ВИДЕО-АРТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ДЕО-АРТ (англ. video art) – эксперименттик тажрыйбалык изилдөө нугунда пайда болгон (1960) көркөм иск-вонун формаларынын бири. В.-а-тын негизин видеотехника м-н жасалган тажрыйбалар, компьютердик ж-а телекөрсөткүчтүк сүрөттөө түзөт. Чындыкты иллюзия түрүндө берүүнү аныктаган тех. коддун шарттуулугу м-н маанилүүлүгүн заманбап видеотехниканы пайдал ануу ж-а ар кандай жолдор м-н тилди анализдөө аркылуу билсе болот.

Тилди анализдөө
(бул жерде массалык коммуникациянын визуалдык каражаттар тили) В.-а-ты концептуалдык көркөм иск-во м-н жакындатат. Бул тармакта Нам Джун Пайк (ал В.-а-тын негиздөөчүсү деп эсептелет), Кит Соньет, Уильям Уэгмен, Клаус Ринке, Брюс Науман, Лес Левин ж. б. сүрөтчүлөр эмгектенишкен.