ГРЕК-ПЕРС СОГУШТАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРЕК-ПЕРС СОГУШТАРЫ (б. з. ч. 500–449) – көз каранды эместигин коргогон байыркы грек полистеринин (шаар-мамлекеттер) Персия м-н согуштары. Согуштун чыгышына Афины м-н Эретриянын Кичи Азиядагы грек полистеринин
Персия үстөмдүгүнө каршы көтөрүлүшүн колдоп, согуш кемелерин жардамга жибериши шылтоо болгон. 493-ж. Мардоний жетектеген Персия армиясы көтөрүлүштү басып, Фракияны каратып кайткан. 490-ж. Датис ж-а Артаферн баштаган Персия армиясы Эвбеяны басып алат, бирок атактуу Марафон талаасындагы салгылашууда афинылыктар м-н платеиликтерден (кол башчысы Мильтиад) жеӊилип калган. Персия падышасы Ксеркстин башчылыгы астында жаӊы жортуул башталганга чейин (480), Афиныда Фемистоклдин демилгеси м-н чоӊ флот түзүлөт. Ксеркс бул жолу Фермопилы өткөөлүнөн өтүп, Беотия ж-а Аттиканы кыйратып, Афиныны талкалайт. Бирок Персия армиясы ошол эле жылы ж-а кийин деӊизде да, кургакта да бир нече оор жеӊилүүгө учурайт. Гректердин бул жеӊиштери чындыгында Г.-п. с-нын тагдырын чечет. Грекия армиясы кол башчы Кимондун жетекчилиги астында Фракия ж. б. жерлерди басып алат. Бирок Г.-п. с. бирде басылып, бирде кайра башталып олтуруп, 449-ж. чейин созулат. Саламин ш-нын алдындагы гректердин ири жеӊиши Персия м-н Каллий тынчтыгынын (б. з. ч. 449, Афинынын атынан келишимди түзүүгө катышкан адамдын атынан аталган) түзүлүшү м-н аяктаган. Келишимдин шарттары б-ча Персия Эгей деӊизиндеги, Геллеспонттогу ж-а Боспордогу ээликтеринен ажырап, Кичи Азиядагы полистердин саясий өз алдынчалыгын тааныйт. Бул согуштардан кийин грек кул ээлик коому гүлдөп, Афины күчтөнө баштаган. Ад.: Греко-персидские войны//Древняя Греция. М., 1956; Геродот. История в девяти книгах/Рус. пер. Ф. Г. Мищенко. Т. 1 – 2. М., 1888