БОБУЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БОБУЛОВ Камбаралы (15.5.1936, Ош обл., Ноокат р-ну, Өсөр кыш. – 25.1.2003, Бишкек) – белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу ж-а коомдук ишмер, КРдин мад-тка эмг. сиӊ. ишмери (1993). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1958). 1957–62-ж. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1963–65-ж. «Правда» гезитинин атайын кабарчысы, 1966–76-ж. «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, 1976–84-ж. Бүткүл союздук авторлордун укугун коргоо агентчилигинин (ВААПтын) Кыргыз Респ-сы б-ча бөлүмүнүн начальниги болуп эмгектенген. КРдин Жогорку Кеӊешинин депутаты (1990), «Кыргыз тил коомунун» биринчи төрагасы (1992–2003) болгон. Депутат катары анын кыргыз тилинин айрым маселелерин чечүүдө жанүрөп иштегендигин жалпы эл колдоого алган. Б-дун кыргыз адабий сынынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоӊ. «Окуучунун каты» (А. Токомбаевге ачык кат, 1956), «Оморчулук деген эмне?» (1957), «Азыркы адабий сын жөнүндө пикирлер» (1958), «Махабат баяны» (1959), «Адабий турмуш ойлору» (1965), «Кыргыз прозасындагы реализмди өнүктүрүү жолдору» (1969), «Адабият жана мезгил» (1973), «Сын жана адабий процесс» (1976), «Фольклор жана адабият» (1980), «Жаӊы тилке» (1991) аттуу сын макалалары ж-а жыйнактары жарыяланган. Бул эмгектеринде кыргыз ад-тынын тарыхы м-н кийинки абалынын ар түрдүү маселелери, башка улуттук ад-ттар м-н карым-катыштары каралган. Б. 1969-ж. О. Азия респ-ларынын адабий сынчыларынын арасынан биринчи болуп Эларалык сынчылардын бирикмесинин (МАЛК) мүчөсү болуп шайланган. Ч. Айтматовдун, Т. Сыдыкбековдун, А. Осмоновдун, Токтогулдун чыгармалары ж-дө сын макалалары кыргыз ж-а орус тилдеринде жарыяланган ж-а айрымдары араб, болгар, грузин тилдерине которулган. Жазуучунун «Эркинбек» (1963), «Түштүк кызы» (1962) аттуу аӊгеме, повесттеринде элет турмушу, андагы карапайым адамдардын тиричилиги, өзара мамилелери, балдардын дүйнөсү, жаштардын коомдон өз ордун табууга болгон далалаты сүрөттөлөт. Анын поэтикалык жыйнактары («Махабат аралы», 1971; «Таӊ шоокуму», 1977; «Акын кыялы», 1985; «Арман китеп», 1997) жарык көргөн. Ал Хафиздин казалдарын, грузин акыны А. Чавчавадзенин, каракалпак акыны Бердахтын лирикаларын кыргыз тилине которгон. Б. Даӊк медалы м-н сыйланган (1996).