БОЗ ҮЙ: нускалардын айырмасы
No edit summary Белгилер: Undo Reverted |
vol2_>KadyrM No edit summary Белги: Reverted |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОЗ ҮЙ ''' – байыркы көчмөн элдердин, | ''' БОЗ ҮЙ''' – байыркы көчмөн элдердин, а. и. кыргыздардын негизги турак жайы. Ал тез жы<font color='green'>й</font>нап, бат тигүүгө ыӊгайлуу, кереге-ууктары жалаӊ жыгачтан жасалгандыктан жеӊил к<font color='green'>е</font>лип, кышында жылуу, жайында салкын ж-а көрктүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Б. ү. Борб. Ази<font color='green'>я</font>нын көчмөн элдеринде жаралып, кийинчерээк түрк ж-а монгол элдери тарабынан бир кыйла | ||
өркүндөтүлгөн. Биздин замандын биринчи миӊ | |||
Б о з ү й д ү н т и г и л и ш и. | жылынын орто ченинен түрк к өчмөндө рү бүктөөгө ж-а жазууга боло турган эӊ ыӊгайлуу тор көздүү керегелерди пайдалана баштаган. Б. ү. тууралуу алгачкы маалыматтар кытай тарыхчыларынын хроникаларында (б. з. ч. 1-к.), Марко Полонун (1230-ж.), Плано Карпининин (1246-ж.), Клавихонун (1403-ж.) ж. б. саякатчылардын эмгектеринде кездешет. Б. ү-дү негизинен түз жерге тигишкен, о. эле көчмөндөр жо<font color='green'>р</font>туулга чыккан учурларда арабанын үстүнө т<font color='green'>и</font>гилген үйлөрдү да пайдаланышкандыгы бе<font color='green'>л</font>гилүү. Кыргыздарда Б. ү-дүн бийигирээк, конус түрүндөгү, ууктары аяк жагынан бир аз эле ийилген (Кырг-ндын түн. аймактарында) ж-а жайыгыраак, ууктары аяк жагынан көбүрөөк ийилген, жарым сфера түрүндөгү (Кырг-ндын түш.) түрлөрү кездешет. | ||
Б о з ү й д ү н ж а с а л ы ш ы. Б. ү. | |||
негизинен жыгачтан, кийизден, чийден, боочуудан турат. Жыгаччылыгына (сөөгүнө): ''уук, кереге, босого таяк'' (баш босого, аяк босого), ''түндүк,'' каалга кирет. Алар талдан, кайыӊдан жасалып, каалга, босого таяктарына оюм-ч<font color='green'>и</font>йимдер түшүрүлөт. ''Үзүк, туурдук, түндүк ж<font color='green'>а</font>буу, эшик тыш'' Б. ү-дүн жабуусун түзүп, нег<font color='green'>и</font>зинен ак кийизден жасалат. Үйдүн ички-сыр<font color='green'>т</font>кы жасалгалары: жабыкбаш боо, тегирич боо, | |||
үзүк боо, туурдук боо, жел боо, уук учтук, саканак таӊгыч, кылдырооч, канат чий, чыгдан | |||
өӊдүүлөрдөн турат. Сырткы боолору жүн м-н | |||
кылдан эшилсе, ичкилери атайын терип-сог<font color='green'>у</font>луп жасалат. Б. ү-дүн көлөмү керегенин кан<font color='green'>а</font>тынын санына жараша аныкталат. Эӊ кичин<font color='green'>е</font>си 4, эӊ чоӊу 12 канат же ууктун санына жар<font color='green'>а</font>ша 40, 60, 80, 100, 120 баштуу Б. ү. деп да ат<font color='green'>а</font>лат. Б. ү-дүн орт. диаметри 5 ''м'', коломтодон түндүккө чейинки бийиктиги 4–6 ''м'' болот. | |||
Б о з ү й д ү н т и г и л и ш и. Б. ү-дү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалып, су<font color='green'>у</font>га жакын, жол тарапты беттеп, эшиги шама<font color='green'>л</font>га каршы келбегендей түз жайга тигилет. Ад<font color='green'>е</font>генде төр керегеси жайылып, канаттары бири бирине кыналып, баштары кереге чалгыч м-н | |||
Төр | [[File:БОЗ ҮЙ54.png | thumb | Жалпы көрүнүшү.]] | ||
[[File:БОЗ | |||
Эшиги. | |||
[[File:БОЗ | чалынып, бекем байланып, эки чети таякка б<font color='green'>е</font>китилген босого коюлат. Жел боолорунун башы бакан м-н кошо түндүктүн так ортосундагы ча<font color='green'>м</font>гарагынан бакандын ачасына аштай бир адам кармап, үйдүн ортосуна туруп, өйдө көтөрүп б<font color='green'>е</font>рет. Түндүктүн көзчөлөрүнө ууктардын учтарын ар кайсы жерине туш-туштан сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге ба<font color='green'>ш</font>тарына байлангандан кийин түндүктү ошол уу<font color='green'>к</font>тар көтөрүп калат. Эгер бир тарабынан уук көбүрөөк тизилсе, түндүк ошол жагынан көтөрүӊкү көрүнөт. Бул учурда «түндүк чыгып кетти» деп коюшат. Мындай болгондо түндүк | ||
[[File:БОЗ | чыгып кеткен жактын карама-каршы тарабындагы керегенин бооруна жел боону алып барып, катуу тартып байлоо керек. Эшиктин боосу түндүктүн алкагы аркылуу баш босогого байл<font color='green'>а</font>нат. Керегенин сыртына канат чий курчалат. Б. ү-дүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы эшме чыйрак жиби эшик босогого бекитилет. Үйдүн кош туу<font color='green'>р</font>дугу да керегеге жабылып, туурдуктун бел курчоосу курчалат. Туурдуктун сызма, терме, б<font color='green'>у</font>кары боолору ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө байланат. Үзүгүн жабууга үч киши керек. Оболу анын боолору ичине келтирилип, | ||
канат чий, ''чыгданга'' (ашкана) көркөм көчөт түшүрүлүп, жасалгаланат. | үзүк тумарча кылынып үч бүктөлөт да, орт<font color='green'>о</font>сундагы адам бакан м-н өйдө шап көтөрөт. | ||
[[Category: 2-том]] | Үзүктүн үстүӊкү жээктери түндүктүн түбүнө т<font color='green'>а</font>калат. Анан четки экөө үзүктүн эки этегин ы<font color='green'>л</font>дам жайып кетет. Сырткы эшме боолору уу<font color='green'>к</font>кереге көздөрүнөн арта салынып келинип, бел кырчоо жипке илме тартылып, кайра керегенин түбүнөн ичкери өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзчөсүнө илмектүү байланат. Түндүк жабуу сы<font color='green'>р</font>тын карай эки бүктөлүп, Б. ү-дүн артынан бир эле адам так өйдө көтөрүп, бакан м-н жабат. Анын төрт боосунун бирөө үйдүн артына, экөө эки капталына бел кырчоого байланат. Алды<font color='green'>ӊ</font>кы жиби түндүк жабууну алга-артка тартууга ж-а түрүлгөн эшикти байлап коюуга ылайыкт<font color='green'>а</font>лып, беркилерден жоонураак келет. | ||
Б о з ү й д ү н и ч и. Б. ү-дүн ичинин бөлүнүшү ж-а андагы буюмдардын жайланышы элдин турмушу, салт санаасы м-н аныкталып, | |||
анын ар тарабы өзүнчө мааниге ээ. Б. ү-дүн о<font color='green'>р</font>тосуна коломто жайгашкан. Калган жери эшик м-н коломтого карата улага, эпчи (сол) жак, төр ж-а эр (оӊ) жагы болуп бөлүнгөн. Улага – | |||
үйдүн кире бериши. Эпчи жак – чыгдан м-н т<font color='green'>о</font>сулган, төрдөн эшикке карата сол тарабы. Анда ''ала бакан'' орнотулуп, ''аяк кап, чыны кап'' ил<font color='green'>и</font>нип, тамак-аш азыктары, идиш-аяк сакталат. Төр – үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, сыйлуу коноктордун орду к<font color='green'>а</font>тары эсептелет. Эр жагы – үйдүн оӊ тарабы. Ал жерде эркектердин кийими, куралы, ат жа<font color='green'>б</font>дык, ээр-токум ж. б. буюмдары коюлган. | |||
Б о з ү й д ү н ж а с а л г а л а р ы. Б. ү-дүн кооз жасалгаларынын бири – жабык баш. Анын этегине ''тегирич'' улай тигилет. Эшик чий, | |||
[[File:БОЗ ҮЙ55.png | thumb | Төр жагы.]] | |||
[[File:БОЗ ҮЙ56.png | thumb | none]] | |||
[[File:БОЗ ҮЙ57.png | thumb | Эшиги.]] | |||
[[File:БОЗ ҮЙ58.png | thumb | Эпчи жагы.]] | |||
[[File:БОЗ ҮЙ59.png | thumb | Эр жагы.]] | |||
канат чий, ''чыгданга'' (ашкана) көркөм көчөт түшүрүлүп, жасалгаланат. Б. ү-гө ''туш кийиз'' тартуу – эзелтен берки салт. Анын боолору уу<font color='green'>к</font>тун билегине тагылат. Б. ү-дүн кире беришиндеги оӊ ыптада ''ала баканга,'' кээде керегеге ''аяк кап,'' көөкөр, көнөчөк, көнөк, чыны кап улай илинет. Андан ары чыгдан тартылат. Жерге ала кийиз, шырдак, көлдөлөӊ, курак, сайма төшөктөр төшөлөт. Б. ү-дүн жүгү дө өзүнчө кооздук берет. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер элдик көркөм чыг-тын эстетикалык күчүн, жерг. | |||
өзгөчөлүгүн, улуттук мүнөзүн таасын көрсөтөт. Б о з ү й д ү ч е ч ү ү ж-а а н ы с а к т о о. | |||
Б. ү-дү чечүүдө оболу, түндүк жабуу алынат. Бо<font color='green'>о</font>лорун кырчоодон чечип, үзүктү сыйрып, үч бүктөйт. Жабык баш тегиричи м-н түрүлүп, бел кырчоо, эки туурдук төрт бүктөлөт. Канат чи<font color='green'>й</font>мелердин боолору чечилип, өзүнчө түрүлөт. Алар | |||
өз боолору м-н арчындалып таӊылат. Эшик чий | |||
өзүнчө оролот. Уук тизгичти түрүп, ууктарды аттап чечүү керек. Он чакты уук чечиле электе алабакан м-н жел боосун каттай кармап тиреп, түндүктү так көтөрүп алат. Чакан үйдүн уугу, керегеси экиден бөлүнүп таӊылат. Уук жыйн<font color='green'>а</font>лары м-н кереге чалгыч, кереге таӊгыч, сак<font color='green'>а</font>нак чалгычтар катар түрүлүп алынып, кереге канаттарын бириктирет. Керегенин канатын жыйноодо анын саканактарын кынаптап баст<font color='green'>ы</font>рып, аны саканак таӊгыч же кереге чалгыч м-н тыкан байлайт. Ууктар да өзүнүн боолору арк<font color='green'>ы</font>луу байланып, уук учтары сынбас үчүн ага уук учтук кийгизилет. Б. ү-дү сактоодо босого-таякка таштан, дөӊгөчтөн же кыштан бут кылып, үстүнө керегелерди жаткызат. Анын үстүнө ууктарды кынаптайт. Үстүнөн канат чий, ашкана чий, эшик | |||
чий, андан кийин туурдук м-н үзүктүн арасына | |||
үйдүн жип-шуулары, ички жасалгалары орун алат да, үстүнө түндүк көмкөрүлөт. Б. ү-дүн жабуул<font color='green'>а</font>рын ж-а жабдууларын кургак жайга кармап, ке<font color='green'>з</font>кез күнгө жайып, желдетип, о. эле күбөгө каршы дарыларды колдонушат. | |||
Б о з ү й д ү н т ү р л ө р ү. Сырткы көрүнүшү, ички жасалгасы ж-а турмуштагы маани-мазм<font color='green'>у</font>нуна карай бир нече түргө бөлүнөт: Ак өргөө, | |||
чоӊ үй, конок үй, кураштырма үй, тул салган | |||
үй, жолум үй, ''ашкана'', жылкычылардын үйү ж. б. Б. ү-дүн эӊ чоӊу Ак ордо 12 канаттан туруп, 180–200 баштуу болот. Түндүгү жеӊил, бекем болушу үчүн арчадан жасаган. Анын үч үзүгү, алты туурдугу болуп, жабуусун эркектер ат үст<font color='green'>ү</font>нөн жабышкан. Түндүгү эки бакан м-н көтөрү<font color='green'>л</font>гөн. Ичи, тышы асемделип, кооздолгон. Ак ордо эл башчылары туруучу жай – резиденция эке<font color='green'>н</font>дигин да билдирген. Байыртадан келе жаткан салт б-ча улуулары үйлөнүп, өзүнчө жашап, ат<font color='green'>а</font>энеси эӊ кичүү баласынын колунда жашаган, ал үйдүн көлөмү кичине болсо да, чоӊ үй деп | |||
аталган. Мындай үйдү «чоӊ үй» деп атоо м-н тууган-туушкандары карыларга урмат-сый көрсөткөнүн билдиришкен. Меймандос кыргыз эли конокторду кабыл алуу үчүн да өзүнчө үй көтөрүп, ал конок үйдүн ичи-тышы жасалгала<font color='green'>н</font>ган. Кураштырма үй турмушта эӊ сейрек кезд<font color='green'>е</font>шип, башка өлкөдөн келген өкүлдөрдү кабыл алуу үчүн колдонулса керек. Тарыхый маал<font color='green'>ы</font>маттарга караганда, бир мезгилде 500 киши ба<font color='green'>т</font>кан кураштырма үйлөр болгон экен. Тул салган | |||
үй 6–8 канаттан туруп, үй ээси каза болгондон | |||
ашын бергенче тигилген б-ча бир орунда ту<font color='green'>р</font>ган. Учурда Б. ү. аш-тойлордо, салтанаттуу ма<font color='green'>й</font>рамдарда, маркумдун сөөгүн коюу жөрөлгөсүндө, эсалуучу жайларда, о. эле ашкана катары да пайданылууда. ''А. Акматалиев.'' [[Category: 2-том, бүтө элек]] | |||
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БОЗ ҮЙ – байыркы көчмөн элдердин, а. и. кыргыздардын негизги турак жайы. Ал тез жыйнап, бат тигүүгө ыӊгайлуу, кереге-ууктары жалаӊ жыгачтан жасалгандыктан жеӊил келип, кышында жылуу, жайында салкын ж-а көрктүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Б. ү. Борб. Азиянын көчмөн элдеринде жаралып, кийинчерээк түрк ж-а монгол элдери тарабынан бир кыйла өркүндөтүлгөн. Биздин замандын биринчи миӊ жылынын орто ченинен түрк к өчмөндө рү бүктөөгө ж-а жазууга боло турган эӊ ыӊгайлуу тор көздүү керегелерди пайдалана баштаган. Б. ү. тууралуу алгачкы маалыматтар кытай тарыхчыларынын хроникаларында (б. з. ч. 1-к.), Марко Полонун (1230-ж.), Плано Карпининин (1246-ж.), Клавихонун (1403-ж.) ж. б. саякатчылардын эмгектеринде кездешет. Б. ү-дү негизинен түз жерге тигишкен, о. эле көчмөндөр жортуулга чыккан учурларда арабанын үстүнө тигилген үйлөрдү да пайдаланышкандыгы белгилүү. Кыргыздарда Б. ү-дүн бийигирээк, конус түрүндөгү, ууктары аяк жагынан бир аз эле ийилген (Кырг-ндын түн. аймактарында) ж-а жайыгыраак, ууктары аяк жагынан көбүрөөк ийилген, жарым сфера түрүндөгү (Кырг-ндын түш.) түрлөрү кездешет. Б о з ү й д ү н ж а с а л ы ш ы. Б. ү. негизинен жыгачтан, кийизден, чийден, боочуудан турат. Жыгаччылыгына (сөөгүнө): уук, кереге, босого таяк (баш босого, аяк босого), түндүк, каалга кирет. Алар талдан, кайыӊдан жасалып, каалга, босого таяктарына оюм-чийимдер түшүрүлөт. Үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик тыш Б. ү-дүн жабуусун түзүп, негизинен ак кийизден жасалат. Үйдүн ички-сырткы жасалгалары: жабыкбаш боо, тегирич боо, үзүк боо, туурдук боо, жел боо, уук учтук, саканак таӊгыч, кылдырооч, канат чий, чыгдан өӊдүүлөрдөн турат. Сырткы боолору жүн м-н кылдан эшилсе, ичкилери атайын терип-согулуп жасалат. Б. ү-дүн көлөмү керегенин канатынын санына жараша аныкталат. Эӊ кичинеси 4, эӊ чоӊу 12 канат же ууктун санына жараша 40, 60, 80, 100, 120 баштуу Б. ү. деп да аталат. Б. ү-дүн орт. диаметри 5 м, коломтодон түндүккө чейинки бийиктиги 4–6 м болот. Б о з ү й д ү н т и г и л и ш и. Б. ү-дү тигүүдө конуштун шартына карай орун тандалып, сууга жакын, жол тарапты беттеп, эшиги шамалга каршы келбегендей түз жайга тигилет. Адегенде төр керегеси жайылып, канаттары бири бирине кыналып, баштары кереге чалгыч м-н

чалынып, бекем байланып, эки чети таякка бекитилген босого коюлат. Жел боолорунун башы бакан м-н кошо түндүктүн так ортосундагы чамгарагынан бакандын ачасына аштай бир адам кармап, үйдүн ортосуна туруп, өйдө көтөрүп берет. Түндүктүн көзчөлөрүнө ууктардын учтарын ар кайсы жерине туш-туштан сая башташат. Бир нече уук сайылып, уук боолор кереге баштарына байлангандан кийин түндүктү ошол ууктар көтөрүп калат. Эгер бир тарабынан уук көбүрөөк тизилсе, түндүк ошол жагынан көтөрүӊкү көрүнөт. Бул учурда «түндүк чыгып кетти» деп коюшат. Мындай болгондо түндүк
чыгып кеткен жактын карама-каршы тарабындагы керегенин бооруна жел боону алып барып, катуу тартып байлоо керек. Эшиктин боосу түндүктүн алкагы аркылуу баш босогого байланат. Керегенин сыртына канат чий курчалат. Б. ү-дүн канат чийи экөө болот. Анын аралары кереге көздөрүнө, учтарындагы эшме чыйрак жиби эшик босогого бекитилет. Үйдүн кош туурдугу да керегеге жабылып, туурдуктун бел курчоосу курчалат. Туурдуктун сызма, терме, букары боолору ууктарга артылып келип, кереге көздөрүнө байланат. Үзүгүн жабууга үч киши керек. Оболу анын боолору ичине келтирилип,
үзүк тумарча кылынып үч бүктөлөт да, ортосундагы адам бакан м-н өйдө шап көтөрөт.
Үзүктүн үстүӊкү жээктери түндүктүн түбүнө такалат. Анан четки экөө үзүктүн эки этегин ылдам жайып кетет. Сырткы эшме боолору ууккереге көздөрүнөн арта салынып келинип, бел кырчоо жипке илме тартылып, кайра керегенин түбүнөн ичкери өткөрүлүп, керегенин төртүнчү көзчөсүнө илмектүү байланат. Түндүк жабуу сыртын карай эки бүктөлүп, Б. ү-дүн артынан бир эле адам так өйдө көтөрүп, бакан м-н жабат. Анын төрт боосунун бирөө үйдүн артына, экөө эки капталына бел кырчоого байланат. Алдыӊкы жиби түндүк жабууну алга-артка тартууга ж-а түрүлгөн эшикти байлап коюуга ылайыкталып, беркилерден жоонураак келет.
Б о з ү й д ү н и ч и. Б. ү-дүн ичинин бөлүнүшү ж-а андагы буюмдардын жайланышы элдин турмушу, салт санаасы м-н аныкталып,
анын ар тарабы өзүнчө мааниге ээ. Б. ү-дүн ортосуна коломто жайгашкан. Калган жери эшик м-н коломтого карата улага, эпчи (сол) жак, төр ж-а эр (оӊ) жагы болуп бөлүнгөн. Улага –
үйдүн кире бериши. Эпчи жак – чыгдан м-н тосулган, төрдөн эшикке карата сол тарабы. Анда ала бакан орнотулуп, аяк кап, чыны кап илинип, тамак-аш азыктары, идиш-аяк сакталат. Төр – үйдүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, сыйлуу коноктордун орду катары эсептелет. Эр жагы – үйдүн оӊ тарабы. Ал жерде эркектердин кийими, куралы, ат жабдык, ээр-токум ж. б. буюмдары коюлган.
Б о з ү й д ү н ж а с а л г а л а р ы. Б. ү-дүн кооз жасалгаларынын бири – жабык баш. Анын этегине тегирич улай тигилет. Эшик чий,





канат чий, чыгданга (ашкана) көркөм көчөт түшүрүлүп, жасалгаланат. Б. ү-гө туш кийиз тартуу – эзелтен берки салт. Анын боолору ууктун билегине тагылат. Б. ү-дүн кире беришиндеги оӊ ыптада ала баканга, кээде керегеге аяк кап, көөкөр, көнөчөк, көнөк, чыны кап улай илинет. Андан ары чыгдан тартылат. Жерге ала кийиз, шырдак, көлдөлөӊ, курак, сайма төшөктөр төшөлөт. Б. ү-дүн жүгү дө өзүнчө кооздук берет. Жүктүн астындагы такта, ага жабылган терме таар, калы килем, сандык, жагдан, күмүш ала бакан, андагы ат жабдыктар, улуттук кийимдер элдик көркөм чыг-тын эстетикалык күчүн, жерг. өзгөчөлүгүн, улуттук мүнөзүн таасын көрсөтөт. Б о з ү й д ү ч е ч ү ү ж-а а н ы с а к т о о. Б. ү-дү чечүүдө оболу, түндүк жабуу алынат. Боолорун кырчоодон чечип, үзүктү сыйрып, үч бүктөйт. Жабык баш тегиричи м-н түрүлүп, бел кырчоо, эки туурдук төрт бүктөлөт. Канат чиймелердин боолору чечилип, өзүнчө түрүлөт. Алар өз боолору м-н арчындалып таӊылат. Эшик чий өзүнчө оролот. Уук тизгичти түрүп, ууктарды аттап чечүү керек. Он чакты уук чечиле электе алабакан м-н жел боосун каттай кармап тиреп, түндүктү так көтөрүп алат. Чакан үйдүн уугу, керегеси экиден бөлүнүп таӊылат. Уук жыйналары м-н кереге чалгыч, кереге таӊгыч, саканак чалгычтар катар түрүлүп алынып, кереге канаттарын бириктирет. Керегенин канатын жыйноодо анын саканактарын кынаптап бастырып, аны саканак таӊгыч же кереге чалгыч м-н тыкан байлайт. Ууктар да өзүнүн боолору аркылуу байланып, уук учтары сынбас үчүн ага уук учтук кийгизилет. Б. ү-дү сактоодо босого-таякка таштан, дөӊгөчтөн же кыштан бут кылып, үстүнө керегелерди жаткызат. Анын үстүнө ууктарды кынаптайт. Үстүнөн канат чий, ашкана чий, эшик чий, андан кийин туурдук м-н үзүктүн арасына үйдүн жип-шуулары, ички жасалгалары орун алат да, үстүнө түндүк көмкөрүлөт. Б. ү-дүн жабууларын ж-а жабдууларын кургак жайга кармап, кезкез күнгө жайып, желдетип, о. эле күбөгө каршы дарыларды колдонушат. Б о з ү й д ү н т ү р л ө р ү. Сырткы көрүнүшү, ички жасалгасы ж-а турмуштагы маани-мазмунуна карай бир нече түргө бөлүнөт: Ак өргөө, чоӊ үй, конок үй, кураштырма үй, тул салган үй, жолум үй, ашкана, жылкычылардын үйү ж. б. Б. ү-дүн эӊ чоӊу Ак ордо 12 канаттан туруп, 180–200 баштуу болот. Түндүгү жеӊил, бекем болушу үчүн арчадан жасаган. Анын үч үзүгү, алты туурдугу болуп, жабуусун эркектер ат үстүнөн жабышкан. Түндүгү эки бакан м-н көтөрүлгөн. Ичи, тышы асемделип, кооздолгон. Ак ордо эл башчылары туруучу жай – резиденция экендигин да билдирген. Байыртадан келе жаткан салт б-ча улуулары үйлөнүп, өзүнчө жашап, атаэнеси эӊ кичүү баласынын колунда жашаган, ал үйдүн көлөмү кичине болсо да, чоӊ үй деп аталган. Мындай үйдү «чоӊ үй» деп атоо м-н тууган-туушкандары карыларга урмат-сый көрсөткөнүн билдиришкен. Меймандос кыргыз эли конокторду кабыл алуу үчүн да өзүнчө үй көтөрүп, ал конок үйдүн ичи-тышы жасалгаланган. Кураштырма үй турмушта эӊ сейрек кездешип, башка өлкөдөн келген өкүлдөрдү кабыл алуу үчүн колдонулса керек. Тарыхый маалыматтарга караганда, бир мезгилде 500 киши баткан кураштырма үйлөр болгон экен. Тул салган үй 6–8 канаттан туруп, үй ээси каза болгондон ашын бергенче тигилген б-ча бир орунда турган. Учурда Б. ү. аш-тойлордо, салтанаттуу майрамдарда, маркумдун сөөгүн коюу жөрөлгөсүндө, эсалуучу жайларда, о. эле ашкана катары да пайданылууда. А. Акматалиев.