БОЙЛА: нускалардын айырмасы
Белги: Undo |
vol2_>KadyrM No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОЙЛА ''' – орто кылымдардагы Түрк | ''' БОЙЛА''' – орто кылымдардагы Түрк каганд<font color='green'>ы</font>гындагы ж-а Кыргыз мамлекетиндеги жогорку даражадагы мансаптык башкаруу титулу. 7-к-га тиешелүү рун жазмаларындагы маалыматтар б-ча, Тонйукуктун демилгеси м-н Кутлуг өзүн Илтериш-каган деп жарыялап, Тонйукук бо<font color='green'>й</font>ла бага тархан, ал эми Мочжо ж-а Дусифу ата<font color='green'>л</font>ган кенже инилери шад, ябгу (жабгу) наамд<font color='green'>а</font>рына ээ болушкандыгы белгилүү. Демек, бойла бага тархан – кагандын башкы кеӊешчиси, ба<font color='green'>ш</font>кы иш башкаруучусу болгон. 1900-ж. Моӊголи<font color='green'>я</font>нын Сужа жеринен табылган рун жазуу эстел<font color='green'>и</font>гинде мындай маалыматтар берилет: «Мен ке<font color='green'>л</font>дим, Уйгур жергесинде Яглакарханды жаа м<font color='green'>е</font>нен атып өлтүрдүм. Мен кыргыздын уулумун. Мен Бойла Кутлуг Ярганмын. Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн аткаруучумун. Менин даӊкым күн чыгыштан күн батышка чейин угулду...». Демек, Б. – кыргыз аскер башчысынын мамл. башкаруу иерархиясындагы т<font color='green'>и</font>тулун туюндурат. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Таркан кыргыз тарт<font color='green'>и</font>бин Борб. Азия аймактарына орношуна жетекчилик кылган. ''М. Кожобеков. ''[[Category: 2-том, бүтө элек]] | ||
[[Category: 2-том]] |
08:27, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БОЙЛА – орто кылымдардагы Түрк кагандыгындагы ж-а Кыргыз мамлекетиндеги жогорку даражадагы мансаптык башкаруу титулу. 7-к-га тиешелүү рун жазмаларындагы маалыматтар б-ча, Тонйукуктун демилгеси м-н Кутлуг өзүн Илтериш-каган деп жарыялап, Тонйукук бойла бага тархан, ал эми Мочжо ж-а Дусифу аталган кенже инилери шад, ябгу (жабгу) наамдарына ээ болушкандыгы белгилүү. Демек, бойла бага тархан – кагандын башкы кеӊешчиси, башкы иш башкаруучусу болгон. 1900-ж. Моӊголиянын Сужа жеринен табылган рун жазуу эстелигинде мындай маалыматтар берилет: «Мен келдим, Уйгур жергесинде Яглакарханды жаа менен атып өлтүрдүм. Мен кыргыздын уулумун. Мен Бойла Кутлуг Ярганмын. Мен башкаруучу Кутлуг Бага Таркандын өкүмүн аткаруучумун. Менин даӊкым күн чыгыштан күн батышка чейин угулду...». Демек, Б. – кыргыз аскер башчысынын мамл. башкаруу иерархиясындагы титулун туюндурат. Кыргыздын көрүнүктүү аскер башчысы Бойла Кутлуг Таркан кыргыз тартибин Борб. Азия аймактарына орношуна жетекчилик кылган. М. Кожобеков.