ВИРТУАЛ ЭС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИРТУА́Л ЭС (Virtual memory) к о м п ь ю т е р­д е – эске тутуучу ж-а эсти бөлүштүрүүчү түзүлмө. Ал тез эстин көлөмүн чоңойтот, себеби иштетүү системасы дисктин белгилүү гана өлчөмдөгү бөлүгүн колдоно алат ж-а көп маселелүү иш­тетүү системаларында бир учурда тез эсти кол­донуучу программалар санын көбөйтүүдө пай­даланылат. Иштетүү системасы В. э. жок учур­да аткарылып жаткан программаны толугу м-н тез эске, ал эми В. э-ке учурда аткарылып жаткан программанын үлүшүн гана жүктөйт. Иштетүү системаларынын В. э-ти башкаруу жолу б а р а к т о о деп аталат. Белгилүү сандагы байт барак деп аталат ж-а барактоо учурунда дискеттен эске зарыл учурда берилиш­тер же программанын көрсөтмөлөрү барактарга бириктирилип, жиберилип турат. Барак өлчөмү 512ден 4000 байтка чейин болуп, барактын так өлчөмүн иштетүү системасы аныктайт. Эгер ко­шумча барак талап кылынса, анда иштетүү сис­темасы кошумча орун даярдайт; ал үчүн бир же бир нече баракты эстен дискке кайтарат.