ВИРУСОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИРУСОЛО́ГИЯ (лат. virus – уу ж-а ...логия) – вирустар ж-а вирус оорулары ж-дөгү илим. В. 19-кылымдын аягында микробиологиядан өзүнчө илим катары бөлүнүп чыккан. Вирус оорулары өсүмдүк, жаныбар ж-а кишиде кеңири таралгандыктан, В. медицина ж-а биология илимдеринде маанилүү орунду ээлейт. Ал жалпы, мед., ветер., өсүмдүк ж-а жаныбарлардын В-сы ж-а мол. биология болуп бөлүнөт. Жалпы В. вирустардын табиятын, мол. түзүлүшүн, тиричилигин, көбөйүшүн, таралуусун, биохим. касиеттерин, генетикасын, кишиге, айбанат ж-а өсүмдүк дүйнөсүнө тийгизген зыянын, пайдасын ж. б. изилдейт. Мед. В. оору козгоочу вирустарды, алар пайда кылган оорулардын алдыналуу, диагноз коюу ж-а дарылоо чараларын иштеп чыгат. Кырг-нда В-лык изилдөөлөр КР УИАнын Биотехнология ин-тунда ж-а КРдин саламаттык сактоо министрлигинин Микробиология, эпидемиология ж-а гигиена ил. -из. ин-тунда жүргүзүлөт.