БЛОК Александр Александрович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БЛОК 1 Александр Александрович [16(28).11.1880, Петербург – 7.8.1921, Петроград] – орус акыны. Петербург ун-тинин тарых-филология ф-тин бүтүргөн (1906). 5 жашынан ыр жаза баштаган.

Чыг-лыгынын алгачкы учурунда акын Владимир Соловьёвдун идеялык таасиринде жүргөн. Бул анын «Асылзаада аял жөнүндө ыр» деген китебинен байкалат. 1903-жылдан поэзиясына социалдык темалар кире баштайт. Биринчи орус ревясы (1905–07) анын көзкарашы м-н чыг-лыгына жаӊыча багыт берген. Анын чыгармаларында рев-я бороонун алдынала туюу («Эркин ойлор», 1907; «Куликов талаасында», 1908; «Жаза» поэмасы, 1910–21), коомдогу терс көрүнүштөргө жек көрүү сезими («Шаар», 1904– 08; «Коркунучтуу дүйнө», 1909–14) туюлат. «Италия ырлары» (1909), «Гүл менен табыт» (1912– 13), «Булбул багы» (1915) деген поэтикалык чыгармалары бар. «Он эки» поэмасынын (1918), «Бейтааныш», «Балаганчик», «Аянттагы король» (1906) пьесаларынын, иск-во м-н ад-тка байланыштуу көптөгөн сын макалалардын, очерктердин автору. Анын чыгармаларына ички драматизм, филос. интеллектуалдуулук, конфликттердин курч коюлушу, назик лиризм мүнөздүү. Ырлары көп тилдерде басылып чыккан ж-а айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Чыг.: Собр. соч.: В 8 т. М.; Л., 1960–1963; Тандалган ырлар жана поэмалар. Ф., 1974.