БОЁКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БОЁКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР – курамында боёочу заттары бар өсүмдүктөр. Мис., шафран, индиго, ышкын, эӊилчек ж. б. Алардын кабыгында, жалбырагында, мөмөсүндө, тамырында, гүлүндө, бүчүрүндө ж-а уругунда боёгуч заттар болот. Көбү кымыздыктар, талдар, чанактуулар, эндиктер, тыттар ж. б. өсүмдүк урууларына кирет. Белгилүү болгон 2 миӊден ашык өсүмдүк пигменттеринин 100дөн ашууну пайдаланылат. Табигый боёк заты байыртадан белгилүү болуп, 19к-дын 2-жарымына чейин текстиль өндүрүшүндө, тери, жүн боёодо, парфюмерия ж. б-да колдонулуп келген. Химия өнөржайынын өсүшүнө байланыштуу табигый боёктор синтездик боёктор м-н алмашылды, бирок айрым табигый боёктор азыр да пайдаланылат. Кыргыз эли өсүмдүк кабыгын, тамырын ж-а ашын тери, жип, тон, жүн боёодо эзелтеден бери колдонуп келген.