып алуусатуу б-ча системалык операциялардын уюштуруу формасы; 2) сатуучулар ж-а сатып алуучулар сурам ж-а сунуштун колдонуудагы мыйзам ынын б аас ы б-ча ө з тов арын сат у уга мүмкүнчүлүк алат. Б-нын максаты – товарга адилет баа коюу. Б. эки түрдө болот: 1) менчик акционердик коом; 2) жалпы элдик-укуктук мамл. ин-т. Менчик Б-да соода бүтүмдөрүн акционерлер – ошол Б-нын мүчөлөрү гана‚ жалпы элдик Б-да бүтүмдүн мүчөлөрү‚ о.эле мүчө эмес ишкерлер да түзө алышат.