ВИЛАЯТ-И ФАКИХ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИЛАЯТ-И ФАКИХ (персче: мыйзамды билген уламанын башкаруусу, бийлиги) – мусулман жамаатында бийликтин имамдан имамга мурасталып өтүп турушун туура деп эсептеген шийит жол-жобосу. Анда имам-вали өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээ болгондуктан, Кудай аны бийлик жүргүзүү үчүн койгон делет. Ал үчүн он экинчи имамдык «кайып болгонуна» байланыштуу, ал жокто жамаатты жетектеп, Кудайдын эркин ж-а имамдын көрсөтмөлөрүн калайыкка жеткирип турган анын өкүлү бүтүндөй жамаатка таанылган, эң абройлуу, бардыгын билген, кынтыксыз, мужтахид (мусулман, сопулукюрид. илимдин жогорку даражасына эгедер
адам) болушу керек. Көпчүлүк шийит уламалары м-н диний жетекчилер абалкы ислам мезгилинде имам Халифатты жетектеген сымал, диний ж-а саясий бийликтин башында жогорку мужтахид туруп, ислам мамлекетинин тагдырын чечүүнү өз колуна алуусу абзел деп эсептешкен. В.-и ф-тин жол-жобосу тууралуу алда канча жалпыланган түрдө аятолла Хомейнинин «Ислам бийлиги» аттуу китебинде баяндалган. Бул жол-жобонун идеялары азыркы Ирандын конституциясын иштеп чыгууда теориялык негиз болгон.
М. Абдылдаев.