ВИЖНЯНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИЖНЯ́НА (санскритче айырмалоо, ажыратып билүү) – буддизмдин эки негизги мектебинин бири – махаяналар окуусуна таандык, Байыр­кы Индия таанып-билүү теориясы м-н психо­логиясындагы нерселерди бири-биринен айыр­малай алууга, өзгөчөлүктөрүн ажырата билүүгө жөндөмдүү талдоого гана негизделгендикти бил­дирген түшүнүк. В. б-ча ар кандай мазмундун баарынан ажыратылган таптаза аңсезим гана – дүйнөдөгү бирден бир реалдуулук. Ааламдагы сан-түркүн нерсенин баары – В-нын гана ар кыл көрүнүштөрү. Адам деген шарттуу атама: зат­тык дүйнө денеден, заттык эмес дүйнө зээнден ж-а В. аңсезимден турат.