ВИРТУАЛ ЧЫНДЫК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИРТУА́Л ЧЫНДЫК (Virtual Reality), ВЧ – мультимедиа колдонмолорунун бири. Анда компьютер жасалма чөйрө түзөт, интерактивдүү режимде айлана-чөйрөнү изилдеп, аны өзгөртө алат . В Ч программал ык жабдыгынын эң жөнөкөй түрү жер, ландшафт же имараттардын көлөмүн чыгарууга мүмкүндүк берет ж-а алардын констр-сын көрсөтүүдө колдонулат. ВЧ программалык жабдыгынын кийинки түрү жасалма чөйрөдө адам тажрыйба жүргүзүшү үчүн атайын баш кийим, костюм, колкап, көзайнек ж. б-ды кийип алат. Баш кийим жасалма чөйрөнү көздүн алдына алып келип көрсөтөт. Костюм ж-а колкап виртуал айлана-чөйрөдө буюмду кармоого ж-а тандоого мүмкүндүк берет. Адис эксперттердин айтуусуна караганда, костюм келечекте жыт сезүүнү, мамиле түзүүнү туюндуртат ж-а виртуал дүйнөнү сездиртет. ВЧ көлөмдүү электрондук оюндарды сунуш кылат. Мындай оюндарда атайын видеоиздегич машинада гене- рацияланган айлана-чөйрөнү көрүүнү уюштурат. Электрондук оюн ландшафттын ичинде аткарылат, машина оюнунда датчик кыймылды жазат ж-а тиешелүү түрдө алдыга жүргөндө ландшафтты өзгөртөт. Компаниялар ВЧни коммерцияга колдонушууда. Мис., офис эмерегин сатуучу компаниялардын виртуал көргөзмө залында коюлган эмеректерди кардар карап, керек болсо жылдырып көрө алат. Автомобиль ж-а самолёт куруучулар алардын жаңы үлгүлөрүн текшерүү үчүн виртуал прототиптерди колдонушат, бул долбоорлоо убактысын кыскартат. О. эле компьютердин ВЧ колдонмосу кызматкерлерди кесипке окутууда, тармактык ВЧ үч өлчөмдүү сүрөттөлүштү көрсөтүүдө, аларды интерактивдүү режимде иликтөөгө ж-а өтө тез иштөөгө (манипуляциялоого) болот. Көпчүлүк тармакка негизделген ВЧ колдонмолору виртуал чындыкты үлгүлөөчү тилди [ВЧҮТди (VRML)] пайдаланып иштелип чыгып, эмерек коюлган бөлмө сыяктуу үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Чычканды кыймылдатып, ВЧ бөлмөнүн ичинде басып жүрүүгө болот.