ВИЗЕ-немис социологу: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ЗЕ (Wiese) Леопольд фон (2.12.1876, Польша, Глац, азыркы Клодзко ш. – 11.1. 1969, Кёльн) – немис социологу, формалдык социологиянын ири өкүлү. В. социологиянын маңызын мүнөздөп келип, анын башкы максаты социалдык көрүнүштөрдүн жалпыга бирдей формаларын изилдөө деп эсептеген да, ошол эле учурда, социалдык кубулуштарды анын конкреттүү тарыхый мазмунунан ажыратып жиберген. «Мамилелердин социологиясы» деп аталган тезис В-нин теориясынын негизин түзөт. Анын тастыктамасында коом деген – абстракция. Адамдар ортосундагы ар бир мамиле-алака белгилүү социалдык процесстердин натыйжасы деп эсептелген чиелешкен мамилелер – «социалдык» же «адамдык алака» дегендер гана бар. Социалдык процесстердин негизинде адамдар мамилелеринин жыйындысы катары социалдык курамдар келип чыгат. В. бул мамилелерди конкреттүүлүк ж-а абстракттуулук даражасы б-ча жиктеген: конкреттүү топтор (кыска убак жашоочулар), абстракттуу топтор (узакка жашоочулар) – эл, улут ж-а тикелей өзара мамиледегилер – үйбүлө; абстракттуу жамааттар – мамлекет, чиркөө. Бул концепциясын марксисттик теорияга карама-каршы койгон. Т. Абдылдабеков.