ВИННИЦА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ННИЦА – Украинанын түш.-батыш бөлүгүндөгү шаар, Винница обл-нун адм. борбору. Калкы 351 миң (2006). Днепр бою дөңсөөсүндө, Түш. Буг д-нын боюнда жайгашкан. Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Алгач 1362- жылдан Литва чеби катары эскерилет. 1569-ж. Люблин униясы б-ча Польшанын, 1793-ж. Россиянын курамында болгон. Киев – Балтика темиржолунун курулушунан кийин В. ири соода борборуна айланган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде катуу талкаланган. Жыгач чиркөөлөр, иезуиттер (17-к.), доминикчилер (18-к.) ж-а капуциндер (18-к.) монастырлары сакталган. Ю. А. Гагарин атн. аянт ансамбли, Н. И. Пироговдун бальзамдалган сөөгү коюлган чиркөө-мавзолей, 9 ил.-из. ин-ту, ун-ттер, китепканалар, музейлер, муз.-драма, куурчак, камералык театрлар бар. Машина куруу (трактор, комбайндарга тетиктер), хим. (лак-сыр материалдары, синтездик кир жуучу каражаттар ж. б.), жеңил, тамак-аш өнөржай ишканалары иштейт.