БИТУМДУУ ТООТЕКТЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БИТУМДУУ ТООТЕКТЕР – курамында битуму бар ар түрдүү чөкмө тоотектер. Битумдар тоотектердин жаракаларында, көзөнөкчөлөрүндө болот; көп учурларда чополорго, кумдуктарга тегиз сиӊип калат. Өӊү кара күрөӊ ж-а кара. Битумдуу акиташ тектери коргошун, нефть ж-а газ кендери үчүн чөйрө болот. Жез, уран, молибден, ванадий сыяктуу элементтердин кендери битумдуу кумдуктар м-н сланецтердин арасын-
да кездешет. О. Азияда Б. т. кембрий, ордовик, девон ж-а карбон мезгилдеринде пайда болгон тоотек катмарларында бар.