ВИЗАНТИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИЗАНТИ́Я , В и з а н т и я и м п е р и я с ы – 395–1453-ж. өкүм сүргөн мамлекет. Алгач «Ромейлер империясы» деп аталган. Анын борбору Рим императору Константин I мурдагы Византий колониясынын ордуна 324–330-ж. негиздеген Константинополь ш. (1453-жылдан Стамбул) болгон. В-нын курамына Балкан ж. а., Кичи Азия, Сирия, Палестина, Египет, Киренаика, Месопотамия, Армениянын бир бөлүгү, Эгей деңизиндеги аралдар (Кипр, Крит, Родос ж. б.), Крым ж. а-нын түндүгү кирген. В. калкы ар кыл этностордон туруп, ага гректер, сириялыктар, копттор, армяндар, грузиндер, еврейлер, кичи азиялык эллиндешкен уруулар, фракиялыктар, иллириялыктар, дактар кирген. 4–6-кылымда калкынын саны 50 млндон 65 млнго чейин жеткен. Ошону м-н бирге өлкөнүн аймагына башка элдер (готтор 4–5-кылымда, славяндар 6–7-кылымда, арабдар 7–9-кылымда, печенегдер, кыпчактар 11–13-кылымда) жайгаша баштаган. 6–11-кылымда В. калкынын курамына кирген этнос топторунан кийинчерээк италян эли калыптанган. В-нын экономикасында, саясий турмушунда ж-а мад-тында грек калкы чоң роль ойногон. Империянын мамл. тили 4–6-кылымда латын, 7-кылымдан В. кыйраганга чейин грек тили болгон. Империянын ири шаары, колөнөрчүлүк ж-а эларалык соода борбору болгон Константинополь Иран, Индия, Кытай ж. б. мамлекеттер м-н соода жүргүзүп турган. В. 4–5- к-да борбордошкон аскердик бюрократтык монархияга айланган. 4-кылымдан христиан дини негизги дин катары кабыл алынып, 70-жылдардан баштап варварлар м-н мамиле жасоо маселеси өлкөнүн тышкы ж-а ички саясатында чоң роль ойногон. Император Юстиниандын (527– 565) тушунда борбордошкон бюрократтык монархия бир кыйла күчөгөн. Ал күчтүү армия түзүп, 533–534-ж. Түн. Африкадагы вандалдар мамлекетин, 535–555-ж. Италиянын Остгот королдугун, 554-ж. Түш.-чыгыш Испаниянын бир бөлүгүн караткан. Мамлекеттин түн.-чыгыш аймактарын кеңейтүү үчүн, Батыш м-н Чыгышты байланыштырып келген Улуу жибек жолуна көзөмөл орнотуу максатында Иранга каршы Түрк кагандыгы м-н аскердик союз түзөт (к. Батыш Түрк кагандыгы). В-га чектеш жашаган айрым түрк уруулары В. армиясынын катарында кызмат өтөп, алар акырындык м-н Кичи
Азияга, Кавказга, Балкан ж. а-на отурукташа баштаган. Анын тушунда В-лык арх-ра ж-а ад-т өнүккөн. Бирок анын мурдагы Рим империясын кайра калыбына келтирүү аракети ишке ашпаган ж-а кийинки урпактары бийликти узакка кармап тура алган эмес. Салыктардын оордугуна нааразы болгон эл бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгып (эң белгилүүсү «Ника козголоңу»), өлкөнү бир топ алсыраткан. Натыйжада, акырындык м-н күч алып келаткан арабдар 632–642-ж. В-нын өтө бай чыгыш провинцияларын (Сирия, Палестина, Жогорку Месопотамия), 693–698-ж. Түн. Африкадагы жерлерин басып алган. 7-кылымдын аягында В-нын карамагында Юстиниандын убагындагы өлкөнүн аймагынын 1/ инен ашпаган бөлүгү калган. Балкан ж. а-на славян уруулары 6-кылымдын аягынан тартып отурукташа баштап, алар 7-кылымда В-нын бир кыйла жерине: Фракия, Македония, Далмация, Грекиянын бир бөлүгүнө, ал эмес Кичи Азияга чейин жайгашкан. Калктын этностук курамы Кичи Азия жагында да өзгөргөн. Анда армяндар, перстер, сириялыктар, арабдар отурукташкан. Бирок чыгыш провинцияларын тарттырып жиберген соң, В. этнос жагынан бир өңчөй өңдөнүп, анын уюткусу гректер же грекче сүйлөгөн эллиндешкен уруулар болуп калган. 7–8-кылымда админ. түзүлүшүндө маанилүү өзгөрүүлөр болуп, жаңы аскердик админ. округдар (фемалар) түзүлгөн. Аскердик ж-а гражд. бийлик бүт бойдон фемалык аскер командири – страдигдин колуна өткөн. Империянын согуштук күч-кубаты артып, арабдар ж-а болгарлар м-н болгон согуштарда ийгиликке жеткен. Ошону м-н бирге константинополдук аксөөктөр м-н байланышта бийлик жүргүзгөн динчилерге каршы эл массасынын нааразылыгын туюнткан диний-саясий кыймыл башталып, аны провинция аксөөктөрү өз мүдөөлөрү үчүн пайдаланууга умтулган. Кыймылды Исаврий династиясынан чыккан императорлор башкарып, монастырь м-н чиркөө байлыктарын казынага алышкан. Императорлордун мындай саясаты провинция аксөөктөрүнүн нааразычылыгын күчөтүп, анын жамааттарга көрсөткөн кысымы каршылык күрөшүн ырбаткан, феодалдарды чочутуп, 843-ж. иконага табынууну калыбына келтирүүгө түрткү болгон. Өкмөт ж-а аскер төбөлдөрү динчилер м-н келишип, элдик кыймылды басып турган. В-да 9-кылымдын 2-жарымы – 10-кылымда борбордошкон монархия түзүлгөн. 9-кылымдын 2-жарымынан В. шаарлары өсүп-өнүгүп, 10-кылымда аларда о. кылым шаарларына мүнөздүү белгилер пайда болгон. Мис., майда колөнөрчүлүк, соода-колөнөрчүлүк корпорациялары уюштурулуп, алардын иш-аракетин мамлекет теске ген.
Өндүрүштө эркин колөнөрчү негизги роль ойносо да, кулдуктун сакталып турушу ошол кездеги В. шаарларынын бир бөтөнчөлүгү болгон. 12-кылымда В. шаарларынын экономикасы начарлап, колөнөр өндүрүшү кыскарган. 9-кылымдын 2-жарымы – 11-кылымда В-нын тышкы саясаты согуш жүргүзүүгө негизделген. Ал араб, славян, кийинчерээк норманн элдери м-н дайыма согушуп турган. 10-кылымдын орто ченинде В. арабдардан Жогорку Месопотамияны, Кичи Азиянын бир бөлүгүн, Сирияны, Критти, Кипрди тартып алган. 1018-ж. Батыш Болгария падышалыгын ээлеп, Балкан ж. а-нан Дунайга чейин бийлеп турган. 9–11-кылымда Киев Русу м-н өзара мамилелер В-нын тышкы саясатында чоң роль ойногон. 10-кылымдын акырында Русь В-дан христиан динин кабыл алган. В-га 11-кылымдын ортосунан

тартып чыгыштан түрк-селжуктар кол салып турган. 1071-ж. селжуктар Маназкертте (Армения) император Роман IV Диогендин аскерлерин талкалап, өзүн туткунга алышкан, бирок Кичи Азиядагы айрым аймактарды берүү шарты м-н бошотушкан. 11-кылымдын орто ченинде норманндар В-нын Түш. Италиядагы ээлеген жерлерин басып алган. 11-кылымдын 70-жылдарында бийлик үчүн күрөш күчөп, 1081-жылдан Комниндер династиясы (1081–1185) сурайт. 1185-ж. Константинополдогу аксөөктөрдүн козголоңунан кийин Ангелдер династиясы (1185–1204) бийликке келет. Бул династиянын тушунда В. экон. кризиске учурап, саясий бытырандылык күчөйт. Шаарлар тукулжурап, армия м-н флот начарлап, империя бөлүнө баштайт. 12-кылымдын акырында В. м-н Батыштын ортосунда карама-каршылык күчөйт; папачылык Византия чиркөөлөрүн рим курияларына баш ийдирүүгө, Венеция В-дан өз атаандаштарын – Генуя м-н Пиза-
ны сүрүп чыгарууга, «Ыйык Рим империясынын» императорлору В-ны багынтууга умтулган. Мына ушундай саясий кырдаалдардан пайдаланып, крест жортуулдарын уюштуруучулар Палестинанын ордуна Константинополду басып алууга киришкен. 1204-ж. 4-крест жортуулунун натыйжасында Константинополь багындырылып, В. империясы кыйраган. В-нын кресттүүлөр басып алган жерлеринде Латын империясы (1204–61) негизделет. Кресттүүлөргө карабаган жерлерде көзкаранды эмес грек мамлекеттери: Никей империясы (1204–61), Трапезунд империясы (1204–1461) ж-а Эпир мамлекети (1204– 1337) пайда болот. Латын империясына каршы күрөшүүдө Никей империясы чоң роль ойнойт. 1261-ж. Никей императору Михаил VIII Палеолог грек калкынын колдоосуна таянып, Константинополду кайра алат да, В. империясын калыбына келтирет. Бирок, Трапезунд ж-а Эпир мамлекеттери ага кошулбай, өзалдынчалыгын сактап калган. Мамлекеттин ичиндеги өзара чыр-чатактар В-ны начарлатат да, осмон түрктөрү 14-кылымдын башынан тартып анын аймагын басып ала баштайт. 1354-ж. Галлиполи, 1362-ж. Адрианополь (Эдирне) басылып алынат. 1371-ж. Марицанын алдындагы жеңилүүдөн кийин Сербия, алардын артынан В. да түрктөргө вассалдык көзкарандылыгын тааныйт. 1402-ж. Анкаранын алдындагы түрк аскерлеринин Тимурдан жеңилиши В. империясынын кыйрашын убактылуу токтоткон. В-нын Батыш Европадан жардам сурап, союздаштарды издөө аракетинен майнап чыккан эмес. Анын экономикасынын төмөндөшү, карама-каршылыктардын күчөшү, Батыш Европа мамлекеттеринин ачкөздүк саясаты осмон түрктөрүнүн В-ны жеңип алышын жеңилдеткен. Эки айлык камалоодон кийин, 1453-ж. 29-майда түрк султаны Мехмед II Фатих (Баскынчы) баштаган түрк армиясы Константинополду басып алып, талап-тонойт. 15-кылымдын 60- жылдарында В. – империясы жашоосун токтотуп, анын аймагында Осмон империясы түзүлөт.
Византия маданияты. В. мад-ты рим, грек ж-а чыгыш мад-тынын таасиринде өөрчүп, негизинен диний (христиандык) мүнөздө болгон. Мад-ттын бардык тармагындагы маанилүү түшүнүктөр м-н ойлор христиан мифологиясындагы салттуу образдар ж-а фразеология аркылуу туюнтулган. В-лыктар жердеги кудай деп императордун зоболосуна сыйынышкан. Библия, о. эле антикалык классиктер ар бир адам үчүн өтө керек билимдердин жыйындысы деп эсептелген. Ошол себептен В-да салт-санаанын таасири (традиционализм) аябай күчтүү болгон. Билимдин булагы тажрыйба эмес, салт деп саналып, эксперимент м-н ил. байкоолор анча өнүккөн эмес. В. мад-ты кубулуштарды анализ кылып карагандан көрө, системага салып иликтегенге көбүрөөк көңүл бөлгөн. В-нын эл агартуу системасында, илиминде, ад-тында, сүрөт өнөрүндө, үйтиричилигинде антикалык салттар басымдуулук кылган. Византиялыктар өз мадтын адамзаттын эң бийик жетишкендиги катары эсептеп, башка элдердин мад-тына таасирленүүдөн же аны тууроодон атайылап баш тартышкан. Алар 11-кылымдан баштап гана араб медицинасына, чыгыш ад-тына, кийинчерээк араб ж-а перс математикасына кызыга баштаган. В. мад-ты ад-т, сүрөт, дин ж. б. б-ча коңшу өлкөлөргө зор таасирин тийгизген. Айрыкча антикалык мурастарды сактоодо В-нын ролу чоң болгон. 12-кылымга чейин В-да эл агартуу системасы Европага караганда жогорку деңгээлде болгон. Баштапкы билим алуу мөөнөтү 2–3 жыл, орто билимди грамматик-мугалимден же чечендик б-ча мугалимден алышкан. Окутуунун программасына орфография, граммат. нормалар, ырдын түзүлүшү, чечендик өнөр, документ даярдоо өнөрү, философия м-н тарых кирген. 11-кылымдын орто ченинде Константинополдо чиновниктерди даярдоочу укуктук ж-а филос. мектептер ачылат. В-да математиканын коомдук бедели чечендик м-н философияга караганда төмөн турган. 4–6-кылымда В-дагы математика антикалык классиканы комментарийлөө м-н гана чектелип, ал эми зоология, ботаника, агрономия ил. жактан терең такталып жазылган эмес. В-лык медицина антикалык салтка негизделген. Византиялыктар геогр. карта түзүүнү билишкен. В. философиясынын негизги булагы – Библия ж-а классикалык грек философиясы (Платон, Аристотель) болгон. 4–7-кылымда В. философиясында 3 багыт өкүм сүргөн: 1) неоплатонизм, 2) гностицизм-манихейлик дуализм, 3) христиандык диний багыт. В. философиясы о. кылымдагы схоластикага, Италиядагы Кайра жаралууга, славян өлкөлөрүндөгү, Армения м-н Грузиядагы филос. ой-пикирдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. В-нын ад-ты байыркы грек ад-тынын салтында калыптанган. Славяндар үстөмдүгү учурунда эпос, ода, эпиграмма жанрлары өнүккөн. Ошол кездин өкүлү А. Византийскийдин чыг-лары – В. ад-тынын классикалык үлгүлөрү. В. арх-расы м-н сүрөт өнөрү антикалык иск-вонун салттарын уланткан. Буга мисал – 4–5-кылымдагы Константинополь арх-расы: 4-кылымда мурдагы чиркөө базиликалары м-н кумпалуу имараттардан айырмаланган жаңы типтеги храмдар салына баштайт. 6-кылымда зодчийлик дүркүрөп өсөт. 9–12-кылымда анда крест-кумпалуу храмдын тиби негизги орун ээлейт. Мис., Мирелеон чиркөөсү (10-к.), Пантократора храм комплекси (12-к.). Кресттүүлөрдүн жортуулунан кийин В. мад-ты Константинополдо ж-а Грекия м-н Кичи Азия аймагында кайрадан гүлдөйт. О. кылымдагы арх. итал. зодчийликтин айрым мотивдерин өзүнө сиңирип, ренессанстык тенденциялардын калыптанышын чагылдырат (Константинополдогу Текфур-серай аксарайы,
14-к.). В. живописи өз идеяларын адамдын образы аркылуу билдирген. 9–12-кылымда В. живописинин жалпы принциптери айрым көркөм мектептерде иштелип чыккан. Китеп миниатюрасында зергерлик-декоративдүү стиль үстөмдүк кылган. Миниатюраларда тарыхый адамдардын портреттери даана тартылган. 9–12-кылымдагы скульптурада рельефтүү иконалар ж-а декоративдүү оюулар басымдуу болгон. 13–14-к. живопистин айрыкча гүлдөгөн учуру болгон. Мис., Хора монастырынын мозаикасы (Константинополь, 14-к.). В. музыкасы сирия (4-к.), араб (8-к.), славян ыр мад-тынын элементтерин өзүнө сиңирген. Айрыкча чиркөө ырлары өнүгүп, майрамдарда, салтанаттуу кечелерде аспаптык музыка ойноо кеңири тараган. В-лык нота жазуунун бир нече түрү болгон: экфонетикалык (6– 8-к.), штрихтик (8–12-к.), тегерек (12–14-к.). В. музыкасы 9-кылымга чейин европ. көп өлкөлөрдүн мад-тына таасирин тийгизген. Муз. мадтынын жогорулашы Афон монастырынан чыккан гимн жазуучу Иоанн Кукузелдин ишмердүүлүгү м-н байланышкан. В-нын мад-тынын андан ары жогорулашына түрк баскынчылыгы чекит кой гон.
Ад. : Курбато в Г. Л. История Виз ант ии ( от античности к феодализму). М., 1984; Левченко М. В. История Византии. Краткий очерк. М.; Л., 1940; История Византии. Т. 1–3. М., 1967; Каждан А. П. Византийская культура (Х–ХII вв.). М., 1968.