ВИКТОРИЯ (шаркыратма): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИКТО́РИЯ 1 – Дүйнөдөгү эң ири шаркыратмалардын бири, Түш. Африкадагы Замбези д-нда. Бийикт. 120 м, туурасы 1800 м. ГЭС курулган. Туризм өнүккөн. Шаркыратманы жерг. эл Моси-Оа-Тунья («дүңгүрөгөн түтүн» деген мааниде)


же Сеонго («Көкжеле») деп атайт. Суусунун орт. чыгымы 1400 м3/сек чамасында (өтө өзгөрүп турат). Виктория-Фолс (Зимбабведе) ж-а Моси- Оа-Тунья (Замбияда) улуттук парктарынын курамында. Шаркыратманы 1855-ж. Д. Ливингстон ачып, аны англ. королеванын урматына атаган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.