БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (1 версия) |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР ''' – 17–18- | ''' БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР''' – 17–18-к -да мех. тааным т еория сында объективдүүлүк белгиси б-ча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган те<font color='green'>р</font>миндер. Ж. Локк биринчи же объективдүү с<font color='green'>а</font>паттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өзара жа<font color='green'>р</font>машуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги мех<font color='green'>а</font>ника илиминин көзкарашында ил. түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тар<font color='green'>а</font>бынан экинчи, б. а. субъекттин сезимдери же маанайы м-н аныкталган сапаттар деп табы<font color='green'>л</font>ган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапатта<font color='green'>р</font>дын катарына киргизишкен. Азыркы ил. та<font color='green'>а</font>нымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери ж-а сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин ба<font color='green'>ш</font>ка нерселер м-н реалдуу карым-катыш учуру<font color='green'>н</font>да актуалдуу мүнөз күтөт (мис., туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир хим. элементтин башка элементтер м-н биригүү касиети ж. б.). | ||
[[Category: 2-том]] | ''Ж. К. Асанов.'' [[Category: 2-том, бүтө элек]] | ||
02:41, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР – 17–18-к -да мех. тааным т еория сында объективдүүлүк белгиси б-ча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Ж. Локк биринчи же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өзара жармашуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги механика илиминин көзкарашында ил. түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчи, б. а. субъекттин сезимдери же маанайы м-н аныкталган сапаттар деп табылган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Азыркы ил. таанымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери ж-а сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер м-н реалдуу карым-катыш учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (мис., туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир хим. элементтин башка элементтер м-н биригүү касиети ж. б.). Ж. К. Асанов.