ВИНОГРАДОВ Виктор Владимирович: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИНОГРА́ДОВ 2 Виктор Владимирович [31.12. 1894 (12.1.1895), Зарайск – 4. 10.1969, Москва] – тилчи, адабиятчы, СССР ИАнын академиги (1946). Петроград тарых-филология ин-тун ж-а Археология ин-тун бүтүргөн (1917). Ленинград (1920–29) ж-а Москва (1930–62) ун-ттеринин проф., Москва ун-тинин орус тил кафедрасынын башчысы (1945–69),

СССР ИАнын Тил илими ин-тунун (1950–54), СССР ИАнын Орус тил ин-тунун (1958–68) директору, СССР ИАнын Тил ж-а адабият бөлүмүнүн академик-секретары (1950–63), «Boпросы языкознания» журналынын редактору (1953–69). В. орус адабий тилинин граммат. түзүлүшүн, тарыхый стилистикасын, фразеологиясын, лексикологиясын терең изилдеп, жалпы тил илиминин маселелери б-ча да ил. эмгектерин жазган. Ал «17– 19-кылымдардагы орус адабий тилинин тарыхы боюнча очерктер» (1934), «Орус тили. Сөз тууралуу грамматикалык илим» (1947), «Пушкин жана орус адабий тилинин тарыхы» (1935), «Пушкиндин стили» (1941), «Көркөм проза тууралуу» (1930), «Көркөм адабияттын тили жөнүндө» (1959), «Стилистика. Поэтикалык сөздүн теориясы. Поэтика» (1963) аттуу белгилүү эмгектердин автору. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.