ГРЕЙЗЕН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГРЕ́ЙЗЕН (нем. Greisen – бөлүнүү, ажыроо) – метасоматоз жолу м-н пайда болуп, курамы кварц ж-а түстүү слюдалардан (лепидолит, мусковит) турган тоо тек. Г-де көп учурда кенташ минералдары (касситерит, вольфрамит, танталит, берилл ж. б.) болот. Негизинен ар түрдүү формадагы аянтчалар түрүндө гранит массивдеринде, айрыкча алардын чет-жакаларында, кээде аларды курчаган тоо тектерде жатат. Сууп бара жаткан гранит интрузияларынан бөлүнгөн газ м-н эритиндилердин тоо тектерди өзгөртүшүнөн келип чыгат. Г. м-н сейрек элементтердин ж-а түстүү кооз, асыл таштардын (топаз, берилл ж. б.) кендерин изилдеп табууга болот.