ВИЛЬСОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ЛЬСОН , У и л с о н Томас Вудро (28.12.1856, Стантон – 3.2.1924, Вашингтон) – АКШнын 28- президенти.

Принстон ун-тин бүтүргөн (1879). 1883-ж. ил. карьерасын баштап, 1886-ж. философия доктору наамын алган. 1890–1902-ж. проф., 1902–10-ж. Принстон ун-тинин президенти, 1910–12-ж. Нью-Жерси шт атынын гу бернат ору . 1913–21-ж. Демокр. партиядан АКШнын Президенттигине шайланган. «Жаңы эркиндиктер» деп аталган программасын иштеп чыгып, анда атаандаштыкты колдонуу, коррупция м-н күрөшүүнү күчөткөн. Тышкы саясатта алгач бейтарап абалды сактоону жактап, кийин Германияга каршы согушка катышуу чечимине келген. 1917-ж. 6-апрелде АКШ Германияга каршы согуш жарыялаган. Ушундан тарта В. согуштан кийинки дүйнөлүк тартип орнотуунун негизги принциптерин камтыган «14 пункт» деп аталган программасын иштеп чыккан. Анын бир пунктунда камтылган эларалык коопсуздукту камсыз кылуу б-ча мамлекеттер аралык уюмду – Улуттар Лигасын түзүү идеясы согуштан кийинки Париж тынчтык конф-ясында ишке ашкан, бирок, анын бул идеясын АКШнын Сенаты колдобой, Версаль тынчтык келишимин (1919) ратификациялоодон баш тарткан. Президенттик мөөнөтү аяктаган соң, В. саясий ишмердүүлүгүн токтоткон.