«БИТЛЗ»: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

«БИТЛЗ» – белгилүү эстрадалык ансамбль. 1960-ж.

Англияда уюштурулган. «Б-дин» биринчи продюсери пластинка дүкөнүнүн ээси Брайан Эпштейн болгон. «Б.» тобуна төрт музыкант – Жон Леннон, Пол Макартни, Жорж Харрисон ж-а Ринго Старр кирген. Жон Леннон м-н Пол Макартни өспүрүм кездеринде эле 1957-ж. жолугушкан. Алардын кызыкчылыгынын шайкештиги жаӊы ырга ж-а рок-н-роллдун жаӊы ритмине бирдей көзкарашынан көрүнгөн. Андан соӊ алар топко кийинки эки музыкантты тартышкан. Жети жыл бою «Б-дин» ырлары хит-параддарда алдыӊкы орундарды бербей келген. Леннон м-н Макартни курбулары, замандаштары эмне ж-дө ойлошкондугун, алардын максатын, келечегин, дүйнөгө болгон көзкараштарын билдирген ырларды жазышкан. Ырлар рок-нроллдун ыргагына жуурулушуп, жаштардын жандүйнөсүнө сиӊген. «Б-дин» концерттери радиодон, телекөрсөтүүдөн көп бериле баштаган. Топ негизинен элдик музыканы рок м-н жуурулуштура, электрондук каражаттардын эӊ мыкты коштоосунда аткарган. «Ал кыз сени сүйөт», «Бакыт кушу», «Жылдыз», «Эне», «Кечээ» өӊдүү алгачкы ырлары коомчулуктун кеӊири катмарына белгилүү хиттерден болуп калган. «Б-дин» ар бир ыры драмалык сюжеттерден турган, көӊүлгө бат уюган, өтө жеӊил ыргактар м-н коштолгон, ал адамдын жандүйнөсүнө жакын болгон өзгөчө тарыхка ээ. Көптөгөн өлкөлөрдө муз. альбомдору жарыкка чыккан. Музыканттар фильмдерге тартылышып, гастролдорго чыгышкан. 70-жылдарда «Б.» тобу мурдагы топ м-н чыг-лык маанайда иштей албастыгы билинген. Гастролдук жүрүштө Ринго Старр Индияда калып калган. Ал эми Леннон м-н Макартни өзалдынча концерт коюп, ишмердиктерин улантышкан. Жорж Харрисон фильмдердин продюсери болуп калган. Кийин Леннон экинчи аялы, япон тектүү америкалык Йоко Оно м-н концерт коюп кеткен. Алардын «Lmagine» аттуу тынчтыкка арналган ырларынын бири классикалык ырлардан болгон. Бул ыр Леннон өлгөндөн кийин анын эстелигине арналып, гимн катары аткарылган. 1985-ж. «Б-дин» ырларынын антологиясы жарыкка чыккан. Д. Мейманов.