ВИЛЬГЕЛЬМ I: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИЛЬГЕ́ЛЬМ 1 I Гогенцоллерн (22. 3. 1797, Берлин – 9. 3. 1888, ошол эле жер) – Пруссия королу (1861–88), 1871-жылдан Германия императору. Кемакыл король Фридрих Вильгельм IVнүн тушунда (1858–61) регент болгон. Алгач либералдык реформаларды жактагандыгы тууралуу билдирип, кийин андан баш тарткан. 1862-ж. Отто фон Бисмаркты министр-президент кызматына чакырып, ошондон тарта анын Пруссияны күчтөндүрүү саясатын колдогон. Франция-Пруссия согушунун учурунда пруссиялык аскерлердин башкы командачысы катары Седандын алдында Наполеон IIIнүн капитуляциясын кабыл алган. 1871-ж. Бисмарктын таасириндеги германиялык монархтардын император болуу сунушун кабыл алып, Германия империясынын түзүлүшүнө негиз салынган. Иш жүзүндө анын тушунда Пруссияны, кийин Германия империясын Бисмарк башкарган.