ГРИГОРОВИЧ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГРИГОРО́ВИЧ Юрий Николаевич (2. 1. 1927-ж. т., Ленинград) – балет артисти, балетмейстер-хореограф, педагог, публицист, СССР эл арт. (1973), өзбек ССРинин эл арт. (1981), Казакстандын эмг. сиң. ишмери (1995), Башкырстан Респ-нын эл арт. (1996), Соц. Эмг. Баатыры (1986),

СССР мамл. сыйл. лауреаты (1977, 1985). Ленинград хореогр. окуу жайын бүтүргөн (1946). 1964-ж. чейин Ленинград опера ж-а балет театрынын солисти, 1962–64-ж. ушул театрдын балетмейстери, 1964–95-ж. Чоӊ театрдын башкы балетмейстери. Ленинград опера ж-а балет театрында коюлган С. Прокофьевдин «Таш гүл» (1957), А. Меликовдун «Сүйүү тууралуу баян» (1961), П. Чайковскийдин «Щелкунчик» (1966, Чоӊ театр; 1973, Вена) спектаклдери балетмейстерлик чыг-лыгынын өсүшүнө түрткү берген. 1970-ж. П. Чайковскийдин«Ак куу көлү», 1973-ж. «Уйкудагы сулуу» балеттеринин жаӊы редакциясын койгон. А. Хачатуряндын «Спартак» балетинде элдик-баатырдык теманы классикалык бийдин каражаттары аркылуу ачып берген (1968; Лениндик сыйл., 1970). С. Прокофьевдин «Иван Грозный» (1975), «Ромо-Джулетта» (1979), А. Эшпайдын «Ангара» (1976; СССР мамл. сыйл., 1977), Д. Шостаковичтин «Алтын кылым» (1982), А. Глазуновдун «Раймонда» (1984), А. Адан – Ч. Пунинин «Корсар» (1994) ж. б. балеттерди койгон. 1973-жылдан Ленинград консерваториясында педагог. Ата мекенге сиң. эмг. үчүн I-, II-, III-даражадагы ордени (2002, 2007, 2011), Ленин ордени (1976, 1986) ж-а бир нече медалдар м-н сыйланган.