БОКСИТ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (1 версия) Белги: Reverted |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОКСИ́Т ''' (фр. ''baхite'', Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий | ''' БОКСИ́Т''' (фр. ''baхite'', Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидро<font color='green'>к</font>сидинен (35–85%), чопо м-н карбонаттуу мин<font color='green'>е</font>ралдардын кошундуларынан, темир, кремний ж-а титандын бирикмелеринен турган чөкмө то<font color='green'>о</font>тек. Б-ти түзүүчү минералдарга диаспор, бемит, | ||
[[Category: 2-том]] | |||
гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, ка<font color='green'>о</font>линит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. к<font color='green'>и</font>рет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Клим<font color='green'>а</font>ты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоотектердин лат<font color='green'>е</font>риттик талкалануу процессинен ж-а көл м-н деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет ө<font color='green'>л</font>көлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, И<font color='green'>н</font>дия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Браз<font color='green'>и</font>лия) ж. б. жерлерде бар. Б. – алюминийдин н<font color='green'>е</font>гизги кенташы (к. ''Алюминий кенташтары''). О. эле ал боёк, цемент жасоодо ж-а металлу<font color='green'>р</font>гия м-н нефть өнөржайында пайдаланылат. [[Category: 2-том, бүтө элек]] | |||
02:42, 20 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БОКСИ́Т (фр. baхite, Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) – негизинен алюминий гидроксидинен (35–85%), чопо м-н карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний ж-а титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоотек. Б-ти түзүүчү минералдарга диаспор, бемит,
гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит ж. б. кирет. Өӊү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоотектердин латериттик талкалануу процессинен ж-а көл м-н деӊиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан ж. б.; чет өлкөлөрдө – Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) ж. б. жерлерде бар. Б. – алюминийдин негизги кенташы (к. Алюминий кенташтары). О. эле ал боёк, цемент жасоодо ж-а металлургия м-н нефть өнөржайында пайдаланылат.