БОЗБУТОО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БОЗБУТОО Чаткал кыркатоосу м-н Нарын д-нын аралыгынан орун алган. Чыгыш жагындагы Атойнок тоосунан Карасуу суусу бөлүп турат; батыш жагы жапыздап, Пишкаран ойдуӊчасына өтөт. Уз. 30 км, туурасы 14 км, эӊ бийик жери – Шилби чокусу (2876 м). Тоонун негизин палеозой заманынын порфит, туф ж-а кумдук, акиташ тоотектери түзөт, капталдарында мезозой чөкмөлөрү жатат. Түш. этектерин палеогендин кызыл чополуу тектеринен турган адырлар ээлейт. Жарым чөл, кургак ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыттуу түш.-батыш этегинде (Майлысай) нефть кени бар.