ВИВАЛЬДИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИВА́ЛЬДИ Антонио (4.3.1678‚ Венеция – 27 же 28.7.1741‚ Вена) – итал. композитор‚ скри­пач‚ дирижёр ж-а педагог. Жаштайынан скрип­када мыкты ойноп таанылган. 1703-жылдан педагог‚ кийин оркестр дирижёру ж-а концерт­тердин директору‚ 1713-жылдан «Пиета» аял­дар консерваториясынын директору болгон.


А. В и ва льди. Белгисиз сүрөтчү тарткан портрет. 1700. Му­з ы калык­б иб - лиографиялык муз е й ( Б оло­нья).



В. өз операларын коюу аркылуу Венеция театр турмушунун гүлдөп-өсүүсүнө көп күч-кубатын сарптаган. 1718–22-ж. Мантуядагы аксарайда кызмат өтөгөн‚ калган өмүрүн Италияда‚ башка Европа өлкөлөрүндө концерт берүү м-н өткөргөн. В-нин чыг-лык мурасы бай: 465 аспаптык кон­церт‚ ораторияларды‚ кантаталарды‚ 40тан ашуун опера жазган. Ал И. C. Бахтын чыг-лы­гына да таасирин тийгизген. Cкрипкада ойноо техникасын болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн. Аны программалуу симфониянын атасы деп аташкан: белгилүү «Жыл мезгилдери» циклдеринен тыш­кары «Эңсөө»‚ «Деңиздеги бороон»‚ «Түн»‚ «Фа­ворит» ж. б. концерттерди жазган. Италиянын Cиена ш-нда Антонио Вивальди ин-ту иштейт.