ВИКТИМОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИКТИМОЛО́ГИЯ – криминологиянын ө з г өч ө б ө л ү м ү, кылмыштын курмандыгы – жабырлануучу ж-дөгү окуу. Жабырлануучу – кылмыш аракетинин кесепетинен жабыр тарткан жеке же юрид. жак, криминалдык кылмыштан жабырлануучулар, о. эле жабыр тарта элек, бирок өзүнүн жүрүм-туруму, көнгөн адаттары б-ча кылмыштан жабыр тартышы мүмкүн болгон жак (потенциалдык курмандык). Кылмыш аракети багытталган объектинин криминалдык күчүн көбөйткөн кудурет антивиктимдүүлүк катары каралат. Кылмыштан жабыр тартуучу жактар реалдуу же калетсиз (курмандык мүмкүндүгү), аныкталган же аныкталбай калган (катталбаган, эсепте жок), түз же болбосо кыйыр болушу ыктымал. Учурда виктимдүүлүк катары субъектинин моралдык-психикалык гана эмес, анын социалдык мүнөздөмөсү да (социалдык абалы, эсалуу учурундагы, үйбүлөдөгү, жекече жашоо турмушундагы, өндүрүштүк жумуштагы орду, кызмат абалы ж. б.) каралат. Виктимдүү социалдык статустарга мисал катары: кароолчу, кассир, инкассаторлорду киргизүүгө болот. Эларалык келишимдерде, нормативдик актыларда, макулдашууларда аялдар, балдар, карылар ж-а майыптар социалдык статусу жогорку мүнөздөгү виктимдүүлүккө ээ субъектилер катары өзгөчө белгиленип, коргоого алынышы каралган. Криминологияда мындан тышкары жашоо-тиричилик чөйрөсүнө, иштеген жумушуна ылайык башка социалдык статуска ээ адамдардын виктимдүүлүгү (жалданып иштөө, жыныстык, кумар чөйрөсүндө ж. б.) белгиленет. Юрид. жактардын виктимдүүлүгү да алардын жүргүзгөн иш-аракетине жараша болот. Мис., компьютердик кылмыштар көбүнчө банктарга ж-а анын кардарларына багытталат.
Өзүн-өзү коргоо кудуретин төмөндөтүүчү кырдаалдар да болушу мүмкүн, ал виктимдүү кырдаалдар деп аталат. Мис., караңгы аймак, түнкү мезгил, ээн калтырылган үй, ээн талаа, ээн жол. Мындан тышкары виктимдүү кырдаалга үйбүлөдөгү көптөн бери созулуп келе жаткан жаңжал, аскер кызматын өтөп жүргөн катардагы жоокерлердин ортосундагы чыр-чатактар да кирет. А. Ш. Шаршеналиев.