БОДЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БОДЛЕ́Р Шарль Пьер (9.4.1821, Париж – 31.8.1867, ошол эле жер) – француз акыны ж-а жазуучу. Француз символизмине чыйыр салган. Чыгармалары 1840-жылдын орто ченинен жарыялана баштаган. Ал Э. Понун «Жасалма бейиш» (1860) китебин которгон. О. эле романтикалуу живопись ж-дөгү сериялардын, күндөлүк дептерлердин, «Сыр ачкан жүрөк» (1855– 66), «Каргашалуу гүлдөр» (1857), «Кара сөздөгү ырлар» (1869), «Париждеги маанай чөгүү» аттуу чыгармалардын автору. Аталган чыгармаларында Б. коомдогу зомбулук м-н наадандык сыяктуу терс көрүнүштөрдү ачып берген. 19-кдын аягы 20-к-дын башында модернизмдин алгачкы жышааны катары маданий чөйрөдө аны «каргыш тийген акын» деп аташкан. Романтизмдин элементтерин бириктирүү м-н катар символизмдин негизинде «Парнас» мектебин ачкан. Б. романтикалык поэзияны өркүндөтүүдө үн м-н ыргакты айкалыштырууда өзгөчө басым жасаган. Анын чыгармаларын П. Ф. Якубович, И. Ф. Анненский, В. Я. Брюсов, Вяч. И. Иванов, ж. б. орус тилине которгон. Ж. Медералиева, К. Качкынбаева.