БОЗКОӉОРЧОК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БОЗКОӉОРЧОК (Nitraria) – жуп жалбырактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийикт. 0,5– 2 мге жеткен, жерге төшөлүп өсүүчү бадал. Сабагы ак же малажашыл, көп бутактуу, көбүнчө тикендүү. Жалбырагы жан жалбырактуу, сабакка кезектешип жайгашат, жээги тегиз, өтө ширелүү, ошондуктан алар калыӊ. Гүлү беш мүчөлүү, саргыч же ак, жалбырак колтугунда жайгашып, бурулча топгүлгө чогулган. Аталыгы 5– 10, энелиги жалгыз, мөмөлүгү 3 уялуу, чаӊдагычы 3 бөлүктүү. Сөөктүү мөмөсү кара, кочкулкөк, ширелүү. Топгүлү – бурулча, түсү сары же ак, 5 мөмөчөлүү. Жержүзүндө 8 түрү белгилүү, Кырг-нда 2 түрү тоо этектеринде ак топурактуу, шор ж-а кумдак жерлерде өсөт. Балыкчы ш-на кире бериш жеринде өзгөчө өсүмдүк жамаатын – бархан өсүмдүктүүлүгүн түзөт. Бул аталган аймакта дайыма катуу шамал болуп тургандыктан, кум ар бир Б-тун түбүнө чогула берип, бийик дөӊчөлөрдү пайда кылат. Мөмөсү канаттууларга жакшы жем. Мурдатан эле жерг. эл самын кайнатууда, жүн же кездеме боёдо колдонуп келген.