БОЁО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БОЁО – 1) колөнөрчүлүктө жүн, кийиз, тери ж-а жыгачка түрдүү түс берүү. Боёлуучу буюм м-н боёктун сапатына, касиетине жараша Б-нун түрдүү ыкмалары колдонулат. Чеберлер кийиз оюмдарын, сайма, килем, таар, чий көчөттөрүн, түймө чачыктарын, тери буюмдарын ж. б. жасоодо буюмду кызыл, жашыл, көк, кара түстөгү боёкторго боёп, кооздуктарды жаратышат. Ар кандай буюмду боёнун ыгын билген боёкчу табигый боёкторду (ышкын түп, чие, тоо талы, шилби, бөрү карагат, алманын күзгү жалбырагы, чөөл чүкүрү, анардын кабыгы, жошо ж. б.) пайдаланат. Мис., ышкын түп м-н боёо үчүн кеч күздө тоодон казып, кабыгын кырып, кертипкертип кургатып, жыгач сокуга жанчат. Теринин бетин жибитип, ага чыланган ышкын түптү текшилеп жаап, ороп коёт. Боёк бир топ күндө сиӊет. Кийиз ж-а жүн буюмдары чиенин тамырынан жасалган боёктон кызыл түскө, бөрүкарагаттын кургатылган тамырынан сары түскө боёлсо, жошо боз үйдүн жыгачтарын боёгонго колдонулат; 2) хим. жол м-н текстиль материалдары, кагаз, тери ж-а пластмассаларга түс берүү. Ө. Осмонов.