ВИНОГРАДОВ Александр Павлович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИНОГРА́ДОВ 1 Александр Павлович [9 (21). 8. 1895, Санкт-Петербург–16. 11. 1975, Москва] – белгилүү орус геохимиги, СССР ИАнын акад. (1953) ж-а вице-президенти (1967), эки жолку Соц. Эмг. Баатыры (1949, 1975). Аскер-медицина ака­демиясын (1924) ж-а Ленин­град ун-тинин химия ф-тин бүткөн (1925). СССР

ИАнын В. И. Вернадский атн. гео­химия ж-а анализдик хи­мия ин-тунун директору (1947), Москва ун-тинин ка­федра башчысы (1953), проф. (1954). В. И. Вернадскийдин шакирти. Ил. эмгектери гео­химиянын, биогеохимиянын ж-а космохимия­нын ар кандай проблемаларын изилдөөгө ар­налган. Кенбайлыкты издөөнүн биогеохимия­лык ыкмасын өнүктүргөн. Илимге изотоптор­дун геохимиясы аттуу жаңы багытты киргиз­ген. В. И. Ленин атн. сыйлыктын (1934), эки жолу СССР мамл. (1949, 1951) ж-а Лениндик сыйл. (1961) лауреаты, М. В. Ломоносов атн. ал­тын медалдын ээси (1973). 6 Ленин ордени м-н сыйланган. В. ысымынан РИАнын Сибирь бөлү­мүнүн Геохимия ин-тту (Иркутск ш.) ж-а Хибин­ден табылган минерал (виноградовит) атал ган.



Эмг.: Геохимия редких и рассеянных химичес­ких элементов в почвах. 2-е изд. М., 1957; О проис­хождении вещества земной коры//Геохимия. 1961. ¹1; Введение в геохимию океана. М., 1967; Химия планет // Наука и человечество. М., 1 968.

Ад.: А. П. Виноградов. 2-е изд. М., 1977.
33*