ВИРУС ООРУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́РУС ООРУЛАРЫ – вирустар козгоочу оорулар. Алар м-н киши, айбанаттар, куштар, балыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт. Вирустардын клеткалар м-н өзара аракетинен түрдүү жугуштуу оорулар пайда болуп, тез өөрчүгөндө клетка өлөт. Кээде вирус клеткага өзүнүн зыяндуу таасирин көпкө чейин билгизбей, оору узакка созулуп, өнөкөт түрүндө өтөт. Катуу кармаган вирус инфекциясына караганда билинбей өтүүчү инфекция (учук, полиомиелит, грипп, энцефомиелит ж. б. оорулар) көп кездешет. Бул ооруларды пайда кылган вирустар организмде көпкө чейин (айрым учурда өмүр бою) билинбей сакталат. Айлана-чөйрөнүнүн ар кандай терс таасиринин (суукка урунуу, күн ж-а рентген нурлары, хим. заттар, психикалык стресс ж. б.) натыйжасында клеткада билинбей жаткан вирустар жанданып, алардын оору козгоо жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Кээ бир В. о-нда жалпы дене жабыркайт ж-а ууланат (кызылча, грипп, чечек, кутурма ж. б.), айрымдарында тери же былжыр ч ел (учук, папиллома), орган ж-а ткань (жүрөк, булчуң, боор) сезгенет, о. эле лейкоздор (кандын рак оорусу) ж-а коркунучтуу шишик (саркома, рак) ж. б. түрүндө да өтөт. Вирустуу гепатит, кызылча, грипп, туберкулёз, полиомиелит, суучечек ж. б. оорулар кеңири таралган В. о-на кирет. Алар аба, тамак-аш, сүт, суу, түрдүү буюмдар, курт-кумурска (кене, чиркей) аркылуу жугат. Дарылоо оорунун белгилерине жараша жүргүзүлөт. Ооруну алдыналууда оорулууну өз убагында ооруканага жаткыруу, оорунун негизги булактарын жоготуу зарыл. В. о. катталып, статистикалык эсепке алынып турат. Чечек, вирустуу сары безгек оорулары б-ча Эларалык карантин конвенциялары бар. В. о-на каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт.