БИРИНЧИМАЙ 2: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИРИНЧИМАЙ 2 – Жалалабат обл-нун Базаркоргон р-нундагы кыштак. Кеӊеш айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базаркоргон кышнан 8 км түн. тарапта. Жалалабат темиржол бекетинен 40 км. Деӊиз деӊг. 815 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 3900 (2002); негизинен тамекичиликте ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, соода борбору, мечит, мончо бар.