ВИРУНГА (жанар тоо тобу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИРУ́НГА 1 , М у ф у м б и р о – Чыгыш Африка­дагы жанартоо тобу. Конго Демокр. Респ-нын, Уганданын ж-а Руанданын аймагында. Чыгыш Африка рифт системасынын батыш бөлүгүндө, Киву көлүнүн түн. тарабында жайгашкан. Чы­гыштан батышты карай 80 км аралыкка созу­лат. Батышында аракеттеги 2 (Ньирагонго, Ньямлагира), борб. бөлүгүндө ж-а чыгышында өчкөн 6 (а. и. Кирисимби, бийикт. 4510 м – В-нын эң бийик жери; Микено – 4437 м ж. б.) ж-а 400дөн ашык (бийикт. 50–150 м) өчкөн ж-а аракеттеги жанартоолор бар. Базальт ж-а тра­хиандезит тектеринен турган лава конустары басымдуу. Аракеттеги жанартоолордон көбүнчө лава чыгат. В-нын эң активдүү Ньямлагира жа­нартоосунда 1912–13, 1938–40-жылдары катуу атылуулар катталган. Жанартоолордун этегин­де лавалуу түздүктөр пайда болгон. В-нын ай­магында өтө катуу жертитирөөлөр болот. Ай­рым бөлүктөрү В. ул. паркынын чегинде.