ВИРГИН АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИРГИ́Н АРАЛДАРЫ , В ё р ж и н (Virgin Islands) – Вест-Индиядагы шуру рифинен түзүлгөн майда аралдар тобу (100дөн ашык). Кичи Антил аралдары архипелагынын түн. бөлүгүндө, Пуэрто-Рико а-нан чыгышта жайгаш­кан. Атлантика океаны ж-а Кариб деңизи м-н чулганат. Жалпы аянты 0,5 миң км2ден ашык. Мезозой-кайнозой заманынын акиташтегинен

Сент-Томас аралы.


түзүлгөн. Ири аралдарында (Сент-Томас, Торто­ла ж. б.) байыркы кристаллдык ж-а жанартоо массивдери кездешет. Бийикт. 527 мге чейин (Тортола а-ндагы Род-Таун чокусу). Климаты тропиктик, пассаттык, ысык (айлык орт. темп­расы 24°–26°С), дайыма нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1000–1500 мм); тез-тез ураган (ка­туу шамал) болуп турат. Тортола а-нда гана агын суу бар. Ферралит топурагы басымдуу. Дайыма жашыл нымдуу токоюнун 2/3 бөлүгү а. ч. жерлерине айландырылган. В. а. 1493-ж. Х. Колумб тарабынан ачылган. Аралдын ба­тыш бөлүгү АКШга, чыгышы Улуу Британияга таандык.
В и р г и н а р а л д а р ы АКШнын инкорпо­рацияланбаган (курамына кирбеген) аймагы. 68 аралды камтыйт (а. и. 65и майда ээн арал). Жал­пы аянты 352 км2. Калкы 112,3 миң (2006). Ири аралдары: Санта-Крус (Сент-Круа; аянты 212 км2; калкы 54,7 миң), Сент-Томас (80 км2; 52,9 миң), Сент-Жон (49 км2; 4,7 миң). Адм. борбору – Шарлотта-Амалия (Сент-Томас а-нда; калкы 10,4 миң). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Ички дүң продукция­сы 2,5 млрд долларды (АКШ; киши башына бөлүштүргөндө 17,2 миң; 2002) түзөт. ИДПде тейлөө чөйрөсү 80%ти түзүп, эмгекке жарамдуу калктын 80% ушул чөйрөдө, 19% өнөржай м-н курулушта, 1% а. ч-нда эмгектенет. Экономика­сынын негизин чет өлкөлүк туризм түзөт (ИДП- нин 70%). Жыл сайын 2 млнго жакын турист келет (негизинен АКШдан). Офшордук кызмат көрсөткөн банк-финансы сектору тез темп м-н өнүгүүдө. Өнөржай ишканалары негизинен Сан­та-Крус а-нда топтолгон. Нефть ажыратуучу ж-а глинозём ири з-ддору, электрондук прибор­лор, пластмасса, медикаменттер, кыл торко кийимдер, импорт компоненттерден саат жасоо­чу өнөржайлары иштейт. Кустардык колөнөрчү­лүгү (жыгачтан буюм жасоо) өнүккөн. Азык­түлүк негизинен сырттан алынат. Аймагынын 12%ин айдоо аянты, 3%ин көп жылдык өсүм­дүктөр ээлейт. Акжүгөрү, балкамыш, жашылча ж-а жемиштер өстүрүлөт. Санта-Крус а-нда мал асыралат. Автомобиль жолунун уз. 1,26 миң км. Ири порттору – Кристианстед, Фредерикстед (Санта-Крус а-нда), Шарлотта-Амалия (Сент-


Томас а-нда), Крус-Бей (Сент-Жон а-нда). Па­ром аркылуу Британиялык Виргин аралдары м-н байланышат. Эки эларалык аэропорту бар. Сырткы соодасын АКШ ж-а Пуэрто-Рико м-н жүргүзөт. Сыртка негизинен нефть продукция­сын чыгарат. Сырттан чийки нефть, азык-түлүк, күндөлүк керектелүүчү товарларды ж-а курулуш материалдарын а лат.

Б р и т а н и я л ы к В и р г и н а р а л д а­р ы Улуу Британиянын океан мейкиндигинде­ги алыскы аймагы. Жалпы аянты 153,4 км2 бол­гон 40 аралды камтыйт (а. и. 20га жакыны ээн арал). Калкы 22 миң (2006; 80% иммигранттар). Ири аралдары: Тортола (аянты 59,2 км2; калкы 18 миң), Анегада (38,6 км2), Вержин-Горда (21,2 км2). Адм. борбору – Род-Таун (Тортола а-нда; калкы 8,6 миң). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары. Ички дүң про­дукциясынын көлөмү 12,5 млрд долларды түзөт (киши башына бөлүштүргөндө 38,5 миң доллар). Экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (ИДП- нин 90%; калктын 90% иштейт), о. эле туризм, финансы кызматы түзөт. Жыл сайын 500 миң­ге жакын турист келет (негизинен АКШдан). 1980-жылдын орто ченинен дүйнөлүк масштаб­дагы офшор борборуна айланган; негизинен офшордук фирмаларды каттоо м-н алектенет. 350 миңге жакын коммерциялык, 400гө жакын камсыздандыруу компаниялары, 2,6 миңден ашык пай фонддору бар (2002). Туз, кум ж-а шагыл казылып алынат. Ром өндүрүшү, куру­луш материалдар, кийим-кечек, сейилдөөчү ке­мелерди куруу ишканалары иштейт. Топурагы­нын күрсүздүгүнөн а. ч. жакшы өнүккөн эмес; азык-түлүккө болгон муктаждыктын 9/10 бөлү­гүн гана камсыз кылат. Үй куштары, бодо мал асыралат. Жашылча-жемиш, балкамыш, банан, кокос жаңгагы өстүрүлөт. Балык кармалат (жы­лына миң т). Автомобиль жолунун уз. 177 км (2002). Аралдар ортосунда ж-а АКШнын Вир­гин Аралдары м-н паром аркылуу байланышы бар. Биф-Айленд а-нда (Тортола а. м-н көпүрө аркылуу байланышат) эларалык аэропорту бар. Импортко караганда экспорт басымдуу. Негиз­ги соода шериктери – Пуэрто-Рико, АКШнын Виргин аралдары, АКШ.

Ад.: Виргинские острова // Большая Российская энциклопедия. Т. 5. М., 2006. Р. Карачалова.