ВИНИЛХЛОРИД: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИНИЛХЛОРИ́Д , х л о р д у у в и н и л, СН2=СНСl – эфир жыттанган түссүз газ; мол. массасы 62,50, кайноо t–13,8°С; сууда начар, хлороформдо, дихлорэтанда, эфирде жакшы эрийт. Галогендүү суутектер, галогендер м-н оңой кошулуп, ди­ж-а тригалогенэтандарды пайда кылат. Молекуласында кош байланыш болгон­дуктан, олефиндерге мүнөздүү реакцияларга


кирет. В-ге НСl этиленге караганда оңой кошу­лат. Анын полимерлешүү реакциясы өтө маа­нилүү. В. окистенип, хлорацетальдегидди же формальдегидди пайда кылат. Ал өнөржайда ацетиленди, этиленди дихлорэтанга чейин хлор­лоп, андан НСlду бөлүү м-н алынат. Поливи­нилхлорид, винилхлорид ж-а метилхлороформ­ду алууда колдонулат.