ВИКИНГДЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИКИНГДЕР – өз жерлерине ж-а Европанын башка өлкөлөрүнө талап-тоноочулук жортуулдарга чыгып турган о. кылымдагы скандинавия-

лык деңиз каракчыларынын кошуундарынын мүчөлөрү. В. доору деп 8-кылымдан 9-кылымдын ортосуна чейинки мезгил аталат. Алар согушчан, мыкты жоокер болушуп, европалык элдерге чоң коркунуч туудуруп турушкан. В-ди Батыш европалыктар нормандар, Руста ж-а Византияда варягдар деп аташкан. В. башка жерлерге жортуулдарга аттануусуна аларда эгин эгүүгө жарактуу жерлердин тартыштыгы да себеп болгон. Байыртадан кеме жасоо өнөрүн мыкты билишкен скандинавиялыктар деңиз жолу аркылуу Түн. Америкага, Жер Ортолук деңизге чейин жетишкен. Алар талап-тоноочулук м-н гана чектелишпестен, чет элдиктер м-н соода-сатык мамилелерин да жүргүзүшкөн. О. эле алардын кошуундары жерг. башкаруучуларга жалданып кызмат өтөшкөн. В-дин башка элдерге жортуулдары 8-кылымдагы Франк мамлекетине жүрүшүнөн башталат. Кийинчерээк алар Англия, Шотландия, Ирландияга, орус жерлерине да жүрүштөрдү уюштурушкан. Франциянын түндүгүндө В-дин Нормандия герцогдугу түзүлүп, бул мамлекет 11-кылымдан Англияны, Түш. Италия м-н Сицилияны өзүнө багындырып, өз королдугун негиздеген. Исландия а-на отурукташкан В. Гренландияга, андан Түн. Американын жээктерине чейин жетип, конуштаган жерлерин Винланд, Маркланд, Хеллуланд деп аташкан. В-дин жоокерчилик жортуулдары 11-кылымда токто гон.
Ад.: Гуревич А. Я. Походы викингов. М., 1966.