БИРУНИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БИРУНИ́ , (Беруни) А б у Р е й х а н [4. 10. 973, Кят (Каракалпакстан, Бируни ш.) – 13. 12. 1048, Газни ш. (азыркы Афганстан аймагында)] – орто азиялык илимпоз-энциклопедист, ойчул. Анын

эмгектери негизинен тарых, математика, астрономия, география, топография, физика, медицина, геология, минерология ж. б. илимдердин тармактарын камтыган. Ал О. Азия ж-а Ирандын шаарларында болуп атактуу астроном, математик Абу Наср Мансур ибн Ирактан сабак алган. 995– 1010-ж. Иранда жашаган. 1000-ж. о. кылымдардын энциклопедиясы аталган «Байыркы муундардын эстеликтери» деген айтылуу эмгегин жазган. 1010-ж. Хорезм акими Момун ибн Мухаммеддин көрсөтмөсү м-н Үргөнчтө атайын ил. Академия («Момундун академиясы») уюштурулуп, анда Б-нин жетектөөсү м-н Ибн Сина, Массих, Хаммар, Мискавейх ж. б. көрүнүктүү окумуштуулар ил.-из. иштерин жүргүзүшкөн. Б. – «Геодезия», «Минерология», «Хронология», «Индия», «Масуд Канону» ж. б. 150дөй ил. эмгектердин автору. «Хронология» деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш ж-а Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы тереӊ изилденген. Б. грек, латын, араб, перс, түрк, хинди ж. б. тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птолемей) ж-дө ил. эмгектерди жазган. Анын эмгектери табияттаануу ж-а коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган. Б. поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, Аалам түзүлүшүн, Күн системасын иликтеп, Жердин шар формасында экендигин ж-а ал өз огунда айлануу м-н Күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты ил. түрдө далилдеген. Галилей м-н Ньютондон 600 жыл илгери телолордун Жерге тартылуусун болжогон. Арал деӊизинин жээгинен, Индистанда, Афганстанда астр. байкоо иштерин жүргүзгөн. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал ж-а хим. заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан. Биринчилерден болуп Жершарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миӊ км түзөт деп жазган ж-а Жершарынын глобусун жасаган. Анын пикири бча, Күн – бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теӊеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоӊ ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен. Б-нин математикасында геометрия ж-а тригонометрия маселелери изилденген. Анын геогр. чыгармаларында ошол кездеги белгилүү жерлердин баары айтылып, материктер картага түшүрүлгөн. Б. биол. маселелерге да кызыккан. Ал ар түрдүү өсүмдүктөрдүн ж-а жаныбарлардын тиричилигин изилдеген. Тарых илими б-ча эмгектеринде 7-к-дагы Муканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы ждө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили б-ча түрк элдерине кошуларын ж-а өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган. Эмг.: Избранные произведения. Т. 1–3, Т., 1957– 66; Собрание сведений для познания драгоценностей (минерология). Л., 1963.