ВИНДХУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИ́НДХУК – Намибиянын борбор шаары. Өл­көнүн борб. бөлүгүндө, деңиз деңг. 1650 м би­йиктикте жайгашкан. Калкы 277,3 миң (2006). Жолдор тоому. «Хосиа Кутако» эларалык аэро­порту бар. Шаар 1890-ж. негизделген. Кафедра­луу собор, немис форту, шаарды курчаган тоодо немис неоготика стилинде салынган 3 сепил ж. б. сакталган. Өлкөдөгү эң чоң китепканасы, Намибия ун-ти (1992), Политех. ин-т, Улут­тук музей (1958), Улуттук иск-во гал., Зооло­гия багы бар. Жыл сайын пиво фестивалы (ок­тябрда Мюнхенде болуучу «Октоберфеста» фестивалынын аналогу) өткөрүлөт.

Шаардын көрүнүшү.


Каракөл көрпө­сүн соодалоочу дүйнөдөгү эң ири борбор. Тамак­аш (а. и. пиво кайнатуу, эт консервасы), тигүү, самын кайнатуучу, жыгаччылык, эмерек, ма­шина куруу өнөржай ишканалары иштейт.