ВИЛЬСОН КАМЕРАСЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ЛЬСОН КАМЕРАСЫ – заряддуу бөлүкчөлөрдүн кыймыл издерин байкоого ылайыкталган прибор. 1912-ж. англ. физик Ч. Вильсон түзгөн. Анын иштөө принциби өтө каныккан буунун конденсацияланышына, б. а. заряддуу бөлүкчөлөрдүн өткөн жолунда майда суу тамчыларынын пайда болушуна негизделген. Иондордо тамчы пайда кылуучу өтө каныккан буунун чоңдугу буунун табиятына ж-а иондун зарядына көзкаранды болот. Алсак, суу буусу көбүнчө терс иондордон конденсацияланса, этил спиртинин буусу оң иондон конденсацияла нат.
Өтө каныккан буу камеранын көлөмүн бат кеңейтип, темп-ранын кескин төмөндөшүнүн натыйжасында пайда болот. В. к. негизинен элементардык бөлүкчөлөрдүн ж-а космос нурларынын физикасын изилдөөдө колдонулат.